Басма сөз

1447-хижрий Шавваль айын күзөтүүнүн жыйынтыгын жарыялоо

1447-хижрий Шавваль айын күзөтүүнүн жыйынтыгын жарыялоо

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Лаа илааха иллаллох. Аллаху Акбар, Аллаху Акбар валиллахил хамд.

Бисмиллахиррохманир рохиим. Аллахтын элчисине , анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ага жардам бергендерге салават жана салам болсун. Абу Хурайра разияллаху анху риваят кылган хадисте Имам Муслим өзүнүн Сахих китебинде Мухаммад бин Зияд аркылуу мындай риваят кылган:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلَاثِينَ».
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Ушуга ылайык, ушул мубарак түнү т.а. шаршембиден бейшембиге караган түнү Шавваль айынын хилалын текшерүүдөн кийин, айрым мусулман өлкөлөрүндө айдын көрүнүшү шарий тастыкталды. Ошондуктан эртең, бейшемби күнү — Шавваль айынын биринчи күнү жана куттуу Орозо айт майрамы болуп эсептелет.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен өз куттуктоомду жана Хизб ут-Тахрир партиясынын борбордук маалымат бөлүмүндөгү бардык кызматкерлердин атынан Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ато ибн Халил Абу Руштага куттуктоо жолдойбуз. Аллахтан аны жеңишке жеткирүүсүн жана анын колу менен бизге жеңиш жана үстөмдүк берүүсүн, кечиктирбестен ага мусулмандардын халифасы катары байъат берүүнү насип кылуусун сурайбыз.

Чындыгында, Хизб ут-Тахрир партиясы өз амири, жигиттери жана кыздары менен дүйнөнүн бардык жерлеринде Аллахка дуба кылат. Бул жылдагы Орозо айт Ислам үммөтү үчүн сүйүнүчтүү кабар болсун жана бул майрам үммөт Аллахтын нусраты менен Халифалыкка, күч-кубатка жана коопсуздукка жеткен абалда кайтып келсин.

Быйылкы Орозо айт мусулман өлкөлөрүндөгү окуялар тездик менен өзгөрүп жаткан чакка туш келүүдө. Бул окуялар ислам үммөтүнүн жүрөгүнө сабактарды жана ибраттарды терең түшүрүп, аны жаңылыш түшүнүктөрдөн жана куру кыялдардан арылтууда. Ислам үммөтү үчүн ачык-айкын жана талашсыз далил менен көрүнгөн нерсе: колонизатор каапыр Батыштан жардам суроо, же анын ыраазылыгын алуу үчүн анын кызыкчылыктарына кызмат кылуу же анын зыянынан сактануу деген жүйө менен ага таянуу — бул толук зыяндуу соода. Муну кылган адам бул дүйнөдө да, акыретте да шермендечиликтен башка эч нерсе албайт.

Мына, мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары үммөттүн байлыгынан миллиарддарды, кийин триллиондогон долларларды Трампка берип, Американын «коргоосун сатып алабыз» деген шылтоону айтышты. Бирок Америка алардын өлкөлөрүндө согуш отун тутантты. Ал тургай Трамп аларды өзүнүн кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн согушка кошо кирүүгө мажбур кылууда.

Ошондой эле Иран ондогон жылдар бою Америка орбитасында айланып келди. Ал Американын Афганистан менен Иракты басып алуу иштерине кызмат кылды. А түгүл, Ирандын мурдагы президенттеринин бири: «Эгер Иран болбогондо, Америка бул эки өлкөнү басып алууда ийгиликке жетмек эмес» деп ачык айткан. Бирок ошого карабастан, Америка Ирандын бул «жакшылыгын» тааныган жок. Ага согуш жарыялады, ал тургай анын жетекчисин өлтүрүп, режимин кулатууга аракет кылууда.

Мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялар бизди эки маселенин үстүндө токтолууга мажбур кылат. Биринчи маселе:
Колонизатор каапыр Батыш
тын зыянынан сактануу же ыраазылыгын алуу үчүн аны менен жакындашууга чакырган бардык чакырыктар окуялар далилдегендей, саясий өзүн-өзү өлтүрүүдөн башка эч нерсе эмес. Анын акыбети мындай адамдар үчүн кыйроо жана кыйратуудан башка нерсе менен бүтпөйт. Мындан тышкары, бул иш арам болуп, Аллахтын Элчиси ﷺ дын манхажына жана рошид халифалар жүргөн жолго каршы келет. Ошондой эле бул дүйнөдө да, акыретте да Аллах Тааланын каарын алып келет. Аллах Таала айткан:
{ یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ لَا تَتَّخِذُوا۟ عَدُوِّی وَعَدُوَّكُمۡ أَوۡلِیَاۤءَ تُلۡقُونَ إِلَیۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَقَدۡ كَفَرُوا۟ بِمَا جَاۤءَكُم مِّنَ ٱلۡحَقِّ یُخۡرِجُونَ ٱلرَّسُولَ وَإِیَّاكُمۡ أَن تُؤۡمِنُوا۟ بِٱللَّهِ رَبِّكُمۡ إِن كُنتُمۡ خَرَجۡتُمۡ جِهَـٰدࣰا فِی سَبِیلِی وَٱبۡتِغَاۤءَ مَرۡضَاتِیۚ تُسِرُّونَ إِلَیۡهِم بِٱلۡمَوَدَّةِ وَأَنَا۠ أَعۡلَمُ بِمَاۤ أَخۡفَیۡتُمۡ وَمَاۤ أَعۡلَنتُمۡۚ وَمَن یَفۡعَلۡهُ مِنكُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَاۤءَ ٱلسَّبِیلِ }

«Эй момундар, Менин да душманым жана силердин да душманыңар (болгон мушриктер)ди дос тутпагыла! Силер аларга достук (тууралуу кат-кабар) жибересиңер, акыйкатта алар силерге келген Чыныгы (дин жана Куран)га каапыр болушкан!» (Мумтахана: 1).

Экинчи маселе: Мусулмандар Батыш колонизатор каапыр күчтөрү жана алардын малайлары таратып жаткан: «мусулман элдери өз бийлигин кайра кайтарып алууга күчү жетпейт» деген сөздөрүнө алданбашы керек. Батыштагы мүмкүнчүлүктөр көзгө көрүнгөндөн ары ашпайт. Дүйнө «дүйнөдөгү эң күчтүү аскерий күч» деп жарнамалаган Америка да убада кылгандай, Иран менен болгон согушта каалаган натыйжасына жетише алган жок. Алар бул согуш Венесуэлада жасаган иштериндей жеңил болот деп көрсөтүшкөн. Бирок согуш узарып, татаалдашып кетти. Натыйжада Трамп жана анын кызматчылары кысымга туш болуп, Ирандын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жок кылдык деген жалган билдирүүлөрдү арты-артынан айта башташты. Чынында болсо, алар өздөрү түшүп калган туңгуюктан чыгуу жолун издеп жатышат. Ошондуктан, ушул куттуу мүмкүнчүлүктө Ислам үммөтүн чакырабыз: душманынын текебердигине карабастан, өзүнүн майрамындагы кубаныч сезимдерин жандантсын. Быйылкы Орозо айт майрамын жеңишке жана үстөмдүккө үмүт артуунун бир баскычы кылсын. Ошондой эле, Халифалык – бул Аллахтын Элчиси көрсөткөн саясий система экенин эсинен чыгарбасын. Ал сахабалар разияллаху анхум иш жүзүндө колдонгон система. Ал система Ислам үммөтүнө тарых бою күчтүүлүктү камсыз кылган. Үммөт эч качан анын көлөкөсүнөн башка жерде иззатка жеткен эмес. Ошондуктан үммөт бүгүн аны кайра тикелөө үчүн ишке киришип, аны өзүнүн тагдыр чечүүчү маселеси кылышы керек.

Чындыгында, Хизб ут-Тахрир партиясынын жигиттери бул улуу фарзды кайра орнотуу үчүн керектүү даярдыкты т.а. исламий сакофатты жана саясий аң-сезимди даярдап келишти. Алар силердин араңарда жана силер менен бирге болуп, колдорун силерге сунууда. Балким, Аллах бизди жана силерди жеңишке жана үстөмдүккө жеткирер. Бул тууралуу Аллахтын Элчиси бизге жабыр көрсөтүүчү падышалыктан кийин эмне болорун сүйүнчүлөгөн. Хузайфа разияллаху анху риваят кылган: Пайгамбар мындай деди:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، ثُمَّ سَكَتَ».

Андан кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Андан соң ал унчукпай калды

Айтыңар мубарак болсун!

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.

Бейшемби түнү,

1447-х. Жыл, Шавваль айынын биринчи күнү,

2025-м. жыл ,19-март.

Салахуддин Азаза

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button