Асыл хадис

Талаш-тартыштар боюнча казы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Талаш-тартыштар боюнча казы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Абу Дауд өзүнүн “Сунанында” мындай дейт:

حَدَّثَنَا عَمْرُو بْنُ عَوْنٍ قَالَ أَخْبَرَنَا شَرِيكٌ عَنْ سِمَاكٍ عَنْ حَنَشٍ عَنْ عَلِيٍّ عَلَيْهِ السَّلَام قَالَ

بَعَثَنِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَى الْيَمَنِ قَاضِيًا فَقُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ تُرْسِلُنِي وَأَنَا حَدِيثُ السِّنِّ وَلَا عِلْمَ لِي بِالْقَضَاءِ فَقَالَ إِنَّ اللَّهَ سَيَهْدِي قَلْبَكَ وَيُثَبِّتُ لِسَانَكَ فَإِذَا جَلَسَ بَيْنَ يَدَيْكَ الْخَصْمَانِ فَلَا تَقْضِيَنَّ حَتَّى تَسْمَعَ مِنْ الْآخَرِ كَمَا سَمِعْتَ مِنْ الْأَوَّلِ فَإِنَّهُ أَحْرَى أَنْ يَتَبَيَّنَ لَكَ الْقَضَاءُ قَالَ فَمَا زِلْتُ قَاضِيًا أَوْ مَا شَكَكْتُ فِي قَضَاءٍ بَعْدُ

Амр ибн Авн Али (р.а)дан риваят кылат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мени Йеменге казы кылып жиберди. Мен: Оо, Аллахтын Элчиси, сен мени жаштыгымда, казылык илими жок кезимде жиберип жатасың, – дедим. Ал айтты: Чындыгында, Аллах сенин жүрөгүңдү туура жолго салат жана тилиңди бекем кылат.  Эки талашып-тартышуучу сенин алдыңда отурганда, биринчиден укканыңдай экинчисинен да укмайынча өкүм чыгарба, анткени бул сага өкүмдүн ачык-айкын болушун камсыздайт. Ал: мен казылык кылууну токтоткон жокмун, же андан кийин эч качан казылык кылуудан күмөн санаган жокмун”, – деди.

Урматуу туугандар:

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) адамдардын ортосунда чыккан талаш-тартыштарда өкүм кылчу жана башка мусулмандарды анын атынан өкүм кылуу үчүн орун басар дайындачу. Мына, ал бул хадисте, Али (р.а)га Йеменге казылык кылууну тапшырып…  аны үйрөтүүдө жана аны менен бизге адамдар ортосундагы талаш-тартыштарга өкүм кылууну үйрөтүүдө… Ал Алиге: “Эгерде сенин алдыңда эки талашып-тартышуучу отурса, биринчисинен уккандай экинчисинен укмайынча өкүм чыгарба», – деди. Мындан биз үйрөнөбүз:

1-Талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана жоопкер болушу керек, булар иште эки каршылаш… жана доогерсиз иш каралбайт…

2-Казылык отурумдан башка жайда эч кандай соттук өкүм жок: Казынын алдында отурган эки тарап өкүмдүн жарактуу болушуна шарт жана талашып жаткандардын далилдерди кабыл алуусу үчүн соттук отурум шарт. …болбосо, эки тарап казынын алдына чогулбай, ар бири өз жүйөлөрүн бир эле отурумда келтире албай, анан казы алардын ортосунда өкүм чыгара албайт.

