Асыл хадис

Үммөттүн кызыкчылыгы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Үммөттүн кызыкчылыгы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Муслим өзүнүн “Сахихинде” мындай дейт:

حَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ يَحْيَى وَأَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ وَأَبُو كُرَيْبٍ قَالَ يَحْيَى وَاللَّفْظُ لَهُ أَخْبَرَنَا و قَالَ الْآخَرَانِ حَدَّثَنَا أَبُو مُعَاوِيَةَ عَنْ الْأَعْمَشِ عَنْ أَبِي سُفْيَانَ عَنْ جَابِرٍ قَالَ :بَعَثَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِلَى أُبَيِّ بْنِ كَعْبٍ طَبِيبًا فَقَطَعَ مِنْهُ عِرْقًا ثُمَّ كَوَاهُ عَلَيْهِ

Бизге Яхья ибн Яхья Жабирден риваят кылды, ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Убай ибн Каабга бир табып жиберди, ал дарыгер анын тамырын кесип, андан соң аны (канын токтотуу үчүн) күйгүздү.

Урматтуу бир туугандар:

Аллахтын элчиси мамлекет башчысы катары жалпы элдин кызыкчылыгын башкарган. Ал алардын иштерине кам көрүп, көйгөйлөрүн чечип, мамилелерин жөнгө салып, муктаждыктарын камсыздап жана аларды эң жакшы нерсеге багыттаган. Ал бул иштерди өзү аткарган, же аларды башкаруу үчүн катчы дайындаган. Бул иштер адамдардын жашоосун жеңилдеткен, алардын жашоосун көйгөйсүз жана кыйынчылыксыз уланткан административдик иштер.

Мына, ал Зат бул асыл хадисте элдин маанилүү бир муктаждыгын камсыз кылуу үчүн кам көрүп жатат. Бул дарыланууга болгон муктаждык. Анткени дарылануу адамдардын эң зарыл муктаждыктарынын бири. Ошол үчүн, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) кол астындагылардын арасынан оорулууларды дарылап, аларга шыпаа бере турган,  ден соолукту калыбына келтирүү үчүн керектүү дарыларды жазып берүү үчүн бир дарыгерди дайындады. Медициналык жардам ​​бул халифа адамдарга кам көрүүгө тийиш болгон жарандардын маанилүү кызыкчылыгы. Мамлекет адамдардын ден соолугуна жана сакайып кетишине керектүү талаптар болушу үчүн дарыгерлерди, ооруканаларды, дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, лабораторияларды жана бардык керектүү материалдар, шаймандар жана ар кандай медициналык адистиктерге адистешкен адамдар менен камсыз кылуусу керек.

Адамдардын кызыкчылыктары көп жана ар түрдүү. Ал дарыланууга муктаждык менен гана чектелбейт. Билим берүү, жол куруу, транспорт, суу, жайыт, электр энергиясы, жылуулук менен камсыздоо муктаждыктары да бар. Комбайндар, кырмандар, үрөөндөр, көчөттөр жана пестициддер сыяктуу айыл чарба машиналары жана шаймандары менен камсыз кылуу да үммөттүн кызыкчылыгына кирет. Азык түлүк жана дыйкандарга керек болгон нерселер базарларда камсыз болуусу, соодагерлер, өнөр жайчылар жана башка кол өнөрчүлөр, бизнес ээлери жөнүндө да  айтууга болот. Элдин кызыкчылыктары, мен айтып өткөндөй, көп жана ар түрдүү. Бул жерде чектелип же саналып бүтпөйт, бирок биз тастыктай турган нерсе, бул кызыкчылыктарга кам көрүү, Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын) иш-аракеттеринин негизинде мамлекеттин милдеттеринин бири болуп саналат. Ага Аллахтын салам-салаваты болсун бир дарыгер берилгенде, ал аны мусулмандарга жеткиликтүү кылып, өзүнө  жеке калтырган эмес, бул дарылануу мусулмандардын жалпы кызыкчылыгы экенине ишарат кылат.

