Асыл хадис

Билбей туруп Аллах жөнүндө айтуунун күнөөсү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Билбей туруп Аллах жөнүндө айтуунун күнөөсү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

رَوَى ‏الزُّهْرِيِّ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏أَبِيهِ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏جَدِّهِ ‏ ‏قَالَ: سَمِعَ النَّبِيُّ ‏ ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ‏ ‏قَوْمًا ‏ ‏يَتَدَارَءُونَ ‏ ‏فَقَالَ: ‏ “‏إِنَّمَا هَلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ بِهَذَا ضَرَبُوا كِتَابَ اللَّهِ بَعْضَهُ بِبَعْضٍ وَإِنَّمَا نَزَلَ كِتَابُ اللَّهِ يُصَدِّقُ بَعْضُهُ بَعْضًا فَلَا تُكَذِّبُوا بَعْضَهُ بِبَعْضٍ فَمَا عَلِمْتُمْ مِنْهُ فَقُولُوا وَمَا جَهِلْتُمْ ‏ ‏فَكِلُوهُ ‏ ‏إِلَى عَالِمِهِ” رواه أحمد في مسنده

Аз-Зухри Амр ибн Шуьайбдан, риваят кылат: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бир жамаат адамдар талашып жатканын угуп, мындай деди: “Силерден мурункулар да ушундан улам жок болушту. Алар Аллахтын китебинин кээ бир жерлерин башка жерлерине каршы коюшту . Аллахтын китеби анын кээ бир жерлери башка жерлерин тастыктоо үчүн түшүрүлгөн, андыктан кээ бир бөлүгү менен башкаларын жокко чыгарбагыла. Андыктан ал жөнүндө билгениңерди айткыла, билбеген маселеде анын аалымына кайрылгыла”. Ахмад өзүнүн Муснадында риваят кылган.

Айюб Ибн Маликадан риваят кылат, ал айтты: Абу Бакр Ас-Сыддыктан (Аллах андан ыраазы болсун) бир аят жөнүндө сурашканда, ал айтты: Эгер мен Аллахтын Китеби жөнүндө Аллах каалгандан башка нерсени айтсам, мени кайсы жер көтөрөт, кайсы асман мени калкалайт? Кайда барам?”.

Ибн Масуд жана Ибн Аббастын риваяттары менен тастыкталган: Ким адамдар сураган бардык нерсеге фатва берсе, ал жинди.

Шафии Аллах аны ырайымына алсын, айтты: Мен Маликтин мындай деп айтканын уктум: Ибн Ажлан: “Эгер аалым “билбейм” деп айтууну унутта калтырса, ал кыйроого жана адашууга дуушар болот жана аны ээрчигендер жок болот. Ибн Ажлан муну Ибн Аббастын риваятында айткан.

Абу Хусейн Асади айтты: Алардын бири бул маселе боюнча фатва чыгарат жана эгер ал Умарга сунушталса, ал Бадр калкын чогултмак (анан фатва бермек).

Ибн Масуд риваят кылган хадисте: Кимде илим бар болсо айтсын, кимде илим жок болсо: “Аллах жакшыраак билет” деп айтсын, анткени Алла Таала пайгамбарына мындай деген:

{قُلْ مَآ أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ وَمَآ أَنَآ مِنَ ٱلْمُتَكَلِّفِينَ} ‏

Айткын: “Мен силерден бул үчүн эч кандай сыйлык сурабайм жана мен жалганчылардан да эмесмин” (жалган сөздөрдү ойлоп чыгарып, өздөрү билбеген нерселерди таңуулагандардан эмес, тескерисинче, Аллах Тааладан ага түшүрүлгөнгө ээрчиген).

Илимде, амалда жана такыбалык жагынан бардык муундардын эң жакшысы болгон сахабалар жана таабииндердин айткандары бул болсо, Анда азыркы замандын аалымдары бүгүнкү күндө Аллахтын динине кол салууга батынгандар жана Аллах каалаганына туура келбеген фатва бергендер бул жөнүндө эмне дешет? Эмне үчүн алар акимдерин ыраазы кылып, Раббисин нааразы кылып, дүнүйөнүн кызыкчылыгы үчүн тозокко киришет? Бул сарай аалымдары адамдарды илимден адаштырышат. Алар тууралу Пайгамбар (с.а.в) мындай деген:

إذا رأيتم العلماء على أبواب السلاطين فخافوا على دينكم منهم“.

Эгер султандардын эшигинде аалымдарды көрсөң, алардан диниң үчүн корк.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 15-робиул аввал.

2025-ж, 7-сентябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button