Халифанын шарттары тууралуу

Халифанын шарттары тууралуу
Суроо: «Шахсия» китебинин экинчи томунда жана «Башкаруу түзүмү» китебинде халифанын шарттары тууралуу бөлүмдө курайш уруусуна таандык болуусу абзелдик шарт катары каралат деп жазылган. Бирок мен айрым фыкхый китептерде айрым аалымдар аны халифалык үчүн жарактуу болуунун انعقاد шарты катары эсептегенин окудум. Бул маселени канааттандыра тургандай аныгыраак түшүндүрүп бере аласызбы?
Жооп: Чынында, мусулмандардын негизги маселеси халифалыкты кайра тикелөө болуп саналат. Халифанын теги тууралуу терең изилдөө негизги маселе эмес. Ошондой болсо да «Шахсия» китебинин экинчи томунда жана «Башкаруу түзүмү» китебинде бул маселе боюнча жетиштүү түшүндүрмөлөр берилген. Бирок мен төмөндөгү жооп аркылуу бул маселени Аллахтын уруксаты менен шарият өкүмү боюнча тереңирээк түшүндүрүп берүүгө аракет кылам. Мунун жообу төмөнкүчө:
Биринчиден: Үч окуя бар, алар Пайгамбарыбыз ﷺдын сахабаларынын көзүнчө, көпчүлүктүн катышуусунда жүз берген сахих жана белгилүү окуялар. Бул үч окуя халифанын курайш уруусуна таандык болуусу негизги انعقاد шарт эмес, абзелдик шарты экенине жетиштүү далил болот. Бул окуялар төмөнкүлөр:
- Сакифа окуясы Ансарлардын жетекчилери Сакифада чогулуп, мусулмандарга халифа шайлоо тууралуу сүйлөшүп жатышкан. Бул тууралуу кабар угулган соң, Абу Бакр жана анын колдоочу адамдары аларга келишти жана ансарлар менен талкуу жүргүзүштү. Андан кийин алар الْأَئِمَّةُ مِنْ قُرَيْشٍ
“Имамдар курайштардан болушу керек» деген хадисти эскертишти. Ошондо эл тынчып, «Бизден бир жетекчи, силерден бир жетекчи болсун» дешти. Талкуу мындан ары уланып, акыры ансарлар: «Силер жетекчи болгула, биз жардамчы болобуз» дешти. Ошондо Умар (р.а): «Биз аларга: “Биз жетекчи болобуз, силер жардамчы болосуңар” деп айттык» деген риваят да бар. Акыры алар Абу Бакрга байъат беришкен.
Бул окуяга көңүл бурганыбызда, «Имамдар курайштардан болушу керек» деген хадис сахабалар тарабынан абзелдик шарты катары түшүнүлгөнүн төмөнкү далилдерден көрөбүз:
А. Ансарлар Аллах жана Анын Элчисинин ﷺ жардамчылары. Алар Пайгамбарыбыз ﷺ менен көп учурда бирге болушкан, ал ﷺ аларды жакшы көрчү, алар менен көп отурчу, жана мындай деген:
«لو سلك الأنصار وادياً وسلك الناس وادياً لسلكت وادي الأنصار»
«Эгерде ансарлар бир өрөөн менен кетип, калган эл башка өрөөн менен кетсе, мен ансарлардын өрөөнүн тандамакмын». Алар Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге жихад сапарларына чыгып, согуштарга катышып, анын хадистерин көп угушкан жана анын аракеттеринин көбүнө күбө болушкан. Ушундай сыпатка ээ болгон бул ансарлар Сакифа бин Саидада өздөрүнөн бирөөнү халифа кылып шайлоо үчүн чогулушкан. Бул болсо эки ыктымалды көрсөтөт. Алар الْأَئِمَّةُ مِنْ قُرَيْشٍ
“Имамдар курайштардан болушу керек» деген хадисти эч уккан эмес болушу мүмкүн (ушундай жакын болуп жүрүп укпай калуулары мүмкүнбү?), же уккан жана аны абзел шарты катары түшүнүшкөн. Эми бул маселени изилдеген адам кайсы жоопту туура көрөт? Алар бул хадисти билишкен деп эсептеген туурабы? Аны абзелдик шарты деп түшүнүшкөнү айкын эмеспи? Демек, алар бул хадисти билбей калган дей албайбыз.
