Мага жана Абдулмутталиб уулдарына таандык нерсе силердики

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мага жана Абдулмутталиб уулдарына таандык нерсе силердики
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Насаи өзүнүн “Сунанында” мындай деп айткан:
أَخْبَرَنَا عَمْرُو بْنُ يَزِيدَ قَالَ حَدَّثَنَا ابْنُ أبي عَدِيٍّ قَالَ حَدَّثَنَا حَمَّادُ بْنُ سَلَمَةَ عَنْ مُحَمَّدِ بْنِ إِسْحَقَ عَنْ عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ عَنْ أبيهِ عَنْ جَدِّهِ قَالَ كُنَّا عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذْ أَتَتْهُ وَفْدُ هَوَازِنَ فَقَالُوا يَا مُحَمَّدُ إِنَّا أَصْلٌ وَعَشِيرَةٌ وَقَدْ نَزَلَ بِنَا مِنْ الْبَلَاءِ مَا لَا يَخْفَى عَلَيْكَ فَامْنُنْ عَلَيْنَا مَنَّ اللَّهُ عَلَيْكَ فَقَالَ اخْتَارُوا مِنْ أموالكُمْ أو مِنْ نِسَائِكُمْ وَأَبْنَائِكُمْ فَقَالُوا قَدْ خَيَّرْتَنَا بَيْنَ أَحْسَابِنَا وَأموالنَا بَلْ نَخْتَارُ نِسَاءَنَا وَأَبْنَاءَنَا فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَمَّا مَا كَانَ لِي وَلِبَنِي عَبْدِ الْمُطَّلِبِ فَهُوَ لَكُمْ فَإِذَا صَلَّيْتُ الظُّهْرَ فَقُومُوا فَقُولُوا إِنَّا نَسْتَعِينُ بِرَسُولِ اللَّهِ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أو الْمُسْلِمِينَ فِي نِسَائِنَا وَأَبْنَائِنَا فَلَمَّا صَلَّوْا الظُّهْرَ قَامُوا فَقَالُوا ذَلِكَ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَمَا كَانَ لِي وَلِبَنِي عَبْدِ الْمُطَّلِبِ فَهُوَ لَكُمْ فَقَالَ الْمُهَاجرُونَ وَمَا كَانَ لَنَا فَهُوَ لِرَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَقَالَتْ الْأَنْصَارُ مَا كَانَ لَنَا فَهُوَ لِرَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ
Амр ибн Язид бизге айтып берди. Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жанында болгонубузда, Хавазинден бир өкүлдөр келип: “Оо, Мухаммад, биз бир тектен жана бир урууданбыз, башыбызга сенден жашырылбаган (сен көрүп турган) балээ келди, Аллах сага берген жакшылыктан бизге да бер”, – дешти. Ал айтты: “Мал-мүлкүңөрдү же аялдарыңарды жана балдарыңарды тандагыла”. Алар: “Сен бизге тукумубузду же байлыгыбызды тандоо мүмкүнчүлүгүн бердиң, биз аялдарыбызды жана балдарыбызды тандайбыз”, – дешти. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: Мага жана Абдулмутталиб уулдарына таандык болгон нерсе силердики. Мен бешим намазын окугандан кийин: “Аялдарыбыз жана балдарыбыз үчүн момундар же мусулмандар үчүн Аллахтын Элчисинен жардам сурайбыз”, – деп айткыла. Бешим намазын окуп бүтүшкөндөн кийин, алар ушуну айтышты. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Мага жана Абдулмутталибдин уулдарыныкы болгон нерсе силердики”. Мухажирлер: “Биздики болгон нерсе, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) үчүн”, – дешти. Ансарлар: “Биздики болгон нерсе, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) үчүн”, – дешти.
Ас-Синдинин түшүндүрмөсүндө мындай деп айтылган:
“Тегибиз бир” ( إِنَّا أَصْلٌ ) арабдардын тамыры бир дегенди билдирет.
“Аллах сага берген жакшылыктан” مَنَّ اللَّهُ عَلَيْك Бул өтүнүч сыяктуу болуп, Аллах Таала сага ырайым кылган нерседен суроо. Бул Анын “Аллах сага жакшылык кылгандай жакшылык кыл” деген сөзүнө жакын.
( مِنْ أموالكُمْ ) “малдарыңдан”: дегенде ал “дан” деп кошуп, алардын малдарынан же аялдарынан кайтарып берүүнүн кайсынысы жеңилдигин сурады. Анткени анын баарын кайтарып берүү салтка айланган эмес.
