Cалафтарга ээрчүү жана бидъаттан алыс болуу

Cалафтарга ээрчүү жана бидъаттан алыс болуу
Ибн Абдулбарр «Жамиу баяни илм»де (2-том, 97-бет) Ибн Масъуддан риваят кылат: Силерден ким бирөөгө ээрчимекчи болсо, Мухаммад (с.а.в)дын сахабаларына ээрчисин. Анткени, алар бул үммөттүн эң калбы таза, терең илимге ээ, такаллуфу аз, хидаят жолун кармаган эң туура кишилер эле. Алар Алла Өз пайгамбары (с.а.в)га сахаба болуулары жана динди тикелөөлөрү үчүн тандап алган бир коом эле. Ушундай болгон соң, алардын фазилатын билгиле, алардын изинен жүргүлө. Анткени, алар хидаятты карманышты.
Ал дагы ушул бетте Хузайфа (р.а)дан риваят кылат: Эй Куран окуучулар жамааты, Аллага такыба болгула. Өзүңөрдөн мурункулардын жолун кармангыла. Аллага касам, эгер ушул жолго ээрчисеңер алдыга кетесиңер. Бул жолду таштап, оңго-солго ооп кетсеңер, залалатка кетесиңер.
Ибн Абдулбарр дагы «Жами»де (2-том, 114-бет) келтиришинче, Али (р.а) мындай дейт: Силер адамдарга ээрчүүдө сак болгула. Себеби, киши бейиш калкынын амалын кылып жүрөт да, кийин Алланын Өзү гана билүүчү себепке ылайык өзгөрүп, тозок калкынын амалын кылганы турат. Натыйжада, өлгөндөн кийин тозок калкынан болот. Дагы бир киши тозок калкынын амалын кылып жүрөт да, кийин Алланын Өзү гана билүүчү себепке ылайык өзгөрүп, бейиш калкынын амалын кылганы турат. Натыйжада, өлгөндөн кийин бейиш калкынан болот. Демек, бейиш калкынан болгуңар келсе тирүүлөргө эмес, өлүктөргө (т.а. туура жолду кармап өтүп кеткен кишилерге) ээрчишиңер керек”.
Абу Наим «Хиля» китебинде (4-том, 341-бет) келтиришинче, Абу ал-Бахтарий мындай дейт: Бир киши Абдулла ибн Масъуддун алдына келип, мечитте шам намазынан кийин адамдар талкуулашып отурганын, бир киши алардын арасынан туруп: «Алланы мындай-мындай такбир айтып улуулагыла, мындай-мындай тасбих айткыла, мындай-мындай хамд айткыла», – деп айтып жатканын кабар берди. Абдулла: «Алар муну айтып жатышабы?» – деди. Тигил киши «Ооба» деди. Абдулла: «Алардын дагы ушундай кылганын көрсөң, мага келип кабар бер», – деди. Андан кийин кийимин кийип, мечитке келип отурду. Алар айтып жаткан сөздөрдү уккандан кийин, ордунан туруп (ал катаал киши болчу): «Мен Абдулла ибн Масъудмун. Андан башка эч бир илах болбогон Аллага касам, силер өзүңөргө зулум кылып бир бидъатты алып келдиңер. Же илим жагынан Мухаммад (с.а.в)дын асхабдарынан да жогорусуңарбы?», – деди. Муну угуп Мауддад: «Аллага касам, биз зулум кылып бирер бидъатты келтиргенибиз жок жана илим жагынан Мухаммад (с.а.в)дын асхабдарынан бийик да эмеспиз», – деди. Амр ибн Утба болсо: «Эй Абу Абдуррахман, Алла бизди магфират кылсын», – деп кошумчалады. Ошондон кийин Абдулла ибн Масъуд: «Силер акыйкат жолду бекем кармагыла. Аллага касам, эгер ушундай кылсаңар алдыга кеткен собикундардан болосуңар, оң-солго оосоңор узак залалатка кетесиңер»,- деди.
Табароний «Кабир»де Амр ибн Саламадан риваят кылат: Биз шам менен куфтан ортосунда Абдулла ибн Масъуд (р.а)нун эшиги алдында отурган элек. Ошондо Абу Муса (р.а) келип: «Эй Абу Абдуррахман, биздин алдыбызга чыгыңыз», – деди. Ибн Масъуд чыгып: «Эй Абу Муса, бул саатта келүүгө сизди эмне мажбур кылды?» – деди. Абу Муса: «Аллага касам, сиздин тынчыңызды алмакчы эмес элем. Бирок, бир ишке күбө болдум, ал мени коркутуп жиберди. Эмнеси болсо да жакшылыкка болсун. Мечитте бир коом отурат. Алардын бири «ушундай-ушундай тасбих айткыла, ушундай-ушундай хамд айткыла» деп жатат», – деди. Муну угуп Абдулла мечитке карап жөнөдү. Биз да аны ээрчидик. Ал мечитке кирип: «Расулулла (с.а.в)дын асхабдары жана аялдары али тирүү болуп туруп, ал кишинин кийимдери жана идиштери өзгөрбөй туруп, мынча тез залалатка кеттиңер. Өзүңөр жасаган жаман иштерди эсептегиле, Алла болсо сиз кылган хасанаттарды (жакшы иштерди) эсептейт. Мен буга кепилмин», – деди.
Абу Наим «Хиля»да (3-том, 167-бет) Аамир ибн Абдулла ибн Зубайрдан риваят кылат: «Бир күнү атамдын алдына келгенимде ал «каяктан келе жатасың?» деди. Мен: «Ушундай адамдарды көрдүм, алардан жакшыраакты көрбөгөнмүн. Алар Алланы зикр кылышууда. Алардын бири Алла Тааладан коркконунан эсинен танып да калды. Ошондуктан, алар менен бирге отурдум», – дедим. Сөзүмдү угуп, атам «мындан кийин алар менен отурба» деди. Кийин өзүнүн бул сөзү мага анчейин таасир этпегенин көрүп: «Мен Расулулла (с.а.в)дын, Абу Бакр жана Умар (р.а)дардын Куран тилават кылышканын көргөнмүн. Алар «мындай абал»га жетишпеген эле. Кана айтчы, аларды Алла Тааладан Абу Бакр жана Умардан да көбүрөөк коркот деп билесиңби?!» – деди. Кийин мен да муну пикирлеп, ойлонуп калдым. Атам хакты айткан эле. Ошондон кийин аларды таштадым».
Ибн Абдулбарр «Жамиул илм» китебинде (2-том, 134-бет) Ибн Шихабдан риваят кылат, Умар ибн Хаттаб (р.а) минбарда туруп мындай деген «Эй адамдар, Расулулла (с.а.в)дын сөзү гана туура, акыйкат эле. Себеби, Алланын Өзү ал кишиге акыйкатты, туура райды көрсөтчү. Биздин райыбыз болсо зонн (күмөн) жана кыйналып, баш катыруу гана». Дагы ушул китепте (2-том, 135-бет) Садка ибн Абу Абдулладан риваят кылынышынча, Умар ибн Хаттаб мындай дечү «Рай ээлери – Сүннөт душмандары. Алар Сүннөттү сактоодон, аны аңдап-сезүүдө алсыз. Алардан бирер нерсе суралса «билбейбиз» дештен уялышат. Алар өз райлары менен Сүннөткө каршы чыгышты. Мындай кимселерден этият болгула».

