Жамандыктан коркуп сурануу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Жамандыктан коркуп сурануу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
“Сахих аль-Бухари” Пазилеттер китеби китебинде “Менин үммөтүм Курайш уруусунун жаштарынын колу менен жок кылынат” бөлүмүндө айтылган:
حدثني محمد بن المثنى حدثنا الوليد بن مسلم حدثنا عبد الرحمن بن يزيد بن جابر حدثني بسر بن عبيد الله الحضرمي أنه سمع أبا إدريس الخولاني يقول سمعت حذيفة بن اليمان يقول “كان الناس يسألون رسول الله صلى الله عليه وسلم عن الخير وكنت أسأله عن الشر مخافة أن يدركني فقلت يا رسول الله إنا كنا في جاهلية وشر فجاءنا الله بهذا الخير فهل بعد هذا الخير شر قال نعم فقلت هل بعد ذلك الشر من خير قال نعم وفيه دخن قلت وما دخنه قال قوم يستنون بغير سنتي ويهدون بغير هديي تعرف منهم وتنكر فقلت هل بعد ذلك الخير من شر قال نعم دعاة على أبواب جهنم من أجابهم إليها قذفوه فيها فقلت يا رسول الله : صفهم لنا قال نعم قوم من جلدتنا ويتكلمون بألسنتنا قلت يا رسول الله فما ترى إن أدركني ذلك قال تلزم جماعة المسلمين وإمامهم فقلت فإن لم تكن لهم جماعة ولا إمام قال فاعتزل تلك الفرق كلها ولو أن تعض على أصل شجرة حتى يدركك الموت وأنت على ذلك
Мухаммад ибн аль-Мутанна Хузайфа ибн аль-Йамандан риваят кылат. Адамдар Аллахтын Элчисинен (саллаллаху алейхи уа саллам) жакшылык жөнүндө сурашчу, мен болсо жамандык мага жетип калуусунан коркуп, жамандык жөнүндө сурадым. Ошондо мен: “Оо, Аллахтын Элчиси, биз караңгылыкта (жахилията) жана жамандыкта болчубуз, Аллах бизге бул жакшылыкты (исламды) алып келди, бул жакшылыктан кийин жамандык барбы? дедим. Ал: Ооба, деди. Мен: ал жамандыктан кийин жакшылык барбы? дедим. Ал: Ооба, анын ичинде түтүн бар, – деди. Мен: Анын түтүнү эмне? дедим. Ал айтты: Менин жолумдан башка жолду ээрчиген жана менин туура жолумдан башка жолду ээрчиген коом, сен алардын кээ бирлерин жактырасың, кээ бирлерин четке кагасың. Мен: ошол жакшылыктан кийин жамандык барбы? дедим. Ал айтты: Ооба, тозоктун эшигинин алдында чакыруучулар бар, ким алардын чакырыгына жооп берсе, ал ага ыргытылат. Мен айттым: Оо, Аллахтын элчиси, аларды бизге сыпаттап бер. Ал: Ооба, алар биздин терибизден ( өзүбүздөн) чыккан адамдар жана биздин тилде сүйлөшөт. Мен айттым: Оо, Аллахтын Элчиси, эгер мага ушундай болуп калса, кандай ойлойсуз? Ал айтты: мусулмандардын жамаатын жана алардын имамын карман. Мен айттым: Эгер алардын жамааты же имамы жок болсочу, ал айтты: Анда сен ошол абалда турганыңда өлүм келгиче бир дарактын тамырын тиштеп алсаң да, ал топтордун баарынан обочодо бол”.
Сахих аль-Бухаринин шархы Фатхул-Бари китебиндеги фитналар бөлүмүндө жамандыктын артынан келген жакшылык таза жакшылык эмес, анын ичинде булгануу бар экендиги айтылган.
باب كيف الأمر إذا لم تكن جماعة “жамаат жок болсо абал кандай болот” дегендин мааниси: Мусулман халифа боюнча бир пикирге келээрден мурун пикир келишпестикке учураса эмне кылышы керек?
مخافة أن يدركني “Мага жетип калуусунан корккондуктан“ Наср ибн Асимдин хадисинде Хузайфанын сөзү: “жакшылык менден өтүп кетпешин билдим” деп келет.
