Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мужтахиддин сообу
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ أَنَّهُ سَمِعَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَلَ: “إِذَا حَكَمَ الْحَاكِمُ فَاجْتَهَدَ ثُمَّ أَصَابَ فَلَهُ أَجْرَانِ وَإِذَا حَكَمَ فَاجْتَهَدَ ثُمَّ أَخْطَأَ فَلَهُ أَجْرٌ
Амр ибн аль-Ас риваят кылган хадисте, ал Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) мындай дегенин уккан: “Эгер аким өкүм чыгарып, ижтихадды туура кылса, анда ал эки соопко ээ болот, эгер ал өкүм чыгарып, ижтихадда ката кетирсе, анда ал үчүн бир сооп болот”.
Бул тууралуу Сахих Муслимдин түшүндүрмөсү Нававиде айтылган: “Аким өкүм чыгарып, ижтихадды туура кылса ага эки сооп, ал эми өкүм чыгарып, ижтихадда ката кетирсе, бир сооп болот”.
Аалымдар айтышты: “Мусулмандар бул хадис бийлик мансабындагы илимдүү аким жөнүндө экенине бир ооздон келишишти. Эгер ал туура кылса эки сооп алат, ижтихады үчүн бир сыйлык жана туура кылгандыгы үчүн бир сыйлык. Эгер ал ката кетирсе, ижтихады үчүн гана бир сыйлык алат.
Хадисте түшүрүлгөн бир сөз бар, анын мааниси, аким өкүм чыгарууну “кааласа” ижтихад кылат. Алар айтышты: Ал эми ким бийлик мансабында болбосо, анда анын өкүм кылуусу жаиз эмес. Эгерде ал өкүм кылса, анда анын сообу жок, тескерисинче, күнөөкөр болот. Анын чыгарган өкүмү туурабы же туура эмеспи айырмасы жок аткарылууга жатпайт, анткени анын өкүм чыгаруусу шарьий принципке негизделбеген. Демек, ал бардык өкүмдөрүндө күнөөкөр болуп саналат, мейли алар туура болобу же туура эмес болобу айырмасы жок алардын баары четке кагылат. Мында эч ким үзүргө жатпайт, сүннөттөгү хадисте да айтылган:
” الْقُضَاةُ ثَلَاثَةٌ: قَاضٍ فِي الْجَنَّةِ, وَاثْنَانِ فِي النَّار, قَاضٍ عَرَفَ الْحَقَّ فَقَضَى بِهِ فَهُوَ فِي الْجَنَّة, وَقَاضٍ عَرَفَ الْحَقَّ فَقَضَى بِخِلَافِهِ فَهُوَ فِي النَّار, وَقَاضٍ قَضَى عَلَى جَهْلٍ فَهُوَ فِي النَّار
“Казылар үч түрдүү болот: Бир казы бейиште, экөө тозокто. Бир казы акыйкатты билип, ошого жараша өкүм кылгандыктан, ал бейиште. Бир казы акыйкатты билип, ага тескери өкүм чыгаргандыктан, ал тозокто. Бир казы жахилияттан өкүм кылган, ал да тозокто”.
Аалымдар ар бир мужтахиддин ижтихады туурабы же бир эле мужтахиддики туурабы б.а. Аллах Тааланын алдындагы өкүмдү туура тапкан мужтахиддин ижтихады эле туурабы же жаңылып, кечиримдүүлүк менен күнөөкөр болбогону жөнүндө ар кандай пикирде болушкан. Шафиъий жана анын жолдоочуларынын эң туура пикири бул – Аллах Тааланын алдындагы өкүмдү туура тапкан бир эле мужтахид туура. Эки тайпа тең бул хадисти далил катары колдонушкан.
Биринчи тайпа: Мужтахидге сооп берилди, эгер ижтихадды ал туура кылбаса, анда ал соопко ээ болмок эмес – дешти.
Ал эми экинчи тайпа: Аныкы ката болсо да деп атады. Эгер ал туура болсо, аны ката кетирген деп айтпайт эле. Ал эми сыйлыкты ал ижтихад кылгандыгы үчүн алган дешти.
Биринчи тайпа: “Аны ката кетирди” деп атады, анткени ал насста ката кетирген же ижтихад кылуу жаиз болбогон нерседе, мисалы, ижмаа кылынган нерседе жана башка нерселерде ижтихад кылган адамга карата айтылган дешти.