( أَمَّا مَا كَانَ لِي إِلَخْ ) “Меники болгон нерселерге келсек”. Ал андан жалпы мүлктү тартууга алган сыяктуу, бирок бул жердеги белек тартуулоочу менен башкалардын ортосундагы көрүнгөн сөздү эске алганда жалпы мүлк болсо да, бирок чындыгында ар биринин үлүшү башкалардыкынан айырмаланып турат. Тартуу алганга жалпы мүлк жок. Бирок мунун баары аларга бөлүштүрүү үчүн берилген белек болуп саналат, эгерде экөөнө тең же бирөөсүнө карата жалпы мүлктүн формасы жөнүндө маселе каралбаса, ар бири өз аялы менен балдарын алат.
Урматтуу бир туугандар:
Хавазин Хунайн согушунда мусулмандар менен согушкан, бирок Аллах Таала аларды жеңип, алардын Исламды жок кылуу аракетин токтотту. Алардын мал-мүлкүн, аялдарын жана балдарын мусулмандарга олжо кылды. Андан кийин Хавазин Исламды кабыл алды жана анын кишилери Аллахтын Элчисине (саллаллаху алейхи уа саллам) келип, мал-мүлкүн, аялдарын жана балдарын кайтарып берүүсүн суранышты. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) алардын аялдарынан жана балдарынан болгон өз үлүшүн жана Бану Абдул-Мутталибдин үлүшүн берип аларга жакшылык кылды. Андан кийин мухажирлер жана ансарлар анын артынан ээрчип, калган аялдар менен балдарды алардын үй-бүлөлөрүнө кайтарышты.
Бул хадис жеке адамдарга эч кандай каржылык жана күч-аракет жумшабастан мал-мүлк берүү же алуу мыйзамдуулугуна ишарат кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Хунайн олжолорунан өз үлүшүн жана үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон үлүшүн Хавазиндин өкүлдөрүнө, аларга кун төлөтпөстөн берди. Хавазин алардын аялдарын жана балдарын кайтарып алуу үчүн эч кандай акча төлөбөстөн жана күч- аракет жумшабастан алып кеткен.
Ислам беш учурда жеке адам мал-мүлктү эч кандай компенсациясыз же күч-аракет жумшабастан алууга уруксат берген:
Биринчиси: Байланыш мамиле, мамиле ал адамдын тирүү кезинде же өлгөндөн кийин болобу айырмасы жок.
Тирүү кезинде ал эки учурда көрсөтүлөт: Тартуу алуу: анын далили биздин бүгүнкү талкуубуздагы хадис.
Белек: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдын): “Бири-бириңерге белек бергиле, бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр” деген сөзүнө негизделген.
Ал өлгөндөн кийинкиси ал керээз менен берилген нерсе, анын далили:
ودليلها ما رواه البخاري عن سعد بن أبي وقاص قال : ” مَرِضْتُ بِمَكَّةَ مَرَضًا فَأَشْفَيْتُ مِنْهُ عَلَى الْمَوْتِ فَأَتَانِي النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَعُودُنِي فَقُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ لِي مَالًا كَثِيرًا وَلَيْسَ يَرِثُنِي إِلَّا ابْنَتِي أَفَأَتَصَدَّقُ بِثُلُثَيْ مَالِي قَالَ لَا قَالَ قُلْتُ فَالشَّطْرُ قَالَ لَا قُلْتُ الثُّلُثُ قَالَ الثُّلُثُ كَبِيرٌ إِنَّكَ إِنْ تَرَكْتَ وَلَدَكَ أغنياء خَيْرٌ مِنْ أَنْ تَتْرُكَهُمْ عَالَةً يَتَكَفَّفُونَ النَّاسَ “
Аль-Бухари Саад бин Абу Ваккастан (р.а) риваят кылган хадисте, ал айткан: “Мен Меккеде ооруп, ал оорудан өлгүчө айыгып кеттим. Анан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мага зыярат кылып келди. Мен: “Оо, Аллахтын Элчиси, менин байлыгым көп, кызымдан башка эч ким мураскор болбойт, мал-мүлкүмдүн үчтөн экисин садага кыламбы?” Ал айтты: Жок. Мен айттым: Анда жарымын. Ал айтты: Жок. Мен айттым: Үчтөн бирин. Ал айтты: Үчтөн бири көп. Балаңды бай калтырганың, элден кайыр сурап, кедей калтыргандан жакшы”.