3-Доочунун жүйөсү анын дооматын тастыктоочу далил… жана бул жазуу жүзүндөгү документ жана анын аныктыгына күбөлөр, же эгер жазуу жүзүндө документи жок болсо, талашып жаткан окуяга күбөлөр болушу мүмкүн. Анын далили – Алла Тааланын:

{ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا تَدَايَنْتُمْ بِدَيْنٍ إِلَى أَجَلٍ مُسَمًّى فَاكْتُبُوهُ وَلْيَكْتُبْ بَيْنَكُمْ كَاتِبٌ بِالْعَدْلِ وَلَا يَأْبَ كَاتِبٌ أَنْ يَكْتُبَ كَمَا عَلَّمَهُ اللَّهُ فَلْيَكْتُبْ وَلْيُمْلِلْ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ وَلْيَتَّقِ اللَّهَ رَبَّهُ وَلَا يَبْخَسْ مِنْهُ شَيْئًا فَإِنْ كَانَ الَّذِي عَلَيْهِ الْحَقُّ سَفِيهًا أَوْ ضَعِيفًا أَوْ لَا يَسْتَطِيعُ أَنْ يُمِلَّ هُوَ فَلْيُمْلِلْ وَلِيُّهُ بِالْعَدْلِ وَاسْتَشْهِدُوا شَهِيدَيْنِ مِنْ رِجَالِكُمْ فَإِنْ لَمْ يَكُونَا رَجُلَيْنِ فَرَجُلٌ وَامْرَأَتَانِ مِمَّنْ تَرْضَوْنَ مِنْ الشُّهَدَاءِ أَنْ تَضِلَّ إِحْدَاهُمَا فَتُذَكِّرَ إِحْدَاهُمَا الْأُخْرَى وَلَا يَأْبَ الشُّهَدَاءُ إِذَا مَا دُعُوا وَلَا تَسْأَمُوا أَنْ تَكْتُبُوهُ صَغِيرًا أَوْ كَبِيرًا إِلَى أَجَلِهِ ذَلِكُمْ أَقْسَطُ عِنْدَ اللَّهِ وَأَقْوَمُ لِلشَّهَادَةِ وَأَدْنَى أَنْ لَا تَرْتَابُوا إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً حَاضِرَةً تُدِيرُونَهَا بَيْنَكُمْ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ لَا تَكْتُبُوهَا وَأَشْهِدُوا إِذَا تَبَايَعْتُمْ وَلَا يُضَارَّ كَاتِبٌ وَلَا شَهِيدٌ وَإِنْ تَفْعَلُوا فَإِنَّهُ فُسُوقٌ بِكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَيُعَلِّمُكُمْ اللَّهُ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ }

 {Оо, ыйман келтиргендер, эгер белгилүү бир мөөнөткө чейин карыз алсаңар, аны жазгыла. Араңарда бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Эч бир катчы Аллах үйрөткөндөй жазуудан баш тартпасын. Жазсын, кимдин акысы бар болсо, ошол айтып жаздырсын. Раббиси болгон Аллахтан корксун жана андан эч нерсени кемитпесин. Ал эми акылуу адам,  акылсыз же алсыз болсо же өзү жаза албаса, анда валий адилеттүүлүк менен жаздырсын. Эркектериңерден эки күбөнү күбөгө келтиргиле. Эгерде эки эркек болбосо, анда силер күбө катары кабыл алгандардан бир эркек жана эки аял болсун. Алардын (аялдардын) бири жаңылса, экинчиси анын эсине салсын деп. Күбөлөр чакырылганда баш тартышпасын. Жана мөөнөтү бүткөнгө чейин кичине болобу, чоң болобу, жазуудан тажабагыла. Бул Аллахтын алдында адилеттүү, күбөлүккө  туурараак жана күмөн санабашыңар үчүн ылайыктуураак. Өз араңардагы учурда айланып жаткан соода-сатыкты  жазбасаңар силерге күнөө жок. Соода кылганыңарда күбөлөрдү алып келгиле, катчыга да, күбөгө да зыян тийбесин. Эгер (ошондой) кылсаңар, албетте, бул силердин күнөөңөр. Алладан корккула, Аллах силерге үйрөтөт жана Алла баардык нерсени Билүүчү}.

4-Доону четке кагууда жоопкердин жүйөсү ант: Бул доогердин дооматын четке кага турган далил нерсеси жок болгондо болот. Андан кийин казы соттолуучудан ага каршы коюлган доо жалган деп ант берүүсүн өтүнөт.

