Асыл хадис

Ыймандуу пенде эки коркунучтун ортосунда: Өтүп кеткен өмүр, калган өмүр!

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Ыймандуу пенде эки коркунучтун ортосунда: Өтүп кеткен өмүр, калган өмүр!

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ رَضِيَ اللَّهُ تَعَالَى عَنْهُمَا قَالَ: كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَخْطُبُ يَوْمَ الْجُمْعَةِ, وَبَعْدَ أَنْ يَحْمَدَ اللَّهَ وَيُصَلِّيَ عَلَى أَنْبِيَائِهِ يَقُولُ: «أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّ لِكُمْ مَعَالِمَ فَانْتَهُوا إِلَى مَعَالِمِكُمْ، وَإِنَّ لَكُمْ نِهَايَةً فَانْتَهُوا إِلَى نِهَايَتِكُمْ, إِنَّ الْعَبْدَ الْمُؤْمِنَ بَيْنَ مَخَافَتَيْنِ: بَيْنَ أَجَلٍ قَدْ مَضَى لا يَدْرِي مَا اللَّهُ صَانِعٌ فِيهِ, وَبَيْنَ أَجَلٍ قَدْ بَقِيَ لا يَدْرِي مَا اللَّهُ قَاضٍ فِيهِ، فَلْيَأْخُذِ الْعَبْدُ مِنْ نَفْسِهِ لِنَفْسِهِ، وَمِنْ دُنْيَاهُ لآخِرَتِهِ، وَمِنَ الشَّبِيبَةِ قَبْلَ الْهَرَمِ، وَمِنَ الْحَيَاةِ قَبْلَ الْمَوْتِ، فَوَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ مَا بَعْدَ الْمَوْتِ مِنْ مُسْتَعْتَبٍ، وَمَا بَعْدَ الدُّنْيَا دَارٌ إِلا الْجَنَّةَ أَوِ النَّارَ». (ذَكَرَهُ القُرطُبِيُّ فِي تَفسِيرِهِ).

Жабир ибн Абдулладан (Аллах Таала экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте айтты: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жума хутбасын окуп, Аллахка мактоо айтып, пайгамбарларына салават айткан соң: “Оо, адамдар, силердин белгиленген жериңер бар, андыктан өзүңөрдүн белгиленген жериңерге жеткиле. Силердин токтой турган чегиңер бар. Ал чектен токтогула. Момун пенде эки коркунучтун ортосунда: Ал Аллах аны эмне кыларын билбеген өтүп кеткен мөөнөт менен Аллах кандай өкүм чыгарарын билбеген өтө элек мөөнөттүн ортосунда. Пенде өзүнө керектүүнү өзүнөн алсын, акыретине керектүүнү дүнүйөдөн алсын. Карылыкка чейин жаштыктан алсын, өлүмгө чейин өмүрдөн алсын. Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант болсун, өлгөндөн кийин тообо кылууга орун жок жана бул дүйнөдөн кийин бейиш жана тозоктон башка жай жок”. (Аль-Куртуби муну өз шархында айткан).

Исламга чейинки кайрылуулар (хутба) тартиптүү жана ырааттуу болгон эмес. Аң-сезимдүү, кыраакылык менен да айтылган эмес. Тескерисинче, эл алдында кыйкырып жаткан чечен адамдын үнү сыяктуу эле. Кийин Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) келип, хутбанын формасы жана мазмуну боюнча чоң революцияны алып келди. Ал эми сырткы түзүлүшүнө келсек, Аны көрүп, уккан жүрөктөрдү багынткан тунук үн менен айтылып, сүйлөгөнү жаркын, таза эле. Оратордун бул көрүнүшү адамдарга айбат көргөзүп аны кабыл алдырат. Ал эми мазмунуна келсек, пайгамбарыбыздын хутбаларында кыска сөздөр басымдуулук кылган. Кыскалык, көп маанилерди аз сөз менен жеткирүү. Демек, анын хутбаларында сөздөрдүн кыскалыгы кеңири камтылган. Анын хутбалары идеяларды берүүдө олуттуулугу жана ынандыруу күчү менен өзгөчөлөнүп, карама-каршы пикирлерге орун калтырган эмес. Ынандыруунун булагы рисалатка болгон чын ыкластын жана берилгендиктин жалыны, ага болгон ишениминин күчтүүлүгү менен болгон. Демек, шаты сыяктуу, анын тепкичтери каалаган максатына жеткенге чейин бири-биринин үстүнө ырааттуу коюлгандай. Анын насааттарынын формулировкасы көркөм, маанилери ырааттуу, түзүлүшү так экенин көрөсүз.

Анын хутбалары (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кириш сөзүнүн чебердиги менен өзгөчөлөнүп турган. Ал бул хутбаны угуучуну эскерткен жана анын көңүлүн бурган чакырык менен баштаган. Ал (с.а.в) айтты: “Оо, адамдар, силердин белгиленген жериңер бар, белгиленген жериңерге жеткиле. Силердин токтой турган чегиңер бар, ал чектен токтогула.” Ал кайрылууну “Оо, адамдар” деп баштады, ошондуктан кайрылуу ар бир убакта жана бардык жерде бардык адамдарга жалпы болду. (Аллахтын салам-салаваттары болсун) “белгилер” дегени жолду көрсөтүү үчүн колдонулган жол белгилери. Ал диндеги буйрук жана тыйууларды адамдар адашпашы үчүн туура жолго коюлган жол белгилерине салыштырган. Анын сөзүнүн көркөмдүгүнүн сыры, анын маани-маңызын ишке ашырууда жана аны сезе турган образда көрсөтүү. Ал диндин хидаят жана багытка тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн “белгилер” терминин тандап алган. Жол белгилери тентип, жоголгондор үчүн алыскы чөлдө жашагандар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Көздөгөн жерге аман-эсен жетүү үчүн жол белгилердин баалуулугу көрүнүп турат. Ал кайрылуучуларга “силердин белгилериңер” деп силерге сөзүнө белгилерди кошуп, дин аларды туура жолго салуу үчүн гана келгенин билдирген. Бул нерсе “силердин токтой турган чегиңер бар” дегенде да сезилип турат.