Таалим маселеси боюнча Хаким “Мустадрак” китебинде “Эки сахихте” Ибн Аббас, ал экөөнөн тең Аллах ыраазы болсун, риваят кылган:

عن ابن عباس رضي الله عنهما ، قال : كان ناس من الأسارى  يوم بدر ليس لهم فداء ، « فجعل رسول الله صلى الله عليه وسلم فداءهم ، أن يعلموا أولاد الأنصار الكتابة » « هذا حديث صحيح الإسناد ولم يخرجاه

Ал айтты: “Бадр күнү кээ бир туткундар бар эле, алардын фидясы жок болгондуктан, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ансарлардын  балдарына жазууну үйрөтүүнү  алардын фидясы кылды”. Бул риваят чынжырчасы сахих хадис, бирок аны Бухари жана Муслим киргизбеген.

Фидя мусулмандарга таандык жалпы олжолордон болгондуктан, Пайгамбар (с.а.в)дын иш-аракетинен билим берүү мусулмандардын жалпы кызыкчылыгы экенин түшүнөбүз. Ал эми иш кылуу, бизнес, соода  тармагына келсек, Абу Дауд “Сунанында” Анас бин Маликтен риваят кылган хадисте:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ أَنَّ رَجُلًا مِنْ الْأَنْصَارِ أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَسْأَلُهُ فَقَالَ أَمَا فِي بَيْتِكَ شَيْءٌ قَالَ بَلَى حِلْسٌ نَلْبَسُ بَعْضَهُ وَنَبْسُطُ بَعْضَهُ وَقَعْبٌ نَشْرَبُ فِيهِ مِنْ الْمَاءِ قَالَ ائْتِنِي بِهِمَا قَالَ فَأَتَاهُ بِهِمَا فَأَخَذَهُمَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِيَدِهِ وَقَالَ مَنْ يَشْتَرِي هَذَيْنِ قَالَ رَجُلٌ أَنَا آخُذُهُمَا بِدِرْهَمٍ قَالَ مَنْ يَزِيدُ عَلَى دِرْهَمٍ مَرَّتَيْنِ أَوْ ثَلَاثًا قَالَ رَجُلٌ أَنَا آخُذُهُمَا بِدِرْهَمَيْنِ فَأَعْطَاهُمَا إِيَّاهُ وَأَخَذَ الدِّرْهَمَيْنِ وَأَعْطَاهُمَا الْأَنْصَارِيَّ وَقَالَ اشْتَرِ بِأَحَدِهِمَا طَعَامًا فَانْبِذْهُ إِلَى أَهْلِكَ وَاشْتَرِ بِالْآخَرِ قَدُومًا فَأْتِنِي بِهِ فَأَتَاهُ بِهِ فَشَدَّ فِيهِ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عُودًا بِيَدِهِ ثُمَّ قَالَ لَهُ اذْهَبْ فَاحْتَطِبْ وَبِعْ وَلَا أَرَيَنَّكَ خَمْسَةَ عَشَرَ يَوْمًا فَذَهَبَ الرَّجُلُ يَحْتَطِبُ وَيَبِيعُ فَجَاءَ وَقَدْ أَصَابَ عَشْرَةَ دَرَاهِمَ فَاشْتَرَى بِبَعْضِهَا ثَوْبًا وَبِبَعْضِهَا طَعَامًا فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ هَذَا خَيْرٌ لَكَ مِنْ أَنْ تَجِيءَ الْمَسْأَلَةُ نُكْتَةً فِي وَجْهِكَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِنَّ الْمَسْأَلَةَ لَا تَصْلُحُ إِلَّا لِثَلَاثَةٍ لِذِي فَقْرٍ مُدْقِعٍ أَوْ لِذِي غُرْمٍ مُفْظِعٍ أَوْ لِذِي دَمٍ مُوجِعٍ

