8-мартчылар аял укугун коргойбу же кордойбу?

8-мартчылар аял укугун коргойбу же кордойбу?
Бишкек шаарындагы Горький атындагы эс алуу багында 8-март күнүнө карата кыз-келиндердин укуктарын коргоону талап кылган акция өттү.
Феминисттик кыймылдар уюштурган иш-чаранын катышуучулары “Ак үйдө кыздар көбөйсүн!”, “Аял укугу – адам укугу”, “Күнөө сенде эмес”, “Кыйын кыздын кызымын”, “Кызга кырк үйдөн колдоо”, “Аялзатым, жаша!”, “Аял – жашоо, эркиндик”, “Кыздын үнү – анын укугу” деген чакырык-ураандар жазылган плакаттарды кармап жүрүштү.
Комментарий:
Феминизм – бул аялдар эркиндигин жана тең укуктуулугун коргоо негизине курулган кыймыл. Алар негизинен үй-бүлөлүк зомбулукту беткап катары карманышып, аны менен аялдардын укугу тебеленип жатканын көрсөтүүгө аракет кылышат.
Түпкүлүгүндө, аялдарга карата зомбулук Кыргызстанга караганда бул уюмдар каржыланган Батыш өлкөлөрүндө эселеп көп жана жыл сайын өсүп келет. Маселен, “USA Today” басылмасы жазышынча, Голивудда иштеген аялдардын 94 пайызы сексуалдык зомбулукка кабылганын билдиришкен. АКШда ар бир мүнөт сайын 20 адам үй-бүлөлүк зомбулукка туш болот. Бул өлкөдө суткасына 1900 кыз зордуктоого кабылаары отчетторго чыккан.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетунда келишинче, дүйнөдө ар үчүнчү же аялдардын 35 пайызы физикалык же сексуалдык зомбулукка туш болгон.
Мындан белгилүү болгондой, аялдардын зомбулук чегишине учурда колдонулуп жаткан капиталисттик мыйзамдар негизги себеп болууда. Тагыраагы, Батыш бизге таңуулап жаткан “эркиндик” беткабы менен кирип келген “баалуулуктар” аялдардын кордолушуна себеп болууда. Анткени, демократия аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Демек, жогорудан белгилүү болгондой, капитализм (демократия) системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Тескерисинче, бул көйгөйлөр ушул идеология себептүү пайда болууда жана аялдар Батыштын дал ушул “эркиндигинен” корголууга муктаж абалда.
Аял затын мындай коркунучтан коргоонун жолу болсо Исламда гана бар. Тагыраагы, Ислам аял затына корголушу важиб болгон ар-намыс жана үй бекеси катары карайт. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн камсыздап берет. Мындай камкордук болсо Исламдагы ижтима түзүмү турмушта колдонулуусу менен жүзөгө чыгат. Анткени, үй-бүлө коомдун негизин түзөт, перзенттерибиз келечекти калыптандырат. Ал эми, үй-бүлө, келечек муун жана коомду түрдүү жаман пикирлерден, иштерден жана нерселерден коргоо Исламды адилеттик менен колдоно турган жана Исламды рисалат катары дүйнөгө алып чыга турган мамлекетте жүзөгө чыгат. Ошондуктан, биз аялдар жашоосунда чыныгы өзгөрүүнү арзуу кылып жаткан ар бир адамды ушул рошид Халифалыктын тезирээк тикеленишин колдоп-кубаттоого о.э. эркиндик беткабы менен таңууланып жаткан демократия жалганын четке кагууга чакырабыз.
Нурдин Асаналиев




