Камсыздандыруу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Камсыздандыруу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ جَابِرٍ قَالَ: “كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَا يُصَلِّي عَلَى رَجُلٍ مَاتَ وَعَلَيْهِ دَيْنٌ، فَأُتِيَ بِمَيِّتٍ فَقَالَ: أَعَلَيْهِ دَيْنٌ؟ قَالُوا: نَعَمْ دِينَارَانِ، قَالَ: صَلُّوا عَلَى صَاحِبِكُمْ، فَقَالَ أَبُو قَتَادَةَ الْأَنْصَارِيُّ: هُمَا عَلَيَّ يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَالَ: فَصَلَّى عَلَيْهِ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَلَمَّا فَتَحَ اللَّهُ عَلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: أَنَا أَوْلَى بِكُلِّ مُؤْمِنٍ مِنْ نَفْسِهِ فَمَنْ تَرَكَ دَيْنًا فَعَلَيَّ قَضَاؤُهُ وَمَنْ تَرَكَ مَالًا فَلِوَرَثَتِهِ” رواه أبو داود
Жабир (р.а) риваят кылган хадисте: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) карызы бар кезинде каза болгон кишиге жаназа окучу эмес. Анан ага бир жаназа алып келинди, ал: “Карыз барбы?” деди. Алар: Ооба, эки динар дешти. Ал айтты: Жолдошуңар үчүн жаназа окугула. Абу Катада аль-Ансари айтты: Аны мен төлөйм, эй Аллахтын элчиси. Ал айтты: Ошентип, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ага жаназа окуду. Аллах Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламга) фатх жана нусрат бергенде, ал айтты: “Мен ар бир момунга өзүнө караганда татыктуумун. Кимдин артында карызы калса, аны төлөө менин моюнумда, ал эми кимде-ким артында мал-мүлк калтырса, ал мураскорлоруна өтөт”. Абу Давуд риваят кылган.
“Аун ал-Мабуддун” автору мындай дейт: Казы, Аллах аны ырайымына алсын жана башкалар айтышты: Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) карызын төлөбөгөн адам үчүн жаназа окуудан баш тартуусу карыздан эскертүү жана карызын кайтарууда кечиктирүү жана шалаакылыктын алдын алуу үчүн, же адамдардын акысына кайдыгер болгондугун жана адилетсиздигин жактырбагандыктан болгон.
أَنَا أَوْلَى بِكُلِّ مُؤْمِنٍ .. إِلَخْ “Мен ар бир момунга өзүнө караганда татыктуумун...“ бардык нерседе, анткени мен ар бир бар болгон затка колум жете турган Халифамын. Демек, менин аларга болгон өкүмүм алардын өздөрүнүн өкүмүнө караганда өтүмдүү. Бул аят түшкөндө айткан.
(فَعَلَيَّ قَضَاؤُهُ) “Аны төлөө Менин мойнумда“ Аллах ага берген олжо жана садакадан. Бул анын карызы бар кезинде каза болгон адамдын жаназа намазын окубаган өкүмдү жокко чыгарат.
Урматтуу бир туугандар.
Кепилдик – бул бир милдеттенменин экинчисине кошулушу жана ал милдеттемедеги белгиленген укуктун кепилдиги. Анда кепил бар, кепилденген адам жана кепилдик алуучу бар. Бул хадисте кепилге алган адам кепилдикти компенсациясыз алганы, ошондой эле кепилдик берилген адам белгисиз адам жана (алып жаткан) белгисиз алуучу бар экени көрүнүп турат.
Абу Катада берген кепилдик – бул жоопкерчиликти алууда компенсациясыз берилген кепилдик. Башкача айтканда Абу Катада (р.а) карызын төлөбөй өлгөн адамдын карызын төлөөдө ордуна эч кандай эч нерсе (компесация) албастан карызын төлөөнү өз моюнуна алып аны кепилдикке алып карыз берген адамга төлөп берди.
Андан көрүнүп тургандай, кепилдике алынган адам б.а. маркум жана алуучу кепил болгон адам б.а. карыз берген адам кепилдик учурунда (Абу Катада р.а. кепилдикке алып жаткан учурда) экөө тең белгисиз болгон.