“Ансарлардан бир адам Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа салламга) келип, андан сурады да, ал: Үйүңдө бир нерсе барбы? деди. Ал айтты: Ооба, биз бир бөлүгүн кийген, бир бөлүгүн жайган төшөнчү жана суу иче турган чөйчөк бар. Ал: Аларды мага алып кел деди. Ошентип, ал аларды ага алып келди, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) аларды колуна алып: Бул экөөнү ким сатып алат деди. Бир киши: Аларды бир дирхамга алам, – деди. Ал айтты: Ким бир дирхам ашык, эки же үч дирхам кошо алат деди.  Бир киши: Аларды эки дирхамга алам, – деди. Ошентип, аларды ага берип, эки дирхамды алып, ансарийге берип: Алардын бирөөсүнө тамак сатып ал да, үй-бүлөңө бер, экинчисине балта сатып алып, мага алып кел, – деди. Ал аны алып келди, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ага колуна  таяк байлап, анан ага: Бар, отун чогулт да, сат, сени бул жерден он беш күн көрбөйүн деди. Ошентип, ал киши отун терип сатып он дирхам пайда таап кайтып келди.  Кээ бирлерине кийим, кээ бирлерине тамак сатып алды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Бул сен үчүн кыямат күнү жүзүңдө так болуп калуудан жакшыраак. Тилемчилик үч түрдүү адамга гана ылайыктуу: жакырчылыкта болгонго, чоң карызга батканга, же жанын кыйнаган кун төлөө маселеси барга”.

Жол иштеринде Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам), өз доорунда талашып-тартышып жатканда жолду жети арыш (зираь) кылып, жолдорду белгилеген.

Аль-Бухари Икримадан риваят кылат:

فقد روى البخاري عَنْ عِكْرِمَةَ سَمِعْتُ أَبَا هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ قَضَى النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا تَشَاجَرُوا فِي الطَّرِيقِ بِسَبْعَةِ أَذْرُعٍ

Мен Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп айтканын уктум: Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) эгер алар жол талашып урушуп кетсе, жолду жети чыканак (зираь) деп өкүм кылган.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жалпы жолго кирип кетүүдөн тыйган. Ат-Табарани “Ас-Сагирге” риват кылган:

عن الحكم بن الحارث السلمي ، سمعت رسول الله صلى الله عليه وآله وسلم يقول : « من أخذ من طريق المسلمين شبرا طوقه الله يوم القيامة من سبع أرضين

Хакам бин Аль-Харис Ас-Салами риваят кылган хадисте, мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) мындай деп айтканын уктум: “Ким мусулмандардын жолуна бир сөөм кирсе, Аллах аны Кыямат күнү жети кабат жер менен оройт”.

Ал эми дыйканчылыкка келсек, Муслим өзүнүн “Сахихинде” Урва ибн Зубайрдан риваят кылган хадисте, Абдулла ибн Зубайр ага мындай деп айткан:

أَنَّ رَجُلًا مِنْ الْأَنْصَارِ خَاصَمَ الزُّبَيْرَ عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي شِرَاجِ الْحَرَّةِ الَّتِي يَسْقُونَ بِهَا النَّخْلَ فَقَالَ الْأَنْصَارِيُّ سَرِّحْ الْمَاءَ يَمُرُّ فَأَبَى عَلَيْهِمْ فَاخْتَصَمُوا عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِلزُّبَيْرِ اسْقِ يَا زُبَيْرُ ثُمَّ أَرْسِلْ الْمَاءَ إِلَى جَارِكَ

Ансарлардан бир адам Аз-Зубайр менен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) алдында курма дарагын сугара турган жер тууралуу талашып-тартышты. Ансарий киши:  “Сууну койо бер эркин агып келсин”, – деди. Бирок ал баш тартты жана алар Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын) алдында талашып-тартышты. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам), Аз-Зубайрга: “Оо, Зубайр, жерди сугар, анан сууну кошунаңа жөнөт”, – деди.

Ушундайча, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мусулмандардын кызыкчылыгын башкарып, алардын административдик маселелерин жеңил жана жөнөкөйлүк менен чечип, бул иште кээ бир сахабалардан жардам сурады. Демек, ушуга негизделип элдин кызыкчылыгын башкара турган халифанын аппараты болот же аны башкаруу үчүн компетенттүү (иштин көзүн билген) жардам берүүчү башкаруучуну дайындайт.

Хизб-ут-Тахрир халифанын ишин жеңилдетүү үчүн, өзгөчө кызыкчылыктардын татаалдыгы жана көбөйүшүнө байланыштуу, элдин жашоосун жеңилдеткен жана аларга керектүү кызматтарды эч кандай кыйынчылыксыз камсыз кылуучу ыкмалар жана каражаттар менен компетенттүү мүдүрлөр башчылык кылган адамдардын кызыкчылыгы үчүн аппарат болуусун таббаний кылды. Бул аппарат бөлүмдөр жана башкармалыктар сыяктуу бир нече уюштуруу бөлүмдөрүнөн турат,  жарандык, транспорт, тыйын чыгаруу, билим берүү сыяктуу.

