Асыл хадис

Сабырдан да жакшыраак жана кененирээк жакшылык берилбейт

 Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Сабырдан да жакшыраак жана кененирээк жакшылык берилбейт

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

رَوَى الإِمَامُ أحمَدُ فِي مُسنَدِهِ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ قَالَ: جَاءَ نَاسٌ مِنَ الأَنْصَارِ فَسَأَلُوهُ، فَأَعْطَاهُمْ، قَالَ: فَجَعَلَ لاَ يَسْأَلُهُ أَحَدٌ مِنْهُمْ إِلاَّ أَعْطَاهُ حَتَّى نَفِدَ مَا عِنْدَهُ، فَقَالَ لَهُمْ حِينَ أَنْفَقَ كُلَّ شَيْءٍ بِيَدِهِ: «وَمَا يَكُونُ عِنْدَنَا مِنْ خَيْرٍ فَلَنْ نَدَّخِرَهُ عَنْكُمْ، وَإِنَّهُ مَنْ يَسْتَعْفِفْ يُعِفَّهُ اللَّهُ، وَمَنْ يَسْتَغْنِ يُغْنِهِ اللَّهُ، وَمَنْ يَتَصَبَّرْ يُصَبِّرْهُ اللَّهُ، وَلَنْ تُعْطَوْا عَطَاءً خَيْرًا وَأَوْسَعَ مِنَ الصَّبْرِ

Имам Ахмад өзүнүн “Муснадында” Абу Саид аль-Худрийден риваят кылат, ал айтты: “Ансарлардан бир нече адамдар келип, андан бир нерсе сурашты, ал аны аларга  берди. Ал мындай деди: алардын кимиси андан бир нерсе сураса, ал колунда бар нерсеси түгөнгөнгө чейин ага берчү. Анан колунда болгондун баарын сарптагандан кийин аларга мындай деди: “бизде кандай жакшылык болсо, аны силерден эч качан аябайбыз. Ким абийирдүүлүккө умтулса, Аллах аны таза кармайт. Ким өз алдынча болсо (суранбаса), Аллах аны беймуктаж кылат (байытат). Ким сабыр кылса, Аллах аны сабырдуу кылат. Силерге сабырдан да жакшыраак жана кененирээк жакшылык берилбейт”.

وَفِي صَحِيحِ ابنِ حِبَّانَ عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ، أَنَّ أَهْلَهُ شَكَوْا إِلَيْهِ الْحَاجَةَ، فَخَرَجَ إِلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَيَسْأَلَهُ لَهُمْ شَيْئًا، فَوَافَقَهُ عَلَى الْمِنْبَرِ، وَهُوَ يَقُولُ: «أَيُّهَا النَّاسُ، قَدْ آنَ لَكُمْ أَنْ تَسْتَغْنُوا عَنِ الْمَسْأَلَةِ، فَإِنَّهُ مَنْ يَسْتَعْفِفْ يُعِفُّهُ اللَّهُ، وَمَنْ يَسْتَغْنِ يُغْنِهِ اللَّهُ، وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ مَا رُزِقَ عَبْدٌ شَيْئًا أَوْسَعَ مِنَ الصَّبْرِ، وَلَئِنْ أَبَيْتُمْ إِلاَّ أَنْ تَسْأَلُونِي لَأُعْطِيَنَّكُمْ مَا وَجَدْتُ

“Сахих Ибн Хиббанда” Абу Саид аль-Худри риваят кылган хадисте, анын үй-бүлөсү ага муктаждыктарын айтып даттанышкан, ошондуктан ал Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдан) аларга  бир нерсе сураш үчүн чыкты, ал аны  минбарда  мындай деп айтып жатканына туш келди: “Оо, адамдар, силерге суранганды токтотуу убагы келди, анткени ким намыстуу болсо (суроддон тыйылса), Алла Таала аны аруулукта сактайт, ал эми ким өз алдынча болуп суранбаса, Аллах Таала ага Өз фазилетинен ырыскы берет (байытат). Мухаммаддын жаны Колунда болгон Затка ант болсун, эч бир пендеге сабырдан өткөн нерсе берилген эмес. Эгер Менден сурай берсеңер, мен тапканымды силерге бере берем”.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жоомарт жана сабырдуу болгон. Ал жакырчылыктан коркпогон адам катары берди. Ал Билалга, (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп айтчу: “Билал, сарпта, Арштын Раббиси үчүн  эч кандай кемитүүдөн коркпо (Мал-мүлкүңдү сарптоодон улам азаят деп коркпо).  Ансарлардын кээ бирлери ага келип, колунда болгон нерселеринен аларга берүүсүн суранышты, ал болсо колунда болгон нерсе түгөнгөнгө чейин берди.

Муснад Ахмадда: “Нафида” дегени фа’да касра менен, колунда эч нерсе калмайынча  түгөнгүчө бергенин билдирет.

 Хадис сабырдуулук, Аллахка тобокел кылуу жана Аллахтын ырыскысын күтүү аркылуу адамдардан талап кылуудан тыйылууга үндөйт. Сабыр адамга бериле турган эң жакшы нерсе, анткени анын сообу такталбаган жана чексиз.

«مَنْ يَسْتَعْفِفْ يُعِفَّهُ اللَّهُ» “Ким сурануудан өзүн кармаса, Аллах аны аруу сактайт”. Намыстуу болуу дегендин мааниси аруулукту издөө. Намыс –  сурануудан тыйылуу – мубах нерседен тыйылуу.

