Ислам беш түркүккө курулган

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ислам беш түркүккө курулган
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Сахих аль-Бухариинин тафсири Ибн Хажар Аскаланиге таандык Фатхул-Бариде Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдын) “Ислам беш нерсеге курулган” деген бабында айтылган:
حدثنا عبيد الله بن موسى قال أخبرنا حنظلة بن أبي سفيان عن عكرمة بن خالد عن ابن عمر رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: ” بني الإسلام على خمس، شهادة أن لا إله إلا الله وأن محمدا رسول الله، وإقام الصلاة، وإيتاء الزكاة، والحج وصوم رمضان”.
Убайдкллах ибн Муса бизге Ибн Умардан (ал экөөнөн Аллах ыраазы болсун) риваят кылды: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ислам беш түркүккө курулган: Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк берүү, намазды окуу, зекет берүү, ажылык кылуу жана Рамазан орозосун кармоо”.
Урматтуу бир туугандар:
Кичинекей кезибизден бери, бул хадисти угуп, ушул сөздү кайталап келебиз. Бирок, тилекке каршы, биз жаттап, кубаныч менен кайталаган нерседен, вакыйдан алыс сөздөрдүн жыйындысын гана түшүндүк. Асыл хадисте Ислам дини жана анын түркүктөрү тууралуу айтылат. Жакшылап изилдеп көрсөк, Исламда анын түркүктөрүнө тиешелүү да, түркүк эмес да өкүмдөр камтылганын көрөбүз. Ислам амалий дин болгондуктан, Исламдын түркүктөрү турмушта колдонулбай жатканын көрөбүз.
Эй мусулмандар, ислам жөнүндө эмне айтууга болот? Үммөттүн турмушунда намаздын тиреги кайда? Ким кааласа намаз окуйт ким каалабаса окубайт. Зекеттин түркүгү кайда? Мамлекет тарабынан салынган салыктар бар, бирок зекет жыюучу орган жок. Орозонун түркүгү кайда? Мусулманды орозо кармоого ким мажбурлай алат? Ажылык түркүгү кайда? Ар бир өлкө үчүн жылына бекитилген белгилүү бир квота бар.
Тескерисинче, үммөттүн уулдары өз жашоосунда намаз окуп, орозо кармаса аларды жоопко тарта турган башкаруучулар бар. Бул таң калычтуу эмес. Бирок таң калычтуусу жана өкүнүчтүүсү, бул үммөттүн шейхтеринен, аалымдарынан, азыркы мезгилде Ислам үчүн аракет кылып жатабыз деген кыймылдардын жетекчилеринен кээ бир акимдердин кемчиликтери эле болбосо иш жакшы жүрүп жатканын, биз жашап жаткан жашоо исламий жашоо деп айтып жаткандарын угуубуз. Аллах үчүн, эй мусулмандар, Ислам аалымы эмес, бул сөз душмандан да кабыл алынбайт! Мындай уулуу сөздөр менен кантип жашай алабыз? Ислам ушундайбы? Бул Исламга, мусулмандарга жана Исламды кайра калыбына келтирүүгө аракет кылгандарга зулумдук эмеспи?
Кудуреттүү Арштын Раббиси Аллах Тааладан биздин көзүбүзгө Исламдын чыныгы жашоодо колдонулуусун көрсөтүп, көзүбүздү сүйүндүрүшүн сурайбыз. Исламды коргоо жана аткарылышын камсыз кылуу, Ислам мыйзамдары менен адилеттүүлүккө жетүү мамлекет аркылуу гана болот. Бул талкаланганына токсон тогуз жыл болгон Халифалык мамлекети. Ал адилеттүүлүк жана жакшылык мамлекети. Оо, Аллахым, үммөткө туура жол көрсөт, анткени алар билишпейт.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 4-робиул аввал.
2025-ж, 27-август.