Б. Абу Бакр رضي الله عنه бул хадисти мындайча түшүндүргөн: «Бул иш (халифалык) курайштардын уруусунан башкага таандык болушу мүмкүн эмес, анткени алар арабдардын урпактары арасында жана жер-жерлерде эң орточо, тең салмактуу болгон уруусу».
Башка риваятта бул сөздү Умар да айткан: «Арабдар бул ишти курайштардын ушул уруусунан башкасына таандык деп тааныбайт, анткени алар арабдар ичинен мекени жана теги боюнча эң орточо (тең салмакта) болгон уруусу».
Бул түшүндүрмөдөн так көрүнүп турат: «Имамдар курайштардан болушу керек» деген сөз, ошол учурда кээ бир амалий себептерге негизделген. Тактап айтканда, курайштар ошол учурда арабдардын лидерлери болгон жана арабдар алардын артынан гана ээрчишчү. Дагы, ал убакта мусулмандардын көпчүлүгүн арабдар түзгөн, жада калса толугу менен арабдар эле. Демек, арабдардын басымдуу бөлүгү халифа катары курайштардан бирөөнү шайлашмак, анткени алардын лидерлигин таанышкан. Бул Абу Бакр менен Умар الله عنهما رضي тараптан халифанын көпчүлүк мусулмандардын макулдугуна ээ болушу керек дегенине маанилүү ишара. Ошондуктан, эгерде мусулмандардын көпчүлүгү белгилүү бир кишини кааласа, демек анын теги кайсы уруудан болгонуна карабастан, ошол кишиге байъат берилет.
В. Умар رضي الله عنه байъат тез арада болбосо, ансарлар өздөрүнөн бирөөнү халифа кылып шайлап алышы мүмкүн деп кооптонгон. Бул эмнени билдирет? Бул талкуу жүрүп, хадис эскертилгени менен, Умар ансарлар өздөрүнөн бирөөгө байъат берип жибериши мүмкүн экенин реалдуу көргөн. Бул болсо Умардын الأئمة من قريش хадиси халифалык үчүн жарактуулуктун انعقاد шарты эмес, абзелдик шарты экенин түшүнгөнүн билдирет. Анткени, Умар رضي الله عنه ансарлар канчалык улуу жана такыбаа адамдар болбосун, эгерде бул хадис “халифалык сөзсүз курайш уруусунан болушу керек” деген мааниде болсо, анда ансарлар аны билип туруп ага каршы чыгып, өздөрүнөн бирөөгө байъат берип коёт деп ойлошу мүмкүн эмес болчу. Бул ансарларга жарашпаган нерсе.
Ал эми жүрөккө бейпилдик берген туура түшүнүк ушул: ансарлар да, Умар да халифанын курайш уруусунан болуусу артыкчылык шарты деп түшүнүшкөн. Ошондуктан, ансарлар халифага өздөрүн жарактуу деп эсептешкен. Умар да аларды халифага жарактуу деп билген. Анткени эгер алар өз араларынан бирөөгө байъат берип койсо, ага баш ийүү зарыл болмок, болбосо фитна чыкмак. Умар мындай деген:
«Биз коомдон (ансарлардан) ажырап кетип, арабызда байъат берилбесе, алар бизден кийин өз алдынча байъат берип коёт деп кооптондук. Ошондо биз алардын шайлаган кишисине ыраазы болбосок да баш ийишибиз керек болмок, же болбосо аларга каршы чыгышыбыз керек болот эле. Бул болсо фитнага алып келет». Ал эми фитнанын чыгышы баш ийүүнүн милдеттүү экенине далалат кылган карина (белги) болгон.