Адам өзүнө берилген белекке жана тартууга ээлик кылуусу. Ошондой эле шарьий мүлк катары керээз калтырган адамдын мүлкүнө ээлик кылып калуусу шарьий мүлк катары саналат.
Экинчиси: Жеке адамга келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары акча алуу укугу, мисалы: киши өлтүрүү үчүн кун алуу жана жарааттар үчүн кун акча алуу.
Далилине келсек: Адам өлтүрүү үчүн кун акчанын далили Алла Тааланын:
” وَمَنْ قَتَلَ مُؤْمِنَاً خَطَاً فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مُؤْمِنَةٍ وَدِيَةٌ مُسَلَّمَةُ إلى أهْلِهِ “
“Ким бир момунду жаңылыш өлтүрсө, анда бир момун кулду азат кылуу жана маркумдун үй-бүлөсүнө кун төлөнсүн” деген сөзү.
Жарааттар үчүн кун акча алуунун далили:
ما رواه النسائي عن الزهري عن أبي بكر بن محمد بن عمرو بن حزم عن أبيه عن جده أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَتَبَ إلى أَهْلِ الْيَمَنِ كِتَأبا فِيهِ الْفَرَائِضُ وَالسُّنَنُ وَالدِّيَاتُ وَبَعَثَ بِهِ مَعَ عَمْرِو بْنِ حَزْمٍ . وقد جاء في الكتاب : ” وَفِي الْأَنْفِ إِذَا أُوعِبَ جَدْعُهُ الدِّيَةُ وَفِي اللِّسَانِ الدِّيَةُ وَفِي الشَّفَتَيْنِ الدِّيَةُ وَفِي الْبَيْضَتَيْنِ الدِّيَةُ وَفِي الذَّكَرِ الدِّيَةُ وَفِي الصُّلْبِ الدِّيَةُ وَفِي الْعَيْنَيْنِ الدِّيَةُ وَفِي الرِّجْلِ الْوَاحدةِ نِصْفُ الدِّيَةِ وَفِي الْمَأْمُومَةِ ثُلُثُ الدِّيَةِ وَفِي الْجَائِفَةِ ثُلُثُ الدِّيَةِ وَفِي الْمُنَقِّلَةِ خَمْسَ عَشْرَةَ مِنْ الْإِبِلِ وَفِي كُلِّ أُصْبُعٍ مِنْ أَصَابِعِ الْيَدِ وَالرِّجْلِ عَشْرٌ مِنْ الْإِبِلِ وَفِي السِّنِّ خَمْسٌ مِنْ الْإِبِلِ وَفِي الْمُوضِحَةِ خَمْسٌ مِنْ الْإِبِلِ وَأَنَّ الرَّجُلَ يُقْتَلُ بِالْمَرْأَةِ وَعَلَى أَهْلِ الذَّهَبِ أَلْفُ دِينَارٍ”
Насаи Аз-Зухри риваят кылган. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам Йемен калкына парздарды, сүннөттөрдү жана кун акчаларды камтыган кат жазып, Амр ибн Хазм менен бирге жөнөтөт. Катта мындай деп айтылат: “Мурун үчүн, анын кесилиши толук болсо, кун акча бар. Тил үчүн кун акча бар. Эриндер үчүн кун акча бар. Эки мөндөлөк үчүн кун акча, жыныстык мүчөгө кун акча, белге кун акча, эки көзгө кун акча бар. Бир буту үчүн жарым кун акча, ал эми күң болгон аялга үчтөн бир кун акча төлөнөт. Өлүмгө дуушар кылуучу жарат болгон учурда (башына же курсагына жеткен бычактан жараат) кун үчүн төлөнүүчү сумманын үчтөн бири төлөнөт. Ал эми мункала үчүн он беш төө: сөөк сынып, оордунан жылып кетсе , “мункала” деп аталган он беш төөнүн кун акысы алынат. Ал эми кол менен буттун манжасы кесилсе ар бир манжасына он төө кун акы алынат. Ал эми тиш үчүн (сындырылса) беш төө, сөөк көрүнүп калган жараат үчүн беш төө. Эгер эркек аялды өлтүргөндүгү үчүн өлтүрүлсө, алтынга ээ болгондорго миң динар кун акча төлөнөт”.
Бул кун акча мыйзамдуу ээсинин шарьий мүлкү болуп саналат.