Аалымдардын кайсы мужтахиддин туура же туура эмеси тууралуу мындай ача пикирлери фикхий бутактарда ижтихад кылуудагы мужтахиддерге карата айтылган пикирлер. Ал эми тавхид негиздерине келсек, Аллахтын алдындагы өкүмдү туура тапкан бир эле мужтахиддин ижтихады туура болуп саналат. Буга ижмаа болгон. Бир гана Абдулла бин Аль-Хасан Аль-Абтари менен Давуд Аз-Захири бул ижмага каршы келишкен жана алар бул маселеде да мужтахиддерди туура болот деп эсептешкен. Аалымдар айтышты: Бул масаледе экөө каапырларды эмес, ижтихад кылган мусулмандарды айтышса керек дешкен. Жана эң туурасын Аллах билет.
“Сахих аль-Бухаринин” тафсири Фатх аль-Бариде мындай деп айтылган:
Анын сөзү: (إذا حَكَمَ الحاكِمُ فاجتهَدَ ثمّ أصاب) “Эгерде аким өкүм чыгарып, ижтихады туура болсо”. Ахмаддын риваятында “жана туура тапса” деп келет. Куртуби айтты: Хадисте ушундай башталды: Ал ижтихад кылуудан мурда өкүм менен баштады. Иш мунун тескериси ижтихад өкүмдөн мурда болгондуктан, ижтихаддан мурда өкүм чыгарылбайт деп бир добуштан макулдашылган. Ал эми анын “өкүм кылса” деген сөзүнүн мааниси, эгер өкүм кылгысы келсе, ижтихад кылат деген маани жатат. Ал айтты: усул аалымдарынын: “Мужтахид жаңы иш болгондо ижтихадын кайрадан карап чыгуусу керек. Ал өзүнүн мурунку ижтихадына таянбашы керек, анткени ал башка бирөөнүн башка пикирде экенин билип калышы мүмкүн ” дешкени муну тастыктайт.
“فأصابَ” сөзүндөгү “Фа” кыйыр эмес, түшүндүрмө болушу толук мүмкүн жана анын “жана туура тапса” деген сөздөрү, Кудурети Күчтүү Аллахтын алдындагы өкүмдү туура таап алганын билдирет.
Урматтуу бир туугандар!
Ижтихад тилде умтулуу, аракет жана кыйынчылыкты талап кылган бир нерсеге жетүү үчүн болгон күчүн жумшоону билдирет.
Ал эми усул аалымдарынын терминологиясына келсек, ал өзгөчө бир нерседе шаръий өкүмдөрдү билүүдө күмөндүү далилге жетүү үчүн, болгон аракетин жумшаганын жана андан ары дарманы жок экенин сезүү.
Ижтихад мусулмандар үчүн фарз кифая. Бул асыл хадис жана анын түшүндүрмөсүнөн алынган сабактардын арасында.
Биринчи: Аким илимдүү жана өкүм жүргүзүү мансабында болушу керек. Ал үчүн эки шартка жооп бериши керек: тил жана шарият илими. Болбосо, аким илимсиз өкүм кылганы үчүн күнөөкөр болот.
Экинчиси: Ижтихад сүткорлуктун, зынаанын жана киши өлтүрүүнүн арамдыгы сыяктуу так катий келген бир шарий насста айтылгандарга негизделбеши керек. Башкача айтканда катий келген насстарда ижтихад болбойт. Балким, аялга тийүү өкүмү, клондоштуруу өкүмү жана башка нерселер сыяктуу жалпы же зонний (күмөндүү) келген шариат насстарында ижтихад кылынат.
Үчүнчүсү: Ижтихад кылуудан мурда өкүм чыгаруу жаиз эмес. Белгилүү бир маселе боюнча чечим кабыл алып, андан кийин ошол кабыл алынган чечимге далил келтириш үчүн шарьий насстарды издөөгө, кээде аларды бурмалоого жол берилбейт. Тескерисинче, биринчи маселенин вакыйын түшүнүшүбүз керек жана бул маселе боюнча Аллахтын өкүмүнө жетүү үчүн шарьий насстарды карап чыгып анан аны бул маселеге карата колдонушубуз керек.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 8-сафар.
2025-ж, 2-август.