Г. Ансарлар Абу Бакрга байъат беришкенден кийин, Саад бин Убада رضي الله عنه болсо байъат берүүдөн баш тартып, өз талапкерлигинде туруктуу бойдон калды. Бул окуяны түшүнүүдө кайсы пикир артыкчылыктуу? Саад бул хадисти уккан жана халифа сөзсүз курайштан болушу шарт деп түшүнгөн болсо өз укугунан баш тартпай койгонбу? Же болбосо Саад бул хадисти абзелдик шарты катары түшүнгөндүктөн, бул артыкчылык башка бирөөнүн пайдасына болуп, өзү дагы башка артыкчылыктарга ээ экенин билип, ошолор менен ордун толтурам деп эсептеп, халифалыкка талапкерлигин улантканбы?
Бул жерде экинчи жооп ыктымалдуу. Саад хадисти уккан жана аны абзелдик шарты катары түшүнгөн. Ал бул абзелдик башкаларда болушу мүмкүн экенин билсе да, өзү да башка артыкчылыктарга ээ болгондуктан, халифалыкка талапкерлигин мыйзамдуу деп эсептеген. Бул Сааддын көз карашы болчу.
Сааддын байъат бербей калганы ансарлардын көпчүлүгү Абу Бакрга байъат бергени менен карама-каршы келбейт. Анткени алар талкуунун негизинде, хадистин айтылышы жана Абу Бакр менен Умардын жүйөлөрү аркылуу, бул абзелдик шарты курайштардын пайдасына экенине ишенип, байъат беришти. Бирок Саад өзүндө бул артыкчылыкты толуктап турган башка сапаттар бар деп эсептегендиктен, өз талапкерлигинен баш тарткан жок.
Муну менен Сакифа окуясы тууралуу айтылгандарды жыйынтыктайм. Бул окуя курайш тегинен болуу халифалык үчүн жарактуулуктун эмес, абзелдик шарты экенине далил болот.
- Умар رضي الله عنه өлүм алдында айткан сөзү:
«Эгерде ажалым жетсе жана Абу Убайда да каза тапса, анда Муаз бин Жабалды халифа кылып дайындамакмын», деген. Башка риваятта мындай дейт: «Эгерде Салим (Абу Хузайфанын кулу) тирүү болгондо, мен аны халифа кылмакмын. Эгер Аллах мени суракка тартып, “Эмне үчүн?” десе, мен: “Сенин Пайгамбарың: “Салим Аллахты катуу сүйчү деп айтканын уккам” деп жооп бермекмин».
Ал эми Муаз да, Салим да курайш уруусунан эмес эле. Бул окуя да Сакифа окуясы сыяктуу белгилүү жана сахабалардын көзүнчө болгон. Бул ижмаа сукутий (сахабалар унчукпай макул болгон ижмаа). Бул сыяктуу иш туура болбосо, сахабалар аны четке кагышмак. Эгерде халифа боло турган сөзсүз курайш уруусуна таандык болушу керек деген шарт болсо, анда сахабалар кантип курайштык эмес адам халифа болууга жарактуу экенине ижмаа кылышат? Эми суроо: Бул окуяны биз кантип түшүнөбүз?