Бийлик органдын өзүн жана ага караштуу бөлүмдөрдү жана администрацияларды башкаруу үчүн жооп берет. Башкармалык  өзүнүн жана ага караштуу бөлүмдөрдүн иштери үчүн жооп берет. Администрация башкаруунун өзүнүн иштери жана анын бөлүмдөрүнүн жана бөлүктөрүнүн иштери үчүн жооп берет.

Бул талаптар, башкармалыктар жана бөлүмдөр мамлекеттин иштерин алдыга жылдыруу, элдин кызыкчылыгына кызмат кылуу максатында  түзүлөт. Бул бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн аларга кызмат адамдары дайындалышы керек. Ар бир башкармалыктын жана  бөлүмдөрдүн иштерин түздөн-түз башкаруу жана анын бардык филиалдарын жана администрацияларын көзөмөлдөө үчүн башкы мүдүр дайындалат. Ал  мүдүр башкармалыктын жана анын астындагы бөлүмдөрдүн иши үчүн түздөн-түз жооп берет.

Айта кетчү нерсе, Халифалыкта жарандыгы бар жана квалификациялуу, эркекпи же аялбы, мусулманбы же мусулман эмеспи айырмасы жок, жалпы кызыкчылыктарды башкаруучу башкармалыкта  жана жана бөлүмдөрүндө  мүдүр же кызматчы болуп дайындала алат. Бул ижара өкүмдөрүнөн алынган, анткени мамлекетте жетекчилер жана кызматчылар ижаара шарттарына ылайык кызматкер болуп саналат, ошондуктан ал мусулман болобу же кайрымусулман болобу, жалпы түрдө жалдоо жайиз.

Бул ижара тууралуу далилдердин жалпылыгы жана абсолюттуулугу менен шартталган. Аллах Таала айтат:

فَإِنْ أَرْضَعْنَ لَكُمْ فَآَتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ

“Эгер алар силерге  “эмчек эмизсе” (жаш наристеге эмчек эмизүгө жалданган аял), анда аларга акысын бергиле”.

Бул жалпы жана мусулмандарга гана тиешелүү эмес. Аль-Бухари Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:

عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ قَالَ اللَّهُ ثَلَاثَةٌ أَنَا خَصْمُهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ رَجُلٌ أَعْطَى بِي ثُمَّ غَدَرَ وَرَجُلٌ بَاعَ حُرًّا فَأَكَلَ ثَمَنَهُ وَرَجُلٌ اسْتَأْجَرَ أَجِيرًا فَاسْتَوْفَى مِنْهُ وَلَمْ يُعْطِ أَجْرَهُ ،

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдан) риваят, ал айтты: Аллах айтты: “Кыямат күнү  үч түрдүү адам бар, алар менен душман болом: Менин атым менен келишим түзүп, анан ага кыянаттык кылган адам; эркин адамды сатып, анын баасын жеген адам;  жумушчуну жалдап адам аны толук пайдаланып, бирок ага эмгек акысын бербей койгон адам”.

Бул жалпы жана мусулман жумушчуга же аялга же эркекке  эле  тиешелүү эмес. Жалпы түрдө айтылган. Мына ушулар Халифалык мамлекетинин башкаруу аппараты… Элдин кызыкчылыгына оңой жана жөнөкөй кызмат кылуу үчүн түзүлгөн аппарат. Мамлекет алар үчүн жеңил жана жөнөкөй мыйзамдарды кабыл алып, аларга компетенттүү жетекчилерди, кызматчыларды тандап алып, паракорлук жана сүткорлук бюрократия себептүү адамдардын жашоосун тозокко жана азапка айланткан азыркы системалардын татаалдыгын кайталабайт.

Оо Аллахым, Халифалык мамлекетин тикелөөнү тездет жана анын камкордугунан ырахат алууну бизге насип кыл… Оо, угуучу, жооп берүүчү Зат.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1447-х, 26-робиул аввал

2025-ж, 18-сентябрь

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button