في جاهلية وشر “жахилиятта жана жамандыкта“ Исламдан мурда болгон куфр, бири-бирин өлтүрүү, бири-бирин талап-тоноо, бузукулук кылууну билдирет.
فجاءنا الله بهذا الخير “Ошентип, Аллах бизге бул жакшылыкты алып келди“ ыйман, коопсуздук, жакшы абал жана бузукулуктан сактануу.
نعم ، وفيه دخن “Ооба жана анын ичинде түтүн бар“ бул жек көрүү жана ал алдамчылык деп айтылды, жүрөктө бузукулук деп да айтылды, үчөөнүн мааниси бири бирине жакын. Жамандыктын артынан келген жакшылык таза жакшылык эмес, тескерисинче, анда булгануу бар экенин көрсөтөт. Түтүн дегенде абалдын булганганынан кабар берет дешти. Ошондой эле түтүн ар бир жактырбаган нерсе деп айтылган.
قوم يهدون ) بفتح أوله ( بغير هديي ) “Менин хидаятымдан башка жолду кармангандар“ Абул Асваддын риваятында: “Менден кийин менин хидаятымда туура жолго түшкөн жана сүннөтүмө амал кылбаган имамдар болот” деп келет.
تعرف منهم وتنكر “Алардын кээ бирин жактырасың кээ бирлерин четке кагасың“. Бул алардын амалдарын билдирет. Муслимде келген Умму Саламанын хадисинде: ” فمن أنكر برئ ومن كره سلم “ “Ким четке какса таза болот, ким жаман көрсө аманчылыкта калат”.
دعاة акыйкаттан башкага чакырган дааватчыларды билдирет.
على أبواب جهنم “Тозоктун эшигинин алдында“. Абалдары эмнеге алып барарын эске алуу менен аларды ушундай атады. Арамга буюрган адамга айтылгандай: Ал тозоктун босогосунда турат.
هم من جلدتنا “Алар биздин терибизден (өзүбүздөн) дегени биздин элден, тилибизден, динибизден, бул алардын арабдардан экендигине ишарат кылат. Давудий айтты: Башкача айтканда, Адам баласынан. Аль-Кабиси айтты: Анын мааниси, алар биздин динибизден болуп көрүнгөнү менен, ички дүйнөсү башкача. Бир нерсенин териси анын сырткы көрүнүшү жана ал алгач дененин кабыкчасы. Арабдар негизинен кара тору болгондуктан, өңү териде гана көрүнөөрү менен бекемделип айтылган. Ийяд айтты: Биринчи жамандык деген сөз Усмандан кийин болгон фитналар, ал эми андан кийинки жакшылыктар Умар ибн Абдулазиздин халифалык доорунда болгондор, ал эми силер жактырган жана четке каккандар андан кийинки амирлер. Алардын арасында сүннөт жана адилеттүүлүктү кармангандар да, бидъатка чакырып, зулумдук кылгандар да болду. Мен айттым: Биринчи жамандыктын мааниси биринчи балээлер жөнүндө айтканы, ал эми жакшылыктын мааниси Али жана Муавия менен болгон жолугушуудагы болгон нерсе, ал эми түтүндүн мааниси Ирактагы Зияд сыяктуу кээ бир амирлерде болгон окуя жана Хавариждерден ага каршы чыккандардын келишпестиги. Жана тозоктун эшигинин алдындагы насаатчылардын арасында хавариждерден жана башкалардан турган бийликке умтулгандар бар. Буга анын: “Мусулмандардын жамаатын жана алардын имамын карман” дегени, эгер ал адилетсиз болсо да, дегенге ишара кылууда. Бул Абу аль-Асваддын риваятында: ” ولو ضرب ظهرك وأخذ مالك ” “Ал сенин жонуңа уруп, мал-мүлкүңдү тартып алса да” деген сөз менен ачыкталган. Ал-Хажжаждын амирлигинде жана ага окшогондордо мындай окуялар көп болгон.
ولو أن تعض “тиштеп алсаң да“ ал тайпалардан бөлүнүү тиштөө менен болсо да, андан тайба.