Умар رضي الله عنه хадисти билип туруп, халифалыкты курайш эместерге да жарактуу деп эсептегенби? Же Умар хадистен курайштык болуусу абзелдик шарты дегенди түшүнүп, ал артыкчылык башка бир сапат менен, мисалы Аллахты катуу сүйүү менен толукталышы мүмкүн деп эсептегенби? Экинчи түшүнүккө көңүл тынчтанып жаткан жокпу? Бул жерде эч ким «Умар хадисти билген эмес» деп айта албайт, анткени Умар Сакифа окуясынын күбөлөрүнүн бири болгон жана дал ошол хадисти риваят кылгандардан эле. Мындан тышкары, Умар رضي الله عنه халифаны алардын ичинен шайлоо үчүн алты кишини тандап сунуштаганда, мындайча жүйө келтирген:
«Бул алты кишиге көңүл бургула, алар тууралуу Пайгамбар ﷺ : “Булар жаннат ээлери” деп айткан» — деген. Башка риваяттарда мындай деп айтылат: «Пайгамбар ﷺ дүйнөдөн кайтканына чейин алардан ыраазы болгон». Демек, Умар бул алты кишини курайш уруусунан болгондуктары үчүн эмес, Пайгамбар ﷺ аларды мактаганы үчүн тандап көрсөткөн. Ошентип, экинчи окуя, башкача айтканда, Умардын алты адамды сунушташы сахабалардын курайш теги артыкчылык шарты гана экенин түшүнүшкөнүн жана Умардын сөзүнө каршы чыкпай макул болгондугун көрсөтөт. Бул болсо ижмаа сукутий болуп эсептелет.
- Имам Бухарий риваят кылган Муавиянын жыйналыштагы хутбасы. Бул дагы мусулмандардын көзүнчө, сахабалардын доорунда болгон окуя, анткени ошол убакта сахабалар тирүү болчу. Абдуллах бин Амр халифа Кахтан уруусунан болот (б.а курайштык эмес) деген хадисти риваят кылып жүргөн эле. Ошондо Муавиянын ачуусу келип, Абдуллах жөнүндө катуу сөздөрдү айтып, аны жахил деп сыпаттаган. Бирок Муавия сахабаны жахил деп сыппатоосу менен жаңылыштык кетирди. Имам Бухарий мындай риваят кылат: «Мухаммад бин Жубайр бин Мутъим айтып берген: Муавияга, курайш өкүлдөрүнүн делегациясы жанында отурган кезде, Абдуллах бин Амр бин Аас мындай деп айтып жүрөт деген кабар жетет: “Халифа Кахтан уруусунан болот”. Ошондо Муавия ачууланып, ордунан туруп, Аллахты мактап анан мындай дейт: “Мага жеткендей, араңардан айрым эркектер Куранда жок, Пайгамбарыбыздан ﷺ да риваят кылынбаган сөздөрдү айтып жүрүшөт. Алар силердин жахил адамдарыңар…», андан соң мындай деди: “Бул иш (халифалык) курайшка таандык”.
Абдуллах бин Амр “Падыша –ملك Кахтандан болот деп айтып жүргөн. Бул “падыша” деген сөз — имам, султан же халифа деген маани берет, андан төмөн даражадагы адамга колдонулбайт. Муавия муну түшүнүп, Абдуллах айткан бул сөздү халифалык Кахтан уруусунан болот деп түшүнгөндүктөн, ага каршы чыгып, аны жахилдик менен айыптаган.
Бул окуяны изилдегенде, биз Абдуллах бин Амрдын “халифа Кахтандан болот” деген риваятын туура көрөбүзбү же Муавиянын ага каршы чыкканы туурабы? Абдуллах бин Амр талашсыз сахаба экендиги белгилүү. Ал эми Муавиянын сахабалыгы тууралуу талаш бар адам. Демек, Абдуллах бин Амрдын хадиси Муавиянын аны четке кагуусунан жогору коюлат.
Андан сырткары, эгер “сахабалар الْأَئِمَّةُ مِنْ قُرَيْشٍ дегенге ижмаа кылышкан болсо, башкача айтканда бул шарт жарактуулук шарты деген сөз туура болсо, анда Муавия бул сөзгө каршы чыккан жалгыз адам болбойт эле, башка сахабалар да каршы чыгышмак. Бирок, Абдуллах бин Амрга каршы чыккан жалгыз Муавия болду. Бул сөз жалпы сахабалардын көзүнчө айтылып жатканына карабастан, башкалар тарабынан ага каршы бир да нааразылык риваят кылынган эмес.
