
Ирандын жанындабы же Американын каршысындабы?
Бүгүн “Кресттүүлөр союзу” деп мүнөздөлгөн АКШ жана баскынчы түзүм “Израил” тарабынан Иранга жасалган чабуулдар, бир эле мамлекеттин же режимдин чек араларын эмес, түздөн-түз Ислам топурактарын бутага алууда.
Ислам фикхинде бир жердин статусу анын кылыч же тынчтык жолу менен фатх кылынуусуна карап белгиленет. Иран аймагы, Умар (разияллоху анху) доорунда Ислам рисалаты менен таанышып, мушриктердин караңгылыгынан кутулган. Фикх китептеринде баса белгиленгендей, бир жолу мусулмандар тарабынан фатх кылынып, үстүндө Ислам өкүмдөрү колдонулган ар бир карыш жер кыяматка чейин Исламдын мүлкү болуп саналат.
Бул мүлкчүлүк фикхине таандык өкүм. Бул өкүм ал жердеги башкаруунун катасына, калкынын мазхабына же ал жерде эмне менен өкүм жүргүзүлүп жатканына көз каранды эмес. Ислам фикхине ылайык, бир аймак “Дарул Ислам” сыпатына ээ болгондон кийин, ал жерди коргоо бир гана жергиликтүү күчтөрдүн эмес, бүткүл дүйнө мусулмандарынын милдетине айланат. Анткени бул топурактар жеке адамдардын же улуттук мамлекеттердин эмес, түздөн-түз “үммөттүн” мүлкү.
Мусулмандардын жерлери бөлүнгүс бир бүтүн. Колонизатор кафирлер сызган жасалма чек аралар мусулмандардын бири-бирине жардам берүү жоопкерчилигин жоюп салбайт. Иранга, Иракка же Палестинага багытталган кресттүүлөрдүн чабуулу — түздөн-түз Исламга жана үммөттүн кадыр-баркына багытталган.
Ислам факихтери мындай кырдаалга байланыштуу мааниси боюнча төмөнкүдөй пикирди айтышкан:
“Бир Ислам аймагына душман кол салганда, ал жердеги мусулмандардын жардамына шашуу жакынкы бардык мусулмандарга парз. Анткени мусулмандардын коопсуздугу — бир бүтүн коопсуздук. Бир аймакта чектин бузулушу, бүткүл Ислам журтунун коопсуздугу жоголгонун билдирет. Калкы күнөөкөр болсо да, Ислам жерин коргобоо — чоң күнөө. Анткени корголо турган нерсе алардын күнөөсү эмес, Исламдын ал жерге баскан мөөрү болуп саналат”.
Бул өңүттөн караганда, Ирандын бомбаланышы жөн гана географиялык чабуул эмес, мусулмандарга таандык жерге жасалган чабуул катары көрүлүшү керек. “Мазхаб” шылтоосу менен бул чабуулдарга унчукпай калуу же ичинен сүйүнүү — бул колонизатор Батыштын кызыкчылыгына кызмат кылуу жана Ислам топурагынын ыйыктыгы тебеленишине көз жумуп коюу болуп саналат. Кафир бир союздун мусулман жерин тебелеп-тепсөөсүнө ыраазы болуу, “жакшы болуптур” деп айтуу — фикхий жана саясий жактан биримдик (вахдат) түшүнүгүнө сокку уруу болуп саналат. Анткени душман ал жерге шииттикти же сунниттикти жок кылуу үчүн эмес, Исламдын саясий жана географиялык салмагын жок кылуу, мусулмандарды алсыратуу үчүн кол салууда.
Ошондой эле, Ирандан баскынчы жөөт түзүмүнө карай атылган ар бир ракета жүрөгүндө “Израилге” кастыгы бар ар бир мусулманды кубантат, мунун тескерисин ойлоо да негизсиз.
Ислам аймагындагы базаларды кафирлердин кызматына берүү жана АКШга шартсыз баш ийген жетекчилер
Ислам географиясынын жүрөгүнө сайылган канжар сыяктуу чет элдик аскердик базалар, бүгүнкү күндө колонизатор Батыштын аймактагы эң чоң күчү. Бул базаларды кафирлердин колдонуусуна ачуу — мусулмандардын канынын төгүлүшүнө логистикалык колдоо көрсөтүү жана Ислам аймактарын кафирлердин бутасына айлантуу дегенди билдирет.
Ислам фикхинде мусулмандардын жерлерин жана мүмкүнчүлүктөрүн мусулмандарга каршы согушкан кафирлерге ачуу кескин түрдө арам кылынган. Бул боюнча айрым далилдер төмөнкүлөр:
“Аллах кафирлерге момундардын үстүнөн эч качан жол (бийлик, үстөмдүк) бербейт.” (Ниса сүрөөсү, 141).
Бул аят менен Раббибиз кафирлердин биз мусулмандар үстүнөн үстөмдүк кылышын арам кылган. Ислам жерлеринде аскердик база түзүү, ал аймактын бийлигин жана ачкычын кафирге тапшыруу таптакыр тыюу салынган. Бүгүнкү Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилер базаларыбызды кафирлердин колдонуусуна берип, аятка каршы иш кылышууда.
