Асыл хадис

Ким жумушчуну жумушка алса эмгек акысын билдирсин!

Бисмиллаахи рахмаанир

Асыл хадис менен

Ким жумушчуну жумушка алса эмгек акысын билдирсин!

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

رَوَى أَبُو حَنِيفَةَ، عَنْ حَمَّادٍ، عَنْ إِبْرَاهِيمَ، عَنِ الْأَسْوَدِ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «… وَمَنِ اسْتَأْجَرَ أَجِيرًا فَلْيُعْلِمْهُ أَجْرَهُ».

Абу Ханифа Хаммаддан, Ибрахимден, Асваддан, Абу Хурайрадан, риваят кылган хадисте Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “.. ким жумушчуну жалдаса, анын акысын билдирсин”.

Урматтуу бир туугандар:

Аллах Таала адамдар бири бирине кызмат кылуусу үчүн, аларга бай жана жакырчылык даражасын кылды.

قَالَ تَعَالَى: (أَهُمْ يَقْسِمُونَ رَ‌حْمَتَ رَ‌بِّكَ نَحْنُ قَسَمْنَا بَيْنَهُم مَّعِيشَتَهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَرَ‌فَعْنَا بَعْضَهُمْ فَوْقَ بَعْضٍ دَرَ‌جَاتٍ لِّيَتَّخِذَ بَعْضُهُم بَعْضًا سُخْرِ‌يًّا وَرَ‌حْمَتُ رَ‌بِّكَ خَيْرٌ‌ مِّمَّا يَجْمَعُونَ. وَلَوْلَا أَن يَكُونَ النَّاسُ أُمَّةً وَاحِدَةً لَّجَعَلْنَا لِمَن يَكْفُرُ بِالرَّ‌حْمَٰنِ لِبُيُوتِهِمْ سُقُفًا مِّن فِضَّةٍ وَمَعَارِ‌جَ عَلَيْهَا يَظْهَرُ‌ونَ). (الزخرف 33)

Аллах Таала айтты: “Алар Раббиңдин ырайымын бөлүштүрүп жатышабы? Биз алардын дүйнө жашоосунда ырыскысын бөлүштүрдүк жана бири-бирине кызмат кылуусу үчүн алардын кээ бирлерин [даражалар менен] жогору көтөрдүк. Бирок Раббиңдин ырайымы алар жыйнагандан жакшыраак. Эгер адамдар бир үммөт болбогондо, (Мааниси: эгерде бардык адамдар бул дүйнөгө ыктап, акыретти таштап бир үммөт каапырга айланып кетишпесе эле) Биз Рахманга ишенбегендердин (каапырлардын) үйлөрүнүн чатырларын жана көтөрүлө турган тепкичтерин күмүштөн кылып коймокпуз.

Аллах пенделерине ижараны шарий өкүм кылып, алардын иштерин жеңилдетүү жана жалдануучулар менен ижарачылардын укуктарын коргоо үчүн ижара өкүмдөрүн белгилеген. Демек, ижара деген эмне? Анын аныктамасы кандай? Анын кандай түрлөрү бар? Анын мыйзамдуулугуна Куран жана Сүннөттөн кандай далилдер бар? Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана анын сахабалары (Аллах алардан ыраазы болсун) ижара менен алектенишчү беле?

Аныктама: Ижара – бул белгилүү баага, белгилүү мөөнөткө, белгилүү пайда үчүн милдеттүү келишим.

Ижара келишиминин үч түрү бар:

Биринчи түрү: Ар бир нерсенин өзүндөгү пайдасы үчүн ижарага алуу. Мисалы, дүкөндөрдү, үйлөрдү, жаныбарларды, кичине же чоң унааларды ижарага алуу.

Экинчи түрү: Иштин пайдасы үчүн ижарага алуу. Мисалы, анык иштерди аткаруу үчүн кесипкөй усталарды жана кол өнөрчүлөрдү жалдоо. Мында келишим жумуштан алынган пайда үчүн болот. Мисалы, боёкчу, инженер, куруучу, темир уста, жыгач уста ж.б. жалдоо сыяктуу.

Үчүнчү түрү: Жеке адамдардын кызматынан пайдалануу үчүн түзүлгөн келишим: белгилүү бир иштерди аткаруу үчүн кызматчыларды жана жумушчуларды жалдоо сыяктуу.

Ислам шариятына ылайык ижаранын бардык түрлөрүнө уруксат берилген. Буга Ыйык Курандан жана Пайгамбардын сөздөрүнөн жана иш-аракеттеринен көптөгөн далилдер бар, анын ичинде:

قوله تعالى: (فَإِنْ أرْضَعْنَ لَكُمْ فَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ(. (الطلاق6

Алла Таала айтат: Эгер алар силерге жалданып эмчек эмизсе, анда аларга акысын бергиле(Талак 6).

قَولُهُ تَعَالَى: (قَالَتْ إِحْدَاهُمَا يَا أَبَتِ اسْتَأْجِرْ‌هُ إِنَّ خَيْرَ‌ مَنِ اسْتَأْجَرْ‌تَ الْقَوِيُّ الْأَمِينُ). (القَصَص26

Алла Таала айтты: “Эки аялдын бири: “Оо, атам, аны жалда. Чындыгында, сен жалдай турган эң жакшысы, күчтүү жана ишенимдүү адам” деди” (Касас 26).