رواه الترمذي عن وَائِلِ بْنِ حُجْرٍ عَنْ أَبِيهِ قَالَ : جَاءَ رَجُلٌ مِنْ حَضْرَمَوْتَ وَرَجُلٌ مِنْ كِنْدَةَ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ الْحَضْرَمِيُّ يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ هَذَا غَلَبَنِي عَلَى أَرْضٍ لِي فَقَالَ الْكِنْدِيُّ هِيَ أَرْضِي وَفِي يَدِي لَيْسَ لَهُ فِيهَا حَقٌّ فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِلْحَضْرَمِيِّ أَلَكَ بَيِّنَةٌ قَالَ لَا قَالَ فَلَكَ يَمِينُهُ قَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّ الرَّجُلَ فَاجِرٌ لَا يُبَالِي عَلَى مَا حَلَفَ عَلَيْهِ وَلَيْسَ يَتَوَرَّعُ مِنْ شَيْءٍ قَالَ لَيْسَ لَكَ مِنْهُ إِلَّا ذَلِكَ قَالَ فَانْطَلَقَ الرَّجُلُ لِيَحْلِفَ لَهُ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَمَّا أَدْبَرَ لَئِنْ حَلَفَ عَلَى مَالِكَ لِيَأْكُلَهُ ظُلْمًا لَيَلْقَيَ اللَّهَ وَهُوَ عَنْهُ مُعْرِضٌ .

Тирмизи Ваил ибн Хужра атасынан риваят кылган хадисте Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) муну түшүндүрөт: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламга) Хазрамавттан жана Киндийден эки  киши келишти. Хадрамий: Оо, Аллахтын Элчиси, бул киши менин жеримди басып алды, – деди. Киндий: Бул менин жерим, ал менин колумда, ага акысы жок, – деди. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Хадрамийге: Сенин далилиң барбы? – деди. Ал: жок, деди. Ал айтты: Анда анын анты сага (каршы далил). Ал айтты: Оо, Аллахтын Элчиси, ал адам бузуку, эмнеге ант бергенине маани бербейт жана эч нерседен тыйылбайт (такыбалык кылбайт). Пайгамбар (с.а.в) айтты: Сенде андан башка (анын антына каршы анттан) эч нерсе жок. Ошондо ал  киши (Киндий) ага (Хадрамийге) касам ичкени барды, бирок ал (киндий) бурулуп кеткенде, Аллахын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: Эгер ал сенин мал-мүлкүңдү адилетсиздик менен жеш үчүн  ант берсе, анда ал Аллах андан жүз буруп турганда жолугат”.

5-Ал эми Исламда жана жакында тикелене Халифалык мамлекетинде казыят кандай түзүлөөрү, инша Аллах Хизб-ут-Тахрир конституцияда кабыл алганы боюнча төмөндөгүдөй болот:

6-Казы өкүм чыгаруу укугуна ээ бир гана казыдан турат… бирок ага кеңешүү жана корутунду берүү укугуна ээ бир же бир нече жардамчы казылар кошулушу мүмкүн жана алардын пикири иш боюнча өкүм чыгарууга дайындалган казы үчүн милдеттүү эмес… Буга далил – Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын) бир ишке бирден ашык казы дайындабаганы…