“Момун пенде эки коркунучтун ортосунда. Аллах аны эмне кыларын билбеген өтүп кеткен мөөнөт менен, Аллах кандай өкүм чыгарарын билбеген өтө элек мөөнөттүн ортосунда”. Бул сөз адамдын бул дүйнөдөгү абалын түшүндүрөт, анткени ал эки нерсенин ортосунда турат: Артында өтүп кеткен өмүрү бар, андагы тартуулаган нерселери менен Аллахтын ыраазычылыгына жеттиби же жокпу билбейт. Ошондой эле аны белгисиз келечек күтүп турат жана ал келечекте Кудай аны кандай кыларын билбейт. Ошондуктан ал өзүнүн өткөнү менен келечегине байланыштуу эки коркунучтун ортосунда калат. Бул экөө тең өтө сергектикти жана көңүл бурууну талап кылат.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) адамдын Аллахка кулдугун көрсөтүү үчүн “кул” деп сыпаттады, ал алсыздыкты билдирет жана баш ийүүнү талап кылат. Ушул эки коркунучтун ортосунда жашаган адам ыймандын маанисин билген чыныгы пенде. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) адамдар сак болушу үчүн, коркуу сезимин ойготуу үчүн “Эки коркунучтун” деп адамдын өтмүшү менен келечегин атады. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) пендени өз жашоосунда эки коркунучтун ортосунда жашап жаткан абалда сүрөттөгөн. Орунду билдирген “ортосунда” деген сөз рационалдуу маанини жандуу, реалдуу образга өткөрүп берет. Өтмүш менен келечек пенденин эки материалдык денесиндей болуп, аларды пенденин көз алдына тартат. Бул сөз айкашында жалпылоодон кийин абалды майда-чүйдөсүнө чейин баяндаган. Себеби ал: “Момун пенде эки коркунучтун ортосунда” деген сөзүндө жалпы маанини берген, андан кийин эки коркууну кеңири баяндаган.

Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Пенде өзүнө керектүүнү өзүнөн алсын, акыретине керектүүнү дүнүйөдөн алсын. Карылыкка чейин жаштыктан алсын, өлүмгө чейин өмүрдөн алсын”. Мында адамдын бул жашоодо эмне кылуу керектиги баяндалат жана ал төрт нерсени айтты: Биринчиси, Ислам шариятында белгиленгендей өзүнө жаккан нерселердин бир бөлүгүн жасабай, кээ бир жакпаган иштерин жасоого өз напсисин мажбурлоосу. Экинчиси, Акыретте пайда алып келе турган жакшы амалдарын көбөйтүү үчүн бул дүйнөгө болгон талаптарын азайтуу. Үчүнчүсү, жаш кезинде демилгени колго алып, карыганда жасай албай кала турган сооптуу иштерди жаштыгында кылуусу. Төртүнчүсү, өлүм келгенге чейин жашоо мүмкүнчүлүгүн пайдалануу жана Раббисине жакындата турган иштерди кылуу.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бул хутбаны жогоруда айтылгандарды тастыктоо менен жыйынтыктады. Адам өлгөндө үмүтү бүтөт деп ант берди. Өтүп кеткен нерсесинин ордун толтурууга, күнөөлөрү үчүн кечирим суроого мүмкүнчүлүгү жок экендигине ант берди. Анын алдында сыйлык же жаза гана бар: жакшы адам болсо бейиш, жаман болсо тозок. Ага Аллахтын салам-салаваты болсун, айтты: “Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант болсун, өлгөндөн кийин тообо кылууга орун жок жана бул дүйнөдөн кийин Бейиш жана Тозоктон башка жай жок”. Ант бул Кудайдын кудуретин жана напсилерди башкарарын көрсөткөн тастыктоо ыкмасы. Анын “жаны анын колунда” деген сөзү Аллахтын кудуретин, бийлигин салыштырмалуу көргөзүп турат. Пайгамбар, (саллаллаху алейхи уа саллам) “ма ва илла” менен чектөө ыкмасын колдонуп, тагдырды жогоруда айтылган эки нерсенин бирөө менен чектеп, андан кийин үчүнчү жол жок жана бейиш менен тозокту тандоодо акылды колдонууга чакырган.

Бул текст диний насааттын бир түрү болуп саналат. Насаат “Оо, адамдар” деген кыска кириш сөздү камтыган, андан кийин кайталоо, ынандыруу жана канаатандырууга таянуу менен баяндалат. “Мухаммаддын жаны Колунда болгон Затка ант болсун, өлгөндөн кийин тообо кылууга орун жок жана бул дүйнөдөн кийин Бейиш же Тозоктон башка жай жок” деген жыйынтык чыкты.

Анда хутбанын максаты кыскача баяндалат. Пайгамбардын кайрылуу стили көркөм жана өзгөчө, алардын эң негизгилери: жөнөкөйлүк, түшүнүктүүлүк, ынандыруу, ырахаттандыруу, сөздүн мазмунун жеткирүүдөгү чечендик.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 22-сафар.

2025-ж, 16-август.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button