وقوله تعالى: (قَالَ إِنِّي أُرِ‌يدُ أَنْ أُنكِحَكَ إِحْدَى ابْنَتَيَّ هَاتَيْنِ عَلَىٰ أَن تَأْجُرَ‌نِي ثَمَانِيَ حِجَجٍ فَإِنْ أَتْمَمْتَ عَشْرً‌ا فَمِنْ عِندِكَ وَمَا أُرِ‌يدُ أَنْ أَشُقَّ عَلَيْكَ سَتَجِدُنِي إِن شَاءَ اللَّهُ مِنَ الصَّالِحِينَ. قَالَ ذَٰلِكَ بَيْنِي وَبَيْنَكَ أَيَّمَا الْأَجَلَيْنِ قَضَيْتُ فَلَا عُدْوَانَ عَلَيَّ وَاللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٌ). (القصص28)

Алла Тааланын: “Ал айтты: “Чындыгында, мен сени сегиз жыл кызмат кылууң үчүн ушул эки кызымдын бирине үйлөндүрөм, бирок он жылды толуктасаң, өзүңдүн каалооң менен болот. Жана мен сага кыйынчылык кылууну каалабайм. Аллах кааласа, мени салихтерден табасың. Ал айтты: “Бул сен экөөбүздүн ортобуздагы (келишим). Мен эки мөөнөттүн кайсынысын аткарсам, мага эч кандай душмандык жок. Биздин айтканыбызга Аллах күбө”. (Касас 28).

وقوله تعالى: (فَانطَلَقَا حَتَّىٰ إِذَا أَتَيَا أَهْلَ قَرْ‌يَةٍ اسْتَطْعَمَا أَهْلَهَا فَأَبَوْا أَن يُضَيِّفُوهُمَا فَوَجَدَا فِيهَا جِدَارً‌ا يُرِ‌يدُ أَن يَنقَضَّ فَأَقَامَهُ قَالَ لَوْ شِئْتَ لاتَّخَذْتَ عَلَيْهِ أَجْرً‌ا). (الكهف77)

Алла Таала айтты: “ Алар жолго чыгышты, качан бир айылдын элине келишкенде, анын элинен тамак сурашты, бирок алар коноктоодон баш тартышты. Анан ал жерде урай турган дубалды көрүштү да, аны кайра тургузду. Ал айтты: “Эгер кааласаң, анын акысын алмаксың” (Аль – кахф 77).

Адамга ижарга алуунун жайиздигине шарьий далилдердин арасында Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдын): «مَنِ استَأجَرَ أجِيرًا فَلْيُعلِمْهُ أجْرَهُ “Ким жумушчуну жалдаган болсо, анын акысын айтсын” деген сөзү бар.

Дагы (ага Аллахтын салам салаваты болсун), анын иш-аракетинен: Абу Бакр ас-Сыддык экөө Мадинага хижрат кылып жатышканда, Мекке менен Мадинанын ортосундагы коопсуз жолду көрсөтүү үчүн Бану ад-Дайл уруусунан чебер жол көрсөтүүчү, жолдорду жакшы билген бир адамды жалдашты.

Аллах жалдоо үчүн буйруган шарьий өкүмдөрдүн бири – жумушчунун эмгек акысын жумушун бүтөөрү менен берүү. Тери кургай электе берүү. Бул Аллахын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айткандай: «أعطُوا الأجِيرَ أجرَهُ قبلَ أنْ يَجِفَّ عَرَقُهُ». “Тери кургай электе жумушчунун акысын бергиле” деген негизги принцип. Бирок келишим түзгөн эки тарап төлөмдү иш бүткөндөн кийин бир канча убакытка жылдырууга макул болсо, бул жаиз. Ислам жумушчунун акысын берүүнүн зарылдыгын баса белгилеп, жумушчуну жалдаган адамга жумушчунун акысын жегенди арам кылган. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бизге кабарлагандай, кимде-ким жумушчу жалдап, ишин бүтүрүп, бирок акысын бербесе, Кыямат күнү Аллах Таала ага душман болот, ал эми кимге Аллах Таала душман болсо, ал эч качан кутула албайт.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ فِيمَا يَروِيهِ عَنِ اللهِ تَعَالَى: «ثَلاثَةٌ أنَا خَصْمُهُمْ يَومَ القِيَامَةِ: رَجُلٌ أعطَى بِي ثُمَّ غَدَرَ, وَرَجُلٌ بَاعَ حُرًّا فَأكَلَ ثَمَنَهُ, وَرَجُلٌ استَأجَرَ أجِيرًا, فَاستَوفَى مِنهُ, وَلَمْ يُوَفِّهِ أجْرَهُ

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Аллах Тааладан риваят кылган хадисте мындай деген: “Кыямат күнү мен үч адам менен душман болом: Менин атым менен келишим түзүп ант берип, анан ага кыянаттык кылган адам; азат адамды сатып, анын баасын жеген адам жана жумушчу жалдап жумушу бүткөндөн кийин анын акысын төлөбөгөн адам”.

Ошондой эле, Алла Таалага шерик кошуудан башка бардык күнөөлөрдү кечирет жана адамдардын укуктары, анын ичинде материалдык укуктар кечирилбей токтоп турат, мыйзамдуу ээси ага зулумдук кылган адамдан акысын алганга чейин, же чыныгы ээси аны кечиргенге чейин ал токтоп турат. Кыяматта акы укуктар акча менен эмес, жакшы-жаман иштер менен төлөнөрүн билүү керек. Тактап айтканда ким бул дүйнөдө бирөөнүн акысын жеп алса кыяматта жакшы иштери менен төлөйт, эгер бере турган жакшы иши жок болсо тигинин (акысы желгендин) бир жаман иши ага жүктөлөт. Анан ал Аллах каалаганча анын азабын тартат.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 29-робиус саани.

2025-ж, 21-октябрь.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button