Бул үч окуя: Сакифа, Умардын алты кишини тандашы жана Муавия менен Абдуллах ортосундагы талаш сахабалар الْأَئِمَّةُ مِنْ قُرَيْشٍ деген хадисти “абзелдик шарты” деп түшүнүшкөнүн, ал эми халифалык курайштарда да, башкаларда да боло берерин далилдейт. Бул жүрөккө бейпилдик берген так далил.
Экинчи: Айрым адамдар “халифанын курайш тегинен болуусу жарактуулук шарты” дегенге далил катары алып келген хадистер. Бизге белгилүү болгондой, араб тилинде буйрук маанисин берген ар кандай сөз формалары бар. Алар: мантук, мафхум, татаал сүйлөм түрүндө келген буйруктар ж.б. Буларды лингвисттер ондоп санап келишкен. Булардын баары жалпы “талап кылуу” маанини гана билдирет. Бирок талаптын кескин же кескин эместигин же ыктыяр бере турганын аныктоо үчүн кошумча далил (карина) керек.
Эми бул маселе боюнча айтылган хадистерди карап көргөндө, булар жалпы түрдө “талап кылуу” маанисин гана билдирет, бирок “кескин түрдө болуусу керек” деген күчтүү кариналар жок. Айрымдар “кескин талапты билдирет” деп эсептеген эки хадис бар, алар боюнча төмөндө сөз кылам:
- «الأئمة من قريش»
Бул хадисти айрымдар мубтада–хабардан (ээ жана баяндоочтон) түзүлгөн сүйлөм болгондуктан, мында мубтада (имамдар) хабарга (курайш) гана чектелүүсү шарт деген тыянак чыгарышат. Ошондуктан, “мафхум мухалафа (каршы маани) колдонулат, башкача айтканда, имамдар курайштан болбосо жарабайт” деген тыянак чыгат дешет. Бирок бул хадисти кылдат карасак, төмөнкү себептерден улам мафхум мухалафага алып келбейт:
А. «Курайш» — уруунун аты. Мухалафа мафхуму исмге байланган өкүмдө колдонулбайт. Бул исм жинс болобу (мисалы, жаныбар, адам, уруу ж.б.), мейли жеке исм болобу (мисалы, Ахмад, Ибрахим), же ага окшогон лакап же кунья болобу айырмасыз. Ошондуктан, эгер: “Курайш жоомарт уруу” десең, бул “башка уруулардын баары жоомарт эмес” дегенди билдирбейт. Ушул сыяктуу эле, “Имамдар курайштардан” деген сөз башка уруулардан имам боло албайт дегенди билдирбейт.
Б. Хусусан (атайын) же жөнөкөй ыкмада колдонулган хаср (чектөө) формалары, мейли бир сөз болсун, мейли кош сөз болсун, өз алдынча алынганда шарият илимдеринде “чыныгы чектөөнү” (хаср) билдирбейт, башкача айтканда, карама-каршы маани чыгаруучу хаср болбойт. Бул үчүн сөз айкашына кошумча карина керек болот. Эгер ал кошумча кариналар жок болсо, анда бул сөздөгү чектөө чыныгы чектөөчү болбойт. Демек ал айтылган нерсе бардык башка учурларды толук четке какпайт. Менин билгеним боюнча, мунун эки гана өзгөчө формасы бар: Биринчиси, жөнөкөй форма: Четке кагуу куралы (нафий) менен кошо “истиснаа” (чыгаруу, исключение) куралы колдонулган форма. Мисалы: لَم жана إِلَّا . Бул эки курал чогуу колдонулганда, чыныгы чектөөнү билдирет жана мафхум мухалафа иштейт. Мисалы, «Пайгамбар ﷺ зекетти башка бир нерсеге эмес, он нерсеге гана белгилеген: төө, уй, кой, алтын, күмүш, арпа, буудай, курма, мейиз жана салит (арпанын бир түрү)».
Бул жерде сөз чыныгы чектөөнү билдирет жана мындан каршы маани да чыгат. Башкача айтканда, бул он нерседен башка нерселерге зекет берилбейт.