وأنت على ذلك “Сен ошондой абалда бол“ кармануу мусулмандардын жамаатына жабышып, алардын акимдери баш ийбесе да баш ийүүнүн мааниси. Байдави айтты: Жер жүзүндө халифа жок болсо, анда өзүңдү обочолонтуп, замандын катаалдыгына чыдап сабыр кыл. “Баланча оорунун катуулугунан таш тиштейт” дегендей, дарактын тамырын тиштөө, кыйынчылыкка чыдагандыктын каймана мааниси. Же башка хадисте: “عضوا عليها بالنواجذ ” “Аны азуу тиштериңер менен тиштегиле” дегени сыяктуу, бекем кармануу дегенди билдирет. Биринчисин башка хадисте айткан: ” فإن مت وأنت عاض على جذل خير لك من أن تتبع أحدا منهم ” “Эгер тамырды тиштеп өлсөң, сен үчүн алардын бирине ээрчигенден жакшыраак”, – деген сөзү менен бекемделет. Ибн Баттал айтты: Анда факихтер үчүн мусулмандар жамаатын кармануу жана зулум имамдарга каршы чыгуудан тыйылуу важибине карата далилдер бар. Анткени ал акыркы топту “тозоктун эшигинин алдындагы дааватчылар” деп сыпаттап, алар жөнүндө алгачкы эки жамаат жөнүндө айткандай: “алардын кээ бирин жактырасыңар жана кээ бирин четке кагасыңар” деп айткан эмес. Алар акыйкат үстүндө болбогондуктан ушундай деп айтты, ошондуктан жамаатты карманууну буйруду. Ат-Табари айтты: Бул маселеде жана жамаат жөнүндө пикир келишпестиктер бар. Кээ бирөөлөр айтышты: “жамаатты кармануу парз, анткени жамаат көпчүлүк”. Андан кийин Мухаммад бин Сирийиндин Абу Масуддан риваят кылган риваятына таянып, ал андан Усмандын өлтүрүлүшү тууралуу сураган адамга: عليك بالجماعة فإن الله لم يكن ليجمع أمة محمد على ضلالة “жамаатты карамангыла анткени Аллах Мухаммаддын үммөтүн адашууда бириктирбейт” деп насаат кылганын келтирди. Кээ бирөөлөр айтышты: “жамаат дегенде сахаабаларды айтты алардан кийинкилерди эмес”.
Кээ бирөөлөр айтышты: “жамаат дегенде алар илим ээлери, анткени Аллах аларды калайык калк үчүн далил кылды жана адамдар дин маселесинде аларга ээрчишет”. Ат-Табари айтты: Хадистин туура мааниси – жамаат кимди амир кылып дайындоого келишишкен болсо, ага баш ийүүсү керек. Ким байатын бузса, ал жамааттан тышкары болот. Ал айтты: Хадисте элдин имамы жок болуп, эл бөлүнүп-жарылса, анда ал бөлүнүп-жарылган тайпалардын эч кимисин ээрчибеши керек, эгер колунан келсе жамандыктан коркуп, өзүн ар кандай тайпалардан обочолонтуусу керек деп айтылат. Ушуга ылайык, калган хадистерде айтылгандар колдонулат жана аны менен алардын ортосундагы карама каршылыктар жамдаштырылган. Аны жогоруда айтылган Абдуррахман ибн Курттун риваяты тастыктайт. Ибн Абу Жамра айтты: Хадисте Аллахтын пенделериндеги даанышмандыгы алардын ар бирине каалаганындай кылып койгонудугу айтылат. Ал сахабалардын көбү ал жөнүндө билип, башкаларга жеткирүү үчүн жакшылык жөнүндө суроого үндөгөн. Хузайфа жамандыктан сактануу жана аны Аллах куткарууну каалаган адамдарга жеткирүүгө себеп болуу үчүн жамандык жөнүндө сураганды жакшы көрдү. Мында Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) акылмандыгынын кеңдигин жана даанышмандыктын бардык аспектилери боюнча билимин көрсөтүп турат, ал өзүнө эмне ылайыктуу деп сураган ар бир адамга жооп бере турган даражада болду. Мындан ким бир нерсени жакшы көрүп ага аракет кылса башкаларга караганда ал нерсенин үстүндө ийгиликке жетет деген жыйынтык