Бир Ислам аймагын бомбалоо үчүн учкан учакка күйүүчү май берүү, чалгындоо маалыматын бөлүшүү же ал учактын учуу тилкесин коргоо, база мүмкүнчүлүгүн берүү — “күнөө жана кастык иштерде кызматташуу” болуп саналат. Бул болсо аят менен кескин тыюу салынган: “…Күнөө жана кастык иштерде жардам бербегиле…” (Маида сүрөөсү, 2).
Өзгөчө Газадагы окуялар менен бирге жетекчилерге байланыштуу бир жагдай дагы ачыкка чыкты. Аймактагы жетекчилер өз калкынын ишенимине жана эркине каршы чыгып, өз тактыларын сактап калуу үчүн АКШнын жана Батыштын стратегиялык кызыкчылыктарына кызмат кылып жатышат.
Бул жетекчилер “стратегиялык союздаштык”, “улуттук кызыкчылык” же “тең салмактуулук саясаты” сыяктуу кооз сөздөрдүн артына жашынып, Инжирлик жана Күрежик сыяктуу радардык базаларды “Кресттүүлөр союзунун” колдонуусуна ачып беришти. АКШ баш болгон колонизатор кафирлерге көрсөтүлгөн бул “шартсыз баш ийүү” алардын биздин топурактарды өз короосундай колдонуусуна, каалаганын каалагандай жасоосуна жол ачууда.
Өз топурагын жана диндеш бир туугандарын коргоонун ордуна, тактысын сактоо үчүн АКШ менен союздаш болгон, үммөттүн байлыктарын бул агрессивдүү союзга сунуштаган жетекчилер Аллахтын алдына чоң күнөө менен барышат. Мусулман элдеринин жүрөгү биздин жерлерге атылган ар бир ракета менен кан ыйлап жатканда, жетекчилердин Трамп сыяктуулардан уруксат күтүшү, алардын жүрөгү Америка менен бирге согуп жатканы — бул жетекчилер өз калкынан эмес экенине чоң далил.
Дал ушул жерде биз таң калыштуу карама-каршылыкка туш болобуз: Иран режимин эч кандай чек койбой сындагандар (алардын күнөөсү башынан ашат, колу кандуу режим албетте сындалышы керек), бирок кеп АКШ жана Батыштын кызыкчылыгы менен шайкеш келген жергиликтүү жетекчилер жөнүндө болгондо терең жымжырттыкка батышат. Мына ушул жердеги чоң чалкештикке көңүл буруу керек.
Иран режимине карата ар кандай сын айтып жатып, өз топурагыбыздагы базаларды кафирлердин колдонуусуна уруксат берген жетекчилерге үн чыгарбоону эмне менен түшүндүрүүгө болот?
Бир тараптан мазхабдык көз караштан улам кошуна аймактын башына келгендерди “татыктуу болчу” деп кол чаап тосуп алуу, экинчи тараптан бул чабуулду жасаган “Кресттүүлөр союзуна” портторун жана аба мейкиндигин ачып берген жетекчилерди көрмөксөнгө салуу кайсы адилеттүүлүккө сыят?
Ирандын каталарын тилге алып жатып, жетекчилердин колонизатор кафирлер менен кызматташтыгына келгенде тилдин байланып калышы —кызыкчылык фикхинин көрүнүшү эмеспи? Тегерандын кылган күнөөлөрүнө катуу үн менен “зулумдук” дегендердин, Американын кыргын кылышына Инжирликти колдонуусуна уруксат берген саясий түшүнүккө акырын үн менен “тең салмактуулук саясаты” деп айтуу акылга жана шариятка сыя турган нерсеби?
Жыйынтыктап айтканда, Иран режиминин каталары ал аймактын кафирлер тарабынан талап-тонолушуна негиз боло албайт. Биздин позиция — колонизатор кафирлерге каршы мазлум (эзилген) аймактын жанында туруу жана топурактарыбыздагы бардык чет элдик базалардын токтоосуз жабылышын талап кылуу. Чыныгы аброй Америка менен союздаштыкта эмес, Аллахтын жибине (динине) бекем жабышууда. Чыныгы коопсуздук Батыштын коргоо калкандарынын астында эмес, үммөттүн өз калканы болгон Рашид Халифалыктын тиктелениши менен камсыз кылынат.
Теманы, мусулмандар өз ара чатакташып жаткан учурда аймакка кол салынса кафирлердин алдында кандай позицияда болушубуз керектигин көрсөткөн мисал менен бүтүрсөк:
Муавия менен Али (разияллаху анху) араздашып жаткан кезде, Византия императору Муавияны колдоп, Али менен согушуу үчүн Шамга карай жолго чыга турган кабарын билдирет. Катты алган Муавия төмөнкүдөй жазат:
“Эй Румдун ити! Эгер дагы бир кадам таштасаң, ант ичем, Али бин Абу Талиб менен болгон пикир келишпестигимди токтоосуз бир четке таштайм. Анын армиясынын алдыңкы кошууну болом жана сенин өлкөңдү астын-үстүн кылам! Сени ал тактыңдан сабизди жерден сууруп алгандай сууруп ыргытам!”. (Ибн Касир, ал-Бидая ван-Нихая).
Абдулла Имамуулу




