Асыл хадис

Акы бөлүштүрүүдө сак болгула

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Акы бөлүштүрүүдө сак болгула

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا جَعْفَرُ بْنُ مُسَافِرٍ التِّنِّيسِيُّ حَدَّثَنَا ابْنُ أَبِي فُدَيْكٍ حَدَّثَنَا الزَّمْعِيُّ عَنْ الزُّبَيْرِ بْنِ عُثْمَانَ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ سُرَاقَةَ أَنَّ مُحَمَّدَ بْنَ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ ثَوْبَانَ أَخْبَرَهُ أَنَّ أَبَا سَعِيدٍ الْخُدْرِيَّ أَخْبَرَهُ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ إِيَّاكُمْ وَالْقُسَامَةَ قَالَ فَقُلْنَا وَمَا الْقُسَامَةُ قَالَ الشَّيْءُ يَكُونُ بَيْنَ النَّاسِ فَيَجِيءُ فَيَنْتَقِصُ مِنْهُ

Бизге Жафар ибн Мусафир ат-Тиниси Абу Саид аль-Худриден риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деди: “Акы бөлүштүрүүдө сак болгула. Биз айттык: Акы бөлүштүрүү деген эмне?”. Ал айтты: Бул адамдар арасындагы пайда, андан кийин аны азайтуучу болот.

حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ الْقَعْنَبِيُّ حَدَّثَنَا عَبْدُ الْعَزِيزِ يَعْنِي ابْنَ مُحَمَّدٍ عَنْ شَرِيكٍ يَعْنِي ابْنَ أَبِي نَمِرٍ عَنْ عَطَاءِ بْنِ يَسَارٍ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ نَحْوَهُ قَالَ الرَّجُلُ يَكُونُ عَلَى الْفِئَامِ مِنْ النَّاسِ فَيَأْخُذُ مِنْ حَظِّ هَذَا وَحَظِّ هَذَا

Абдулла Аль-Ка’наби бизге мындай деди: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ушуга окшош нерсени айтты. Ал мындай деди: Адам бир топко жооптуу болгондуктан, тигинин үлүшүнөн, мунун үлүшүнөн алат (жеп алат)”.

Аль-Хаттаби айтты: Кассама (кафтын үстүндө замма менен) бөлүштүрүүчүнүн өзүнө алган нерсесинин аты. Мисалы, аль-фудала (артып калган нерсе) жана аш конокко шашылыш берилген нерсеге аль-ужала (шашылыш) деп айтылганы сыяктуу. Бул эгерде ал аны бөлүштүрүп аткан адамдардын уруксаты менен алса, бөлүштүрүүчүнүн акысына тыюу салбайт. Бул кимдир бирөө элдин иштерин башкарып, башчы же жетекчи болгондо гана пайда боло турган нерсе. Алардын үлүштөрүн бөлүп бергенде, алардын айрымдарын өзүнө калтырып, алардан өзгөчөсүн калтыруу. Бул жогорудагы хадистен кийин келген башка хадисте түшүндүрүлгөн. Ал Ан-Нихаяда мындай деген: Бөлүштүрүүчү бөлүнүп жаткан нерседен өзү үчүн төлөм катары алган нерсе, далдалчылар аны белгилүү төлөм эмес, туруктуу алым катары алган сыяктуу. Мисалы, алардын ар бир миңден белгилүү бир сумманы алуусу. Бул арам. يَكُون بَيْن النَّاس Адамдар арасында болот бөлүү үчүн. فَيَنْتَقِص Андан кийин ал кемитип алат: бөлүүчү مِنْهُ андан: тигил нерседен, тигинин үлүшүнөн өзүнө алат, мындан анын үлүшүн өзүнө алат.

الرَّجُل يَكُون عَلَى الْفِئَام Адам топторго жетекчилик кылат Аль-Хаттаби айтты: топтор – бул жамааттар. Аль-Фараздак: топтор башка топторго каршы көтөрүлгөн жамааттар, – деди. Аль-Мунзирий айтты: Бул мурсал хадис.

