Асыл хадис

Уялбасаң каалаганыңды кыл

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Уялбасаң каалаганыңды кыл

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

أورد البخاريُّ رحمه الله في صحيحه، عَنْ أبي مسعودٍ الأنصاريّ رضي الله عنه عن النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:« إِنَّ مِمَّا أَدْرَكَ النَّاسُ مِنْ كَلَامِ النُّبُوَّةِ الْأُولَى إِذَا لَمْ تَسْتَحِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ 

Аль-Бухари (Аллах аны ырайымына алсын) өзүнүн “Сахихинде” Абу Масуд Аль-Ансари (радыяллаху анху) Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдан) риваят кылган хадисте, мындай деген: “Алгачкы пайгамбарлык сөздөрдөн адамдарга жетип келген сөз: “Уялбасаң каалаганыңды кыл”.

Ибн Хажар (Аллах аны ырайымына алсын) Фатхул-Бариде хадисти түшүндүргөн:

إِنَّ مِمَّا أَدْرَكَ النَّاسُ “Адамдарга жетип келген сөз” алгачкы пайгамбарлык сөздөрүн, жахилдер түшүнгөн нерселердин акыркысын билдирет.

فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ “Уялбасаң каалаганыңды кыл” Ал-Хаттаби айтты: “Хадисте айтылган сөз менен эмес, буйрук менен айтуунун даанышмандыгы, адамды жамандыктан кайтаруучу нерсе – уяттуулук. Эгер аны таштаса, табигый түрдө  жамандыкты жасоого буйрулган адамдай болуп калат”. Ан-Навави “Аль-Арбаьин” китебинде мындай деген: “Буйрук уруксат үчүн, башкача айтканда, эгер бир нерсе кылгың келсе, эгер ал Аллахтын алдында же адамдардын алдында уялбай турган иш болсо, анда аны кыл, болбосо кылба”.

Бул Исламдын негизи. Мунун себеби, буйрулган нерсе – парз, мандуб болсо аткарбай калтыруудан уялуу керек. Ал эми арам, макрух болсо кылуудан уялуу керек. Ал эми мубах болсо аны аткарууда да таштоодо уялуу жайиз. Хадисте ушул беш өкүм камтылган.

Коркутуу үчүн айтылган деп да айтылды: “Эгер сенден уяттуулук алынып калса, анда эмне кааласаң ошону кыл, анткени ал үчүн Аллах сага  жаза берет. Ошондой эле уяттуулуктун маанилүүлүгүнө ишарат кылат, башкача айтканда, кимде уят жок болсо, каалаганын кылат.

Урматтуу угармандар!

Биздин мусулман акимдер уяттуулукка маани бербей, ага олуттуу карабагандыктан, элине азап, кайгы-муңду таттырышууда. Бир касапчы Сирияда, экинчиси Ливияда, үчүнчүсү Йеменде, төртүнчүсү Египетте, бешинчиси Хижаз менен Наждада уятсыз акимдер такта олтурат. Тескерисинче, уятсыздык жоголуп, алардын уятсыздыктары өлкөлөргө өз ысымдарын ыйгарууга чейин жетти. Булар Хижаз жана Нажды, аларды адашкан акимдердин атынан Сауд Арабиясы деп аташкан. Бул Иордания, аны кылмыштары бардык чектен ашкан Хашимитердин атынан аташууда. Элдин ар-намысына шек келтирип, жигиттерди, карыларды, аялдарды, жаш балдарды өлтүрүштү. Жада калса элди кысымга алуу үчүн аскерлерди жиберишкендиктен, мусулмандардын акимдери тарабынан өлтүрүлүшү кеңири жайылган. Мунун баары уят-сыйыттын тосмосу жоктугунан болуп жатат. Ал эми уяттуулук жок болгондо кылмышкердин кылмышын жасоосуна эч нерсе тоскоол боло албайт. Ошондо акыйкат адамдарына күч менен акыйкатты далилдөө зарыл болуп калат, эгер алар өз укугун каалап, өз бийлигин кайтарып алууну көздөсө, элдин күчүнөн өткөн күч жок.  Мусулман элдери козголуп, өз укуктарын жана бийлигин талап кылып, аракет кыла баштагандыктан, уятсыз кылмышкерлер биринин артынан бири кулай баштады. Биз элдерди улуулук жолу менен алдыга умтулууга чакырып, уяты жоктордон жакшылык күтпөөгө кеңеш беребиз, анткени уяты жоктордон үмүт жок. Эгер мазлумдар Аллахтын динине колдоо көрсөтүп, Анын буйругун аткарышса, Аллах алардын коргоочусу.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1447-х, 12-сафар. 2025-ж, 6-август.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button