Асыл хадис

Негизги муктаждыкты камсыздоо

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Негизги муктаждыкты камсыздоо

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Абу Шайба өзүнүн “Мусаннаф” китебинде мындай дейт:

أنبأنا يزيدُ بنُ هارونَ قال أخبرنا الأصْبَغُ بنُ زيدٍ الوَرَّاقُ قال أنبأنا أبو الزاهريةِ عن كُثَيِّرِ بنِ مُرَّةَ الحضرميِّ عن ابنِ عمرَ عن النبيِّ عليه السلامُ قال: ” من احتكر طعاماً أربعين ليلة فقد برئ من الله وبرئ الله منه، أّيُّمَا أهلِ عَرْصَةٍ ظل فيهم امْرُؤٌ جائعٌ فقد برئت منهم ذمة الله

Язид бин Харун бизге кабарлады, Ибн Умардан риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Кимде-ким кырк түн бою тамак чогултса, (монополия кылса)  ал өзүн Аллахтан алыс кылган болот, Аллах да андан алыстаган болот. Коңшулардын арасында ачка адам бар болсо, алардан  Аллахтын зиммасы (коргоосу) алыстаган болот”.

(احتكر) “Чогултуу”: азык-түлүктүн баасын көтөрүү же элге, өзгөчө муктаж болгондорго бөлүштүрүүгө жол бербөө үчүн кармоо жана жыйноо.

Аллах Таала эркек адамга өзүн жана үй-бүлөсүн камсыз кылууну милдеттендирген. Эгер сарпттоого каражаты жетпесе, өз оокатына, үй-бүлөсүнө оокат кылуу үчүн иштеши фарз. Эгер  иш таппай калса, мамлекет аны ылайыктуу жумуш менен камсыз кылышы керек. Халифа камкорчу болуп саналат жана ал өз жарандары үчүн жооптуу. Анткени, алейхи салам:

والإمام الذي على الناس راع وهو مسؤول عن رعيته

“Элдин үстүндө турган имам — жоопкер жана кол алдындагыларга жооптуу”  – деп айткан.

Бирок ооруп, карылык же башка себептерден улам адам иштей албай калган учурлар бар… Же, балким, ал иштейт, бирок тапканы анын негизги муктаждыктарына жетпейт. Мындай адам негизги муктаждыктарын толук кандыра ала тургандай акча берилүүгө татыктуу… Бул акчаны ага берүү- шарият боюнча милдеттүү болгон жакындарына милдет. Эгерде алар жок болсо, же бар болсо, бирок алар ага берүүгө кудуреттери жетпесе, анда парзды аткаруу андан кийинки эң жакындарына, бардык мусулмандарга өтөт.  Мамлекет -бул кедейлердин, жакырлардын, мусаапырлардын жана аларга окшогондордун акысын аткарууда бардык мусулмандардын атынан иш алып барат. Мамлекет аларга мамлекеттик казынадан сарптайт жана алардын мамлекеттен колдоо алуу укуктары хирож (жер салыгы), олжо ж.б.у.с мамлекеттик каражаттар менен гана чектелбестен, зекет жана жалпы мүлктөн да аларга жумшалат.

Эгер мамлекет бул адамдарга кам көрө албаса жана мусулмандар мамлекетти тергеп-тескей албай  муктаж болгондорду камсыздай алышпаса (негизи мындай болбошу керек), бирок ушундай болуп калуу мүмкүндүгү бар. Ал убакта бул муктаж адам өзүнө керектүү нерселерди адал жана жакшы деп тапкан жеринен алат, мейли ал жер жеке адамдардын менчигиндеби же мамлекеттин менчигиндеби, ага уруксат керек эмес болот. Жашоо – бул каражат табуу себептеринин бири, анткени каражат адамдын жашоосунун негизи.

Бул хадисти дагы бир хадис толуктап турат:

ما آمن به من بات شبعان وجاره جائع إلى جنبه وهو يعلم . رواه ابن أبي شيبة والبزار والطبراني وحسنه الألبانيُّ.

“Кимде-ким кошунасы ачка болуп,  анын ачка экенин билип туруп өзү тоюп жатса, ал ыйман келтирген эмес”. Ибн Абу Шайба, Аль-Баззар жана Ат-Табарани риваят кылган жана Аль-Альбани хасан деген.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х,  28-робиул аввал.

2025-ж, 20-сентябрь.

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button