7-Бир мамлекетте бирден ашык казыларды дайындоо жана алардын бир жерде иштөөсү жаиз жана алардын бардыгынын иштин түрлөрү боюнча өкүм чыгарууга ыйгарым укуктары болот. Бирок алардын иши өзүнчө казылыктарда болгондуктан, ар бир казынын бир иш боюнча өкүм чыгарууга ыйгарым укугу болот. Ошондой эле, казы кээ бир иштерге казы дайындай алат б.а. башка иштерге кийлигиштирбей, кээ бир иштерге адистештирүүсү жаиз, анткени казылар халифадан келген өкүлчүлүк. Ал өкүлчүлүк сыяктуу, алардын ортосунда эч кандай айырма жок,  өкүлчүлүк жалпы болушу мүмкүн… конкреттүү бир ишке болушу мүмкүн. Демек, казы конкреттүү иштерге дайындалса, экинчиси ошол эле иштердин башкасына дайындалса алардын иши бир жерде болсо да жаиз. Эң негизгиси бир казылыкта бир гана казы чечим чыгарышы керек. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Амр ибн аль-Аасты өкүл кылып дайындаганындай, бир иште өз атынан аны казы кылып дайындаган эле. Ал Али ибн Абу Талибди, Аллах андан ыраазы болсун, Йеменге жалпы иштерди кароо үчүн өз атынан казы кылып дайындаган, бул болсо казыят тармагында белгилүү бир ишке же жалпы иштер үчүн орун басар казыларды дайындоонун жайиздигине  ишарат кылат.

8-Демек, казылардын ар кандай иштер боюнча адистигине жараша соттордун бир нече даражалары болушу жаиз… Бул уюм алгачкы доорлордо мусулмандар арасында болгон. Аль-Маварди “Аль-Ахкам ас-Султания” китебинде мындай дейт: Абу Абдуллах Аз-Зубайри айтат: Басрадагы амирлер бир канча убакытка чейин жамиь (чоң) мечиттерде эки жүз дирхам жана жыйырма динар жана андан аз өлчөмдөгү иштерге өкүм жүргүзө турган бир казы дайындап, аны “Даки ал-масжид” деп аташкан. Ал чыгашаларды таңуулап, өз ордунан же ага берилген ыйгарым укуктан ашпай турган.

9-Исламда казылык иштин өкүмү жагынан бир даражада. Исламда апелляциялык жана кассациялык казылар жок, ошондуктан Халифалык мамлекетинде апелляциялык казылар жок. Эгерде казы өкүм чыгарса, анын токтому милдеттүү болуп саналат жана башка казынын өкүмү менен  анын өкүмү жокко чыгарылышы мүмкүн эмес. Шарьий эреже “ижтихад башка ижтихадды жокко чыгарышы мүмкүн эмес”. Демек,  казынын өкүмүн жокко чыгарган башка казы болбойт.

Бирок, казынын өкүмү жокко чыгарылган кээ бир учурлар бар, атап айтканда:

1-Куфр өкүмдөрү менен өкүм кылса. Пайгамбар саллаллаху алейхи уа салламдын:  ” من أحدث في أمرنا هذا ما ليس منه فهو رد ” “Кимде-ким биздин бул ишибизге кирбеген нерсени киргизсе, ал четке кагылат” деген сөзүнө таянып ал четке кагылат.

2-Куранга, сүннөткө же сахабалардын ижмаъсына карама-каршы келген өкүм чыгарса.

لما روى أبو داوود عَنْ جَابِرٍ أَنَّ رَجُلًا زَنَى بِامْرَأَةٍ فَأَمَرَ بِهِ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَجُلِدَ الْحَدَّ ثُمَّ أُخْبِرَ أَنَّهُ مُحْصَنٌ فَأَمَرَ بِهِ فَرُجِمَ

Анткени, Абу Давуд Жабирден риваят кылган хадисте, бир киши аял менен ойноштук кылган жана Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны белгиленген жаза менен балак урулушун буйруган. Анан ага кылмышкердин үйлөнгөнү кабарланып, таш бараңга алууну буйруду. Ал ташбараңга алынды.

3-Вакыйга  (турмуш чындыгына) тескери өкүм чыгарылса, Киши өлтүргүч деген жүйө менен өч алууга өкүм кылынса, кийин чыныгы киши өлтүргүч ачыкка чыкса.