Хадисте кепилдиктин жарактуулугунун шарттары жана анын келишим шарттары камтылган.
Бул шарьий кепилдик. Ал эми учурдагы кепилдик болуп саналган камсыздандыруу милдеттемелери- камсыздандыруу кепилдиктин жарактуулугу жана анын келишими үчүн шарият белгилеген бардык шарттардан тышкары экенин билебиз. Азыркы камсыздандыруу бир жоопкерчиликти экинчисине кошууну таптакыр камтыбайт. Камсыздандыруу компаниясы камсыздандырылуучуга акча которууда (Абу Катада р.а. өзүнүн жоопкерчилигин башка бирөөнүн жоопкерчилигине кошкондой) өзүнүн жоопкерчилигин башка бирөөнүн жоопкерчилигине кошкон эмес. Анда эч кандай кепилдикке алынган тарап жок болгондуктан камсыздандыруу жараксыз батыл болот. Камсыздандырууда камсыздандырылуучуга камсыздандыруу компаниясы милдеттенме алган финансылык укуктарды бербейт. Компания камсыздандырылган адам үчүн эч кандай каржылык милдетемени албагандыктан жана компания эч кандай каржылык укукту өз жоопкерчилигине албгандыктан муну шарьий кепилдик деп айтууга болбойт. Ошондой эле, камсыздандырылуучунун камсыздандыруу келишимин түзүүсүнө байланыштуу, дароо же келечекте анын кепилдиги күчүндө болуусу үчүн камсыздандыруу компаниясы камсыздандырылуучуну компенсацияга, баага же акча төлөөгө милдеттентирүүсү да шариятта каралган эмес. Камсыздандыруу компаниясы учурда талап кылынбаган жана келечекте талап кылынбай турган нерсеге кепилдик берген. Ошондуктан мындай кепилдик жараксыз. Демек, камсыздандыруу жараксыз болуп саналат. Анын үстүнө, камсыздандырууда эч ким кепилдикке алынбайт, анткени камсыздандыруу компаниясын кепил деп атоого боло тургандай, ал эч кимди кепилдикке алган эмес. Камсыздандыруу келишиминде шариятта талап кылынган кепилдиктин маанилүү элементи жок, ал кепилденген тараптын болушу. Анткени шарьий кепилдикте: кепилге алган кепил, кепилденген адам, кепилдик алуучу болушу керек. Камсыздандыруу келишими эч кандай кепилдикке алынган тарапты камтыбагандыктан, ал ислам шариятына ылайык жараксыз. Ошондой эле, камсыздандыруу компаниясы зыянга же кырсыкка учураган учурда мүлктүн ордун толтурууга акча төлөп берүүгө милдеттенгенде, ал бул төлөмдү бир сумманын ордуна милдеттенген, ошондуктан бул “компенсация” милдеттемеси болуп саналат. Бул жараксыз, батыл. Анткени кепилдиктин жарактуулугунун шарты анын компенсациясыз болушу. Демек, компенсация менен камсыздандыруу жараксыз кепилдик болуп саналат.
Бул камсыздандыруу милдеттенмеси канчалык деңгээлде шариятта каралган кепилдик шарттарынан ажыраганын жана анын кепилдикти белгилөө шарттарына жана анын жарактуулугунун шарттарына жооп бербегендигин көрсөтөт. Демек, компания убада кылган компенсация же акча төлөп берүү кепилдигин берген баалуу кагаздар келишими түп тамырынан жараксыз. Ошондуктан камсыздандыруу шарьий түрдө жараксыз болуп саналат.
Демек, жашоону камсыздандыруу болобу, товарды камсыздандыруу болобу, мүлктү камсыздандыруу болобу же башка нерсе болобу, бардык камсыздандыруу ислам шариятында арам. Анын арам болушунун себеби, анын келишими Ислам шариатында каралган кепилдик боюнча шарттарды камтыбагандыгы болуп саналат. Камсыздандыруу компаниясынын келишим боюнча берген милдеттенмеси ислам мыйзамдары боюнча жараксыз. Демек, бул келишим жана милдеттенменин негизинде акча алуу арам, арам акчаны колдонууга болбойт жана ал арам киреше болуп саналат.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 3-жумаадил уула.
2025-ж, 25–октябрь.
