Басма сөз

2026-жылы Бангладештеги шайлоо жыйынтыгы боюнча билдирүүлөр

Басма сөз баянаты

2026-жылы Бангладештеги шайлоо жыйынтыгы боюнча билдирүүлөр

Чыныгы түзүмдүк өзгөрүү жөнүндө унчукпай турган, үстүртөн айтылган “кооздоочу” чечимдер

Жакында Бангладеш Улуттук партиясы жана Бангладеш Жамаати Исламия партиясы өздөрүнүн кеңири шайлоо жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрүн жарыялашты. Айрым жагынан айырмачылыктары болгону менен, экөө тең Батыштын капиталисттик моделинен алынган мамлекет тууралуу түшүнүктү сунуш кылышты.

«Баарынан мурда Бангладеш» деп аталган Улуттук партиянын билдирүүсү демократиялык экономикага негизделген мамлекет куруу планына басым жасап, 2034-жылга чейин Бангладешти орточодон жогору кирешелүү өлкөгө айландырууну жана экономикасынын көлөмүн 1 триллион долларга жеткирүүнү көздөйт. Ал эми «Коопсуз жана гуманитардык Бангладеш билдирүүсү» деп аталган Жамаати Исламия партиясынын билдирүүсү ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү мамлекет түзүүгө түздөн-түз чакырып, адилеттүүлүккө, институттук реформаларга жана коомдук коргоого көңүл бурат.

Биз, «Хизб ут-Тахрир» партиясы / Бангладеш вилаяты, бул билдирүүлөр чыныгы эркиндикти жана эгемен өнүгүүнү камсыз кылууга жөндөмсүз, маңызы боюнча болгону формалдуу убадалар жана куру сөздөр гана экенин ачык билдиребиз. Анткени алар жаңы колониялык эксплуатациянын негизги механизмдерине, мисалы, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын айыл чарба субсидияларын кыскартуу, менчиктештирүү жана жергиликтүү өндүрүштү кыйратуучу саясаттар тууралуу талаптарына таптакыр каршы чыкпайт.

Бул партиялар түздөн-түз чет өлкөлүк инвестицияны жана ачык рынокторду даңазалап жаткан учурда, энергетика тармагы жергиликтүү активдерди «Chevron» жана «ExxonMobil» сыяктуу компанияларга, ал эми стратегиялык портторду жеке секторго өткөрүп берип, экономикалык көз карандылыктын уланышын камсыз кылышууда. Акыр аягында, бул эксплуатациялоочу капиталисттик түзүмдү бузууга жана коомдук байлыкты талап-тоногон «тамчылап өнүгүү» моделинен баш тартууга чыныгы милдеттенме болмоюнча, мындай билдирүүлөр элди жакырлыкка батырып, чыныгы боштондукка жолду жапкан түзүмдүк зулум менен коррупцияга альтернатива сунуш кыла албайт.

Негизинен, бул билдирүүлөр чыныгы түзүмдүк кризисти б.а. жергиликтүү элитанын гана кызыкчылыгына кызмат кылган капиталисттик системаны атайылап көз жаздымда калтыруу аркылуу шайлоочуларды алдоо аракетинен башка нерсе эмес. Эл түшүнүшү керек, саясий жетекчи алмашса да, эзүүчү капиталисттик система элдин кеңири катмарына зыян келтирип, аз сандагы элитага жана алардын колонизатор өнөктөштөрүнө гана байлык алып келүүнү уланта берет. Ошондуктан бул системаны түп-тамырынан жок кылбаган ар кандай убада — чыныгы боштондукка алып бара албаган үстүртөн “кооздоочу” өзгөрүү гана болуп саналат.

Эй инсандар! Саясий үстүртөн өзгөрүүлөрдүн тынымсыз айлампасы бийликти кемчиликтүү адамга таянткан ар кандай система негизинен бузук система экенин далилдейт. Бангладеште чыныгы адилеттүүлүк элитанын кызыкчылыгына кызмат кылган секулярдык капиталисттик моделдер аркылуу орнобойт. Жалгыз чечим — өкүм жүргүзүүдө бийлик Аллах Таалага таандык болгон негизде башкарууну орнотуу, анткени мыйзам чыгаруучу жалгыз Зат Аллах. Мындай системада Аллахтын шарияты менен башкарган татыктуу халифалар аркылуу адилеттүүлүк табигый түрдө жүзөгө ашып, адамзаттын фитратына шайкеш келет.

Ошондуктан бардык адамдарды эксплуатациядан жана көз карандылыктан чыныгы кутулуу жолу ушул илахий негизде экенин түшүнүүгө чакырабыз жана силерди пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн биригүүгө үндөйбүз. Анткени ал — адилеттүүлүктү камсыз кылууга, өз алдынча өнөр жайды өнүктүрүүгө жана үммөттүн кадыр-баркын кайра калыбына келтирүүгө жөндөмдүү жалгыз система. Бул тууралуу Аллах Таала убада кылган:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ﴾

«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну убада кылды». (Нур: 55).

Хизб ут-Тахрирди Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү

05.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button