Үсүчүнчүсү: Нике келишими аркылуу махрга жана анын буюмдарына ээлик кылуусу;
Анын далили Алла Тааланын: ” وءَاتوا النساءَ صَدُقاتِهِنَّ نِحْلَةً ” “Аялдарга махрларын бергиле” деген сөзү.
Махр — белек. Махр кээ бир адамдар ойлогондой аялдын авратын пайдалануу үчүн эмес, тескерисинче, аялга берилген белек, аны күйөөсү өз каалоосу менен бериши керек, анткени бул Аллах Тааланын парзы. Нике эрежелерине ылайык, бул махр аялга таандык.
Төртүнчүсү: жоголгон буюмду таап алуу:
ودليلها: قوله صلى الله عليه وسلم حين سئل عن اللقطة : ” ما كان منها في الطريق المِيتاء ( اي المسلوكة ) أو القرية الجامعة, فعرفها سنة, فإن جاء طالبها فادفعها إليه, وإن لم يأت فهي لك, وما كان في الخراب , يعني ففيها وفي الركاز الخمس”
Анын далили: Пайгамбар (с.а.в)дан жоголгон мал-мүлкү тууралуу суралганда: “Анын кайсынысы адам көп жүргөн жолдо (б.а. басып өткөн) же жалпы айылга жакын жерде болсо, аны бир жыл жарыя кыл, эгер аны издеген адам келсе, бергиле, эгер ал келбесе, ал сеники. Ал эми урандылардын астынан таап алынган нерседен жана казына таап алгандан бештен бир бөлүгү (мамлекетке) берилет.
Бешинчиси: Халифага компенсация:
Анын далили:
ودليله: ” أن أبا بكر رضي الله عنه أخذ مالا تعويضاً عن حبسه عن التجارة حين طُلِبَ منه أن يتفرغ لشؤون المسلمين وأقره الصحابة على ذلك
“Абу Бакр (радыяллаху анху), мусулмандардын иштерин башкарууда ага убакыт ажыратуу үчүн, соода кылуудан тыйылганы үчүн компенсация катары акча алган жана сахабалар муну жактырышкан”.
Халифанын казынадан алганы анын эмгеги үчүн акы эмес, анткени ал үммөт үчүн жалдануучу жумушчу эмес, тескерисинче, ал Аллахтын мыйзамын ишке ашырууда үммөттүн өкүлү.
Халифа элдин кызыкчылыгын ойлогондуктан, өз жанын бага турган жана үй-бүлөсүнүн оокатын кыла турган жумуш менен алектенүүсүнө тоскоол болуп, мамлекеттик казынадан алган каражаты өз чыгашасын жабуу үчүн гана.
Урматтуу бир туугандар:
Ислам дини акчаны эл арасында жүгүртүүгө жана ал байлардын чакан тобунун колунда топтолуп калбоосуна ынтызар. Ал жеке адамдар үчүн жашоо үчүн кенен горизонтторду ачып, алсыздарга, анын ичинде балдарга, кары-картаңдарга, оорулууларга жана өзгөчө муктаждыктарга уруксат берүү үчүн менчиктин себептерин аныктаган өкүмдөр менен келди. Жөнөкөй эл өзүнүн аракети мененби же эч кандай мал-мүлк, күч аракет жумшабастан ала турган мамлекет тарабынан берилген мурас, акча өңдүү берилген каражаттар мененби, татыктуу жашашы керек. Элдин оокат кылуусуна мамлекет тарабынан бериле турган бул каражаттар эч кимди муктаждыкка же куру кол калтырбаганга себептер. Азыркы күндө ачкачылыктан, жокчулуктан онтоп жаткан адамзаттын жашоосунда бул өкүмдөр кайда? Адамзаттын бул жашоосу эртең менен кечинде байлардын текебердигине, кайрымсыздыгына кедей-кембагалдарга, аз камсыз болгондорго, таштанды контейнерлеринен акча тапкандарга нааразы. Ачкачылыктан, жокчулуктан кырылып жаткан бейкүнөө балдар курман болууда. Ошол эл маалда байлардын чөнтөгүндө, казынасында качан, кайда, кантип короторун билбеген миллиондор толуп жатат.
Оо, Аллахым, бизге Халифалык мамлекетин тикелөөнү тездет, улуу динибиздин өкүмдөрү аркылуу бизге… жер бетинде эч бир тилемчи, кедей жана бечара калбашы үчүн… хидаят, камкордук жана ырайымдуулук дини жашоодо колдонулсун үчүн…
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 18-робиул аввал.
2025-ж, 10-сентябрь.