2025-жылы жарым миллион «акылдуу» эсептегич орнотулду

2025-жылы жарым миллион «акылдуу» эсептегич орнотулду
2025-жылы Кыргызстанда электр энергиясы үчүн «акылдуу» эсептегичтер рекорддук санда — 500 миң даана орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдап, жыл башында бекитилген план толугу менен аткарылганын белгиледи.
Жалпысынан 2022–2025-жылдар аралыгында өлкөдө 724 290 эсептегич алмаштырылды. 2022-жылы 36 905 эсептегич орнотулган, 2023-жылы 55 357, 2024-жылы 131 149, ал эми 2025-жылы 500 879 даана «акылдуу» эсептегич орнотулду, бул долбоорду ишке ашыруудагы эң жогорку көрсөткүч болду.
Эске сала кетсек, ноябрь айынан бери электр энергиясын керектөө үчүн чектөөлөр киргизилген. Ага ылайык, электр энергиясынын кубаттуулугунун лимити эрте менен жана кечки убакта 5 кВттан 3 кВтка чейин төмөндөтүлгөн. Демек, аталган эсептегичтер бийликтин элге басым жасап, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруусуна гана салым кошуп жатат.