رَوَى الإِمَامُ أحمَدُ فِي مُسنَدِهِ عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ مَسْعُودٍ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، أَنَّهُ كَانَ يَدْعُو بِهَذَا الدُّعَاءِ: «اللهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ الْهُدَى وَالتُّقَى وَالْعَفَافَ وَالْغِنَى

Имам Ахмад өзүнүн “Муснадында” Абдулла ибн Масъуддан риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), мындай дуба менен дуба кылганын айтат: «Оо, Жараткан, мен Сенден хидаят, такыбалык, аруулукту жана адамдарга муктаж кылбооңду сурайм”.

  «وَمَنْ يَسْتَغْنِ يُغْنِهِ اللَّهُ» “Ким өз алдынча болсо ( адамдардан сурануудана тыйылса) Аллах аны ырыскыландырат беймуктаж кылат”.

Ким өз алдынча болсо дегендин мааниси – байлык издөө. “Байлык” бул жерде өзүн-өзү камсыз кылуу жана адамдардан жана аларда болгон нерседен көз карандысыздыкты билдирет. Чыныгы момун  дүнүйө муктаждыгын сурагысы келсе же аны аткаруу үчүн жардам сурагысы келгенде: ал  күнү-түнү он жети жолу парз намазында гана кайталаган нерсеси боюнча (إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ) “Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз” деп Алла Таалага кайрылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), Абдуллах ибн Аббаска айткан сөзүнө ылайык: «يَا غُلَامُ إِذَا سَأَلْتَ فَاسْأَلِ اللَّهَ، وَإِذَا اسْتَعَنْتَ فَاسْتَعِنْ بِاللَّهِ». “Эй бала, сурасаң Аллахтан сура, жардам сурасаң Аллахтан жардам сура. Аллахка кайрыл. Ал Берүүчү, Ал Улук жана Ал жардам берүүчү. Чыныгы момун адамдардан көз каранды эмес жана алардан суранбайт”.

رَوَى الطَّبَرَانِيُّ فِي المُعجَمِ الكَبِيرِ عَنْ سَهْلِ بْنِ سَعْدٍ قَالَ: قَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ، دُلَّنِي عَلَى عَمِلٍ إِذَا أَنَا عَمِلْتُهُ أَحَبَّنِي النَّاسُ، قَالَ: «ازْهَدْ فِي الدُّنْيَا يُحِبَّكَ اللهُ، وَازْهَدْ فِيمَا فِي أَيْدِي النَّاسِ يُحِبَّكَ النَّاسُ

Ат-Табарани “Муъжам аль-Кабирде” Сахл ибн Саъддан риваят кылган хадисте: “Бир киши айтты: Оо, Аллахтын Элчиси адамдар мени жакшы көрүшө турган  бир ишке багытта. Ал айтты: “Дүйнөдөн баш тарт, ошондо Аллах сени сүйөт, адамдардын колундагыдан баш тарт, адамдар сени жакшы көрөт”.

 «وَمَنْ يَصْبِرْ يُصَبِّرْهُ اللَّهُ». “Ким сабыр кылса, Аллах аны сабырдуу кылат” дегени.

 Сабыр, алар айткандай, жеңилдиктин ачкычы. Сабыр сабырсыздыкка карама-каршы келет. Сабырдын түбү – кармануу, ким бир нерседен карманса,  сабырдуулук кылган болот. Сабыр бул нафсты сабырсыздыктан тыйуу. Сабыр – бул Аллах тыйган нерселерден тыйылуу, фарздарын аткарбай коюудан тыйуу, нааразычылыктан жана көр жемеликтен тыйылуу. Айтылды: Кыйынчылыктын азабынан Аллахка эмес, Аллахтан башкага арыздануудан сактан. Ошондой эле: Сабыр – бул акыл жана шариат  тыйылууну буйруган нерседен же өзүн тыйууну талап кылган нерседен тыйылуу. Буга орозо учурундагы ачкачылыкка жана суусагандыкка сабыр кылуу жана жихад учурундагы жаракат жана жаралардын азабына сабыр кылуу кирет.

«وَلَنْ تُعْطَوْا عَطَاءً خَيْرًا وَأَوْسَعَ مِنَ الصَّبْرِ»  силерге  сабырдан да жакшыраак, кененирээк жакшылык берилбейт. Башкача айтканда, сабыр – чечкиндүү иштердин бири жана анын сообу алдын ала белгиленген да, чектелген да эмес.

قَالَ تَعَالَى: (وَإِن تَصْبِرُ‌وا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ‌). (آل عمران 186)

 Аллах Таала айтат: «Эгер сабыр кылып, Аллахтан корксоңор такыба болсоңор, албетте, бул чечкиндүү иштерден». (Аали Имран 186).

تَعَالَى: (إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُ‌ونَ أَجْرَ‌هُم بِغَيْرِ‌حِسَابٍ)

Аллах Таала айтат: “Сабыр кылгандарга сыйлыктары эсепсиз толук берилет”. (Аз-Зумар 10).

Сабырдуулар үчүн Аллах Таала алар менен экени сыймыктанууларына жетиштүү.

قَالَ تَعَالَى: (يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَعِينُوا بِالصَّبْرِ‌ وَالصَّلَاةِ إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِ‌ينَ)

Аллах Таала айтты: “Оо, ыйман келтиргендер, сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Албетте, Алла сабыр кылуучулар менен бирге”. (Бакара 153)

Аллах бизди жана силерди сабырдуулардан кылсын!

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х,  5-робиул саани.

2025-ж, 27-сентябрь.

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button