чыгат. Демек, Хузайфа башка эч ким билбеген сырдын ээси болгондуктан, ага эки жүздүүлөрдүн ысымдары жана төмөнкү маселелер боюнча атайын билим берилген: мындан илим алуучуга мубах илимдерден ыктаган илимдердин түрлөрүн үйрөтүү, таалим- тарбия адептеринен экендиги алынган. Анткени бул аны түшүнүп, ишке ашырууга шашылуусу үчүн, ал эми жакшылыкка багыт берүүчү нерселердин бардыгын жакшылык деп аталары жана тескерисинче жамандыкка багыт берген нерселердин баардыгы жамандык деп аталары алынат. Андан китепке жана сүннөткө карама-каршы келген динге негиз салгандарды жана аларды ошол ойлоп чыгарган нерселерин негиз кылгандарды айыптап, ага жалганды жана пайгамбарлык хидаятка карама-каршы келген нерселердин баарын четке кагуу важибдигин камтыйт. Ал тургай динге каршы келген нерсе жогорку же төмөнкү даражалуу бирөө тарабынан айтылса дагы ал четке кагылуусу керектиги айтылды.
Урматтуу бир туугандар!
Бул хадисти жакшылап карап, анын сөздөрүнө терең ой жүгүрткөн адам анын бир эмес, бир нече мааниге ээ экенин жана бир эмес, бир нече маселеге кайрылганын көрөт. Биринчиси, сахаба Хузайфанын (р.а.) ынтызарлык менен, балээ жана фитна коркунучу болгон учурда туура жолдо калуу, куткарылуу жолу эмне экенин жана бул жолду башкаларга кантип үйрөтүүнү үйрөнүүгө болгон дилгирлиги. Экинчи маселе, Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын): “Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) алып келген жакшылыктан кийин келе турган жамандык андан соң жакшылык келет” деген сөзү. Ал ошондой эле өздөрүн жакшылыктын жарчысымын дегендер, алар хадисте айтылгандай тозоктун эшигинин алдындагы жарчылар гана боло турган адамдар экендигин айткан. Алар бизден жана биздин үммөттөн болсо да, угуучу аларды жакшылыкка чакырып жатат деп ойлосо да. Дааватчылардын бул түрүн Азирети Умардын риваятында эскертип, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай деген: إن أخوف ما أخاف على أمتي كل منافق عليم اللسان “Менин үммөтүм үчүн эң корккон нерсем – чечендик менен сүйлөгөн эки жүздүү“. (Ад-Даркутни риваят кылган хадис, ал мавкууф хадис). Ахмад бир риваятында: ” يتكلم بالحكمة ويعمل بالجور “Ал акылмандык менен сүйлөйт, бирок адилетсиздик менен иш кылат” деп кошумчалады.
Хадисте сөз кылынган акыркы маселе, халифанын жана имамдын жоктугу болгон Ислам үммөттүнүн бүгүнкү абалы.
Бул маселеге кайрылуу керек, анткени кээ бир адамдар хадисте айтылганды жалпысынан партиялардан жана жаматтардан обочолонуу деп түшүнүшкөн. Алар Пайгамбар (саллаллаху алейхи васалламдын) максаты бардык партия жамааттардан эмес, бул дааватчыларды камтыган жамаат партиялардан обочолонуу экенин түшүнүшкөн жок. Кармануу ваажиб болгон жамаат мусулман адам бейишке жетиши үчүн Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын) жолун ээрчиген жамаат менен бирге исламий жашоону кайра улантып шарьий өкүмдөр менен башкаруусу үчүн, жок халифаны тикелөө керек. Чындыгында, алардын түшүнүгү жакшылыкка чакырган, жакшылыкка буйруган жана жамандыктан кайтарган жамааттарды түзүү зарылдыгын көрсөткөн Куран жана Сүннөттөгү көптөгөн далилдер менен карама-каршы келет.
Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 23-робиус саани.
2025-ж, 17–октябрь.