روى عبد الرزاق في مصنفه عن أبي حرب بن الاسود الديلي عن أبيه قال : رفع الى عمر امرأة ولدت لستة أشهر ، فأراد عمر أن يرجمها ، فجاءت أختها إلى علي بن أبي طالب رضي الله عنه ، فقالت : إن عمر يرجم أختي ، فأنشدك الله إن كنت تعلم أن لها عذرا لما أخبرتني به ، فقال علي : إن لها عذرا ، فكبرت تكبيرة سمعها عمر من عنده ، فانطلقت إلى عمر ، فقالت : إن عليا زعم أن لاختي عذرا ، فأرسل عمر إلى علي ، ما عذرها ؟ قال : إن الله عزوجل يقول : * (والوالدات يرضعن أولادهن حولين كاملين) * ، وقال : * (وحمله وفصاله ثلاثون شهرا) * ، فالحمل ستة أشهر ، والفصل أربعة وعشرون شهرا ، قال : فخلى عمر سبيلها

Абдур Раззак өзүнүн “Мусаннафында” Абу Харб бин Аль-Асвад Ал-Дайламиден риваят кылган хадисте, ал атасынан риваят кылат: “Алты айдан кийин төрөгөн аялды Умарга алып келишти, Умар аны ташбараңга алмак болду, бирок анын эжеси Али бин Абу Талибге (Аллах андан ыраазы болсун) келди. Ал айтты: Умар эжемди таш бараңга алып жатат. Сенден Аллахтын аты менен суранам, эгер анын  үзүрү бар экенин билсең аны мага айтчы, Али айтты: Анын үзүрү бар. Ал: “Аллах улук” деди, Умар анын айтканын укту. Ал Умарга барып: Али эжемдин үзүрү бар деди. Азирети Умар Алиге кабар жиберип, анын эмне үзүрү болгонун сурайт.

Ал айтты: Аллах Таала айтты:

: إن الله عزوجل يقول : * (والوالدات يرضعن أولادهن حولين كاملين)

“Энелер балдарын толук эки жыл эмизсе болот”.

Ал айтты:

(وحمله وفصاله ثلاثون شهرا)

“Анын кош бойлуулугу жана эмчектен чыгаруусу отуз ай”.

Ошентип, кош бойлуулук алты ай, эмчектен чыгаруу жыйырма төрт ай. Ал айтты: Ошентип, Умар аны коё берди.

Ушул жана ушул сыяктуу учурларда казынын өкүмү жокко чыгарылат. Мындай учурларда өкүмдү жокко чыгаруу укугуна ээ адам Мазолим казысы  (даттануулар боюнча казы) болуп саналат. Акырында:

يحسن أن يوعظ المتخاصمان قبل وبعد القضاء لما رواه مسلم في صحيحه عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ قَالَتْ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِنَّكُمْ تَخْتَصِمُونَ إِلَيَّ وَلَعَلَّ بَعْضَكُمْ أَنْ يَكُونَ أَلْحَنَ بِحُجَّتِهِ مِنْ بَعْضٍ فَأَقْضِيَ لَهُ عَلَى نَحْوٍ مِمَّا أَسْمَعُ مِنْهُ فَمَنْ قَطَعْتُ لَهُ مِنْ حَقِّ أَخِيهِ شَيْئًا فَلَا يَأْخُذْهُ فَإِنَّمَا أَقْطَعُ لَهُ بِهِ قِطْعَةً مِنْ النَّارِ

Муслим өзүнүн “Сахихинде” Умму Саламадан риваят кылган хадистин негизинде талашып-тартышып жаткан тараптарга өкүмдөн мурда да кийин да насаат кылуу жакшы. Ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Силер талаш-тартыштарыңарды мага алып келесиңер, балким, араңардан кээ бириңер чеченирээк болушуңар мүмкүн (б.а талашып жаткан нерсесин мага бал тилге салып жакшы түшүндүрүп башканын акысына кирип кетишиңер мүмкүн) . Эгер кимдир бирөөгө анын бир тууганынын акысынан бир нерсени ага кесип берип жатсам, ал аны албасын, анткени мен ага тозоктун бир бөлүгүн гана кесип берип жатам”.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 22-робиус саани.

2025-ж, 14-октябрь.

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button