Экинчиси, татаал түзүлүштөн алынган форма. Бул бир нече исм жамиддер (туунду сөздөрү жок сөздөр) тизмеси келип, алардын ар бирине бирдей шарттуу өкүм тийиштүү болгон учурда пайда болот. Ал заттардын бардыгы үчүн бириктирүүчү өзгөчөлүк бар болуп, аларга бирдей өкүм байланат. Бул учурда чыныгы хаср орун алат жана каршы маани да жаралат. Мисалы, «Алтын — алтынга теңме-тең, арпа — арпага теңме-тең (алмашылат)… ким көбөйтсө же ашыкча алса, ал рибага барган болот».
Бул жерде чыныгы чектөө бар жана каршы маани да чыгарылат, башкача айтканда, бул заттардан башка нерселерге бул риба тууралуу өкүм колдонулбайт. Ал эми бул экөөнөн башка учурлар хасрды билдириши үчүн кошумча карина керек. Мисалы:
«إنما الربا في النسيئة»
“Чындыгында, риба насыя берүүдө гана”. Бул жерде “иннама” куралы хаср маанисин билдиргени менен, кошумча карина керек. Эгер ал карина жок болсо, анда мафхум мухалафа менен өкүм чыгарылбайт. Ошондуктан, “риба фадл” (товарлар алмашкан учурда өлчөмдү көбөйтүү аркылуу алынган риба) деген нерсе да бар болуп эсептелет. Ушул сыяктуу эле, الأئمة من قريش бул жерде да сүйлөм мубтадаа жана хабар формасында айтылган. Мубтада хабарга байланган болсо да, карина кошулбагандыктан, мафхум мухалафа иштебейт. Ошондуктан, имамдар курайштан да, башкалардан да болушу мүмкүн. Бул الأئمة من قريش хадиси тууралуу пикир. Хадисте мубтада жана хабардан башка эч кандай кошумча белги жок. Эгерде бир толукталган карина кошулса, башкача айтканда, хаср так жана анык болсо, анда мафхум мухалафа менен өкүм чыгарылат. Ошондо имамдар сөзсүз курайштан болушу керек деген өкүм пайда болмок. Бирок мындай кошумча карина бул хадисте жок.
- Хадис: «إن هذا الأمر في قريش لا يعاديهم أحد إلا كبه الله على وجهه ما أقاموا الدين»
“Бул иш (б.а. халифалык) Курайш уруусунда болот. Аларга эч ким каршылык кылбасын, болбосо ал динин бекем кармаганга чейин Аллах аны жүзү менен жерге кулатат”. Бул хадис эки бөлүктөн турат: «إن هذا الأمر في قريش»
“Бул иш (б.а. халифалык) Курайш уруусунда болот”. Бул бөлүк өз алдынча алганда, иш (б.а. халифалык) курайштарда болот дегенди билдирет. Бирок бул иш башкаларда болбойт дегенди билдирбейт, анткени мубтада–хабар хасры үчүн мурдагы хадиске да тиешелүү болгондой эле, бул хадиске да карина керек.
Экинчи бөлүк: لا يعاديهم أحد إلا كبه الله على وجهه
“Аларга эч ким каршылык кылбасын, болбосо ал динин бекем кармаганга чейин, Аллах аны жүзү менен жерге кулатат”. Эгерде бул бөлүк биринчи бөлүккө карина катары кошулса, башкача айтканда, “لا” бөлүкчөсү экөөнү байланыштырса, анда хаср усулий болот да, мафхум мухалафа пайда болот, демек иш (халифалык) сөзсүз курайштарда болууга тийиш деген маани чыгат. Демек, бул жерде маселе لا кандай мааниде колдонулганында.
Бул жердеلا – четке кагуучу харф, жана إلاّ истиснаа куралы менен бирге колдонулган. Экөө биригип, толук хасрды пайда кылат, башкача айтканда, жүзү менен жерге уруу Курайшка каршы чыккан кишиге гана тиешелүү. Ошентип, жазалоо الْكَبُّ عَلَى الْوَجْهِ Курайшка душмандык кылгандар менен гана чектелет жана бул жазалоонун биринчи бөлүк (б.а. “иш Курайшта”) менен байланышы жок.