Урматтуу бир туугандар:

Ижарада талаш-тартыштарды болтурбоочу жана укуктарды сактаган өзүнүн шарьий мыйзам ченемдери бар. Бул асыл хадисте айтылган жалдоо шарттарынын бири – жумушчунун акысын жеп кетүүгө тыюу салуу. Бул бизнес ээлери түшүнүүгө тийиш болгон жоболордун бири. Эгерде адам иш берүүчү менен макулдашып, белгилүү бир айлык акыга ишти аткарууга макул болуп, андан кийин ал жалданган адам башкага азыраак эмгек акы берип, калганын пайда катары көрсө жайиз. Эгерде алардын ортосундагы келишим жоопкерчилик катары сыпатталган иш боюнча болсо жана ал анын жеке мойнунда болбосо. Башкача айтканда кийинки жалданган адам иштин жоопкерчилигин өз моюнуна албайт, болгону айтылган ишти гана бүтүрүп берет.

Буга мисал катары тигүүчү цехте иш берүүчү менен макулдашып, ага белгилүү бир акыга кийим тигүүнү макулдашууну айтсак болот. Андан кийин ал тигүүчү жумушун башка тигүүчүгө азыраак төлөп берип, калган кирешесин алса болот. Бирок иштин жоопкерчилиги анын моюнунда болот. Эгер адам иш берүүчү менен макулдашып, жумушчуларды белгилүү бир жумушту аткаруу үчүн алып келип, иш берүүчүдөн акы алса, анда бул жаиз жана анын эч кандай жаман жери жок. Анткени ал эмгек акы алуу укугуна ээ болгон өкүлчүлүктүн бир түрү. Ошол сыяктуу эле, эгерде иш бүтүрүүчү (подрядчы) ар бир жумушчунун акысын көрсөтпөстөн, бир суммага жумушчуларды алып келүүнү иш берүүчү менен макулдашып жана подрядчы жумушчуларга азыраак берип, калганын өзүнө калтырса, бул да жайиз болот. Анткени ал жумушчуларга белгилүү бир эмгек акы боюнча иш берүүчү менен макулдашкан эмес, алардын эмгек акысын азайткан эмес. Тескерисинче, ал жумушчунун эмгек акысын аныктоо укугуна ээ болгон.

Ал эми иш берүүчү менен белгилүү бир сандагы жумушчуларды алып келүүгө макул болуп, ар бир жумушчу үчүн белгилүү бир эмгек акы белгилесе, анда подрядчы жумушчулар үчүн белгиленген суммадан өзүнө калтыруу үчүн жумушчуларга иш берүүчү менен макулдашылгандан аз айлык берсе, анда бул жаиз эмес. Бул хадистен түшүнүлө турган нерсе, иш бүтүрүүчү (подрядчы) жумушчулардын ар биринин акысын азайтып, жумушчулардын акысын бөлүштүрүп, өзүнө алганы… бул хадисте айтылгандай арам.

Дагы бир мисал, иш берүүчү өз жумушчуларынын үстүнөн көзөмөл кылуу үчүн жетекчи дайындаса жана анын акысын жумушчулардын акысынан кармаса, башкача айтканда, ал ар бир жумушчунун акысынан бир бөлүгүн кармап, көзөмөл кылган жетекчиге берсе, хадистин тексти боюнча бул да арам болот.

Адамдардын жашоосунун ар кыл жактарын камтыган Исламдын жоболору инсандардын укуктарын коргоп, келишпестиктерди жана карама -каршылыктарды жок кылып, адамдардын жыргалчылыгын жана бактылуулугун кепилдейт.

Качанкыга чейин биз адамдык түзүмдөрдүн зулум жана оор өкүмдөрүнүн алдында азап чегип, Аллахтын өкүмдөрүнүн аткарылышын убактылуу токтотуп, аларды тирилтүү үчүн аракет кылбай, аларды ишке ашыра турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн унчукпай жүрө беребиз?

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 3-робиус саани.

2025-ж, 25сентябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button