Мындан сырткары, бул жердеги لا – харф ъатф (байланыштыруучу) бөлүкчө эмес. Анткени тил илиминде белгилүү болгондой, لا харф ъатф болушу үчүн маътуф алайхи (алдын келген сөз) муфрад (бир сөздөн турган) болууга тийиш, толук сүйлөм же шибх сүйлөм болбойт. Ал эми бул жерде толук сүйлөм келтирилген: “لا يعاديهم أحد إلا كبه الله على وجهه” демек, لا тамгасы ъатф эмес.
Ошентип, бул эки бөлүк өз алдынча өз-өзүнчө мааниге ээ болгон сүйлөмдөр. Биринчи бөлүк: “Халифалык курайш уруусунда болот”, Экинчи бөлүк: “Ким курайшка душман болсо, Аллах аны жүзү менен кулатат”.
Ошондуктан бул эки нерсе эки өз алдынча билдирүү болуп саналат жана бул хадистин биринчи бөлүгүнө кескин маани берүүчү карина жок. Анткени бул жерде “”لا тамгасы ъатф эмес. Демек, бул хадис халифалык сөзсүз Курайшта болушу керек дегенди билдирбейт, башкача айтканда, бул жарактуулук шарты эмес. Мурун да айтылгандай, абзелдик шарты.
Ал эми, бул эки хадистен башка хадистерге келсек, аларда да күчтүү карина жок, башкача айтканда, алардан да жарактуулук шарты деген маанини чыгарууга негиз жок.
Үчүнчүдөн: Толук канааттандырарлык жоопко жетүү үчүн сөзсүз эске алуу керек болгон бир маселе калды. Кээ бирөөлөр: «Акыркы халифалык пайгамбарлык минхажы негизинде болот деген кабар, сөзсүз түрдө биринчи халифалык сыяктуу болот. Биринчи халифалар курайштардан болгон. Демек, экинчиси да курайштардан болушу керек» деп айтышат. Бирок бул пикирдин алсыздыгы төмөнкүдөй болгондо айкын болот: «Минхаж» (жол, багыт) деген түшүнүктө адамдардын теги негиз эмес, алардын тандаган жолу жана ыкмасы негиз болуп саналат. Камус сөздүгүндө мындай деп айтылат: النهج : ачык-айкын жол, ал-минхаж, ал-манхаж менен маанилери бир. “Нахажа ат-тарик салакаху уа истанхажа фулан сабила фулан”, “башканыкындай жолду тандады, анын багытын карманды” дегенди билдирет.
Демек, минхаж бул Пайгамбар ﷺ жүргөн жол. Ошондуктан, Аллахтын уруксаты менен келечектеги Халифалык да ошол Пайгамбарлык жолунда болот. Бул биринчи Халифалык сыяктуу, адилеттүү, Аллахтын Китебине жана Пайгамбар ﷺдын Сүннөтүнө бекем карманган Халифалык болот, сахабалар сыяктуу жолдон тайбаган халифалар аркылуу. Башкача айтканда, келечектеги халифалар да “рошид” болот. Алардын жол-жобосу сахабалар сыяктуу, Исламга толук, адилеттүү жана туруктуу берилген болот, мейли алардын теги курайш болсун, же болбосун. Анткени, алар кайсы жолдо, кандай багытта турганы маанилүү.
Аллах Тааладан тилейбиз, бизди Өзүнүн жеңиши менен урматтасын, бизге жакында кубаныч, кеңдик жана ырыскы берсин, бизди да жер бетине мураскер кылып, мурдагы өткөндөр сыяктуу халифалыкты бизге кайтарсын. Ошондо Халифалык кайрадан пайгамбарлык негизиндеги минхаж менен кайтып келет. Албетте, Ал Угуучу, дубаларды кабыл кылуучу Зат.
27.08.2003-ж.




