Басма сөз

Акылсыз башчылардын инвестицияларына Америкага караганда кембагал мусулмандар татыктуураак!

Басма сөз баянаты

Акылсыз башчылардын инвестицияларына Америкага караганда кембагал мусулмандар татыктуураак!

Саудиянын мураскор ханзаадасы 2025-жылдын 18-ноябрында (шейшемби күнү) Америкага сапар жасады. Бул сапарында ал үммөттүн мүлкүн текке кетирүүдөгү акылсыздыгын, Америкага канчалык кулчулук кыларын, ошондой эле Ислам үммөтүнө кыла турган чыккынчылыгын жана ага каршы кутумун, Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ  каршы согушуна аралашкандыгын айкын көрсөттү. Бул анын «Абрахам келишимдерине» кошулууга макул болуусу аркылуу ачык көрүндү. Анын бул кадамы чыккынчылыктын өзү. Бул келишим дагы бир чыккынчылык шарты менен шартталган — «эки мамлекет чечимине» так жана анык жолду камсыз кылуу.

Ак үй тараткан билдирүүгө ылайык, АКШ президенти Трамп менен ибн Салман эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү тереңдеткен, жогорку айлыгы бар жумуш орундарын көбөйткөн, маанилүү камсыздоо чынжырларын бекемдеген жана регионалдык туруктуулукту колдогон бир катар келишимдерге кол коюшту. Билдирүүдө Америка Саудия үчүн жарандык ядролук кызматташтыкта өнөктөш болору белгиленип, эки өлкө сейрек кездешүүчү минералдар жаатында кызматташууну тереңдетүү жана бул минералдардын камсыздоо чынжырларынын түрүн көбөйтүүгө багытталган улуттук стратегияларды координациялоо жөнүндө алкактык макулдашууга кол койгондугу айтылды. Мындан тышкары, биргелешкен коргонуу келишимдери, Саудиянын F-35 учактарын жана 300 танк сатып алганы, Америкадагы инвестицияларын 600 миллиарддан 1 триллион долларга чейин көбөйткөнү жарыяланды.

Ачык айтсак, Трамп Сауд  падышачылыгын ири көлөмдө акча соруп алуучу булак жана АКШнын тышкы саясатындагы аткаруучу куралы катары карай турганы айдан ачык. Яхудий түзүмү түзүлгөндөн бери Сауд режими ага бир да ок аткан эмес. Анда бул куралдарды кимге колдонуу үчүн сатып алышууда? Үммөттүн душмандары үчүнбү? Же мусулмандарды өлтүрүү үчүнбү?! Буга Йемен согушу тирүү мисал! Анан эмнеге миллиарддаган долларларды Америка экономикасын көтөрүүгө коротушууда, ошол эле маалда алардын өз өлкөсүндө жана башка мусулман өлкөлөрүндө миллиондогон мусулмандар ачкачылыкта жатышат?! Бул алардын алгачкы чыгымы эмес. Алар мындан мурда да АКШ экономикасын колдоо үчүн үммөттүн байлыгын текке кетиришкен, же өздөрүнүн сарайлары менен кумар-каалоолоруна сарпташкан, же үммөткө эч кандай пайдасы жок долбоорлорго чачкан.

Сауд өкүмдарлары башка мусулман өлкөлөрүнүн башчылары сыяктуу эле акылсыздар. Алар үммөткө пайда алып келбеген иштерге акчаны текке чачышат. А бул акчалар алардын өздөрүнүн же аталарынын мүлкү эмес, бул — үммөттүн акысы. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ»

«Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто».

Ошондуктан мунай, газ, минералдар, деңиздер жана дарыялар умумий мүлктөр. Мамлекеттин негизги милдети бул мүлктөргө кам көрүү, адамдар үчүн алардагы өз үлүшүнө жетүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Эгерде мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер ушундай кылышканда, бир да кедей адам калмак эмес. Бирок акылсыз өкүмдарлар адамдарды өз укугунан ажыратышат, бул байлыктарды өз кумарлары үчүн коротушат, жада калса аларды үммөттүн душмандары болгон кожоюндарына өткөрүп беришет.

Эй, мусулмандар!

Мындай иштерди акылсыздар гана жасайт. Ал эми акылсыздын өкүмү хажр (мал-мүлктө тасарруф кылуу укугунан ажыратуу) кылуу. Андыктан, өкүмдарларды хажр кылууга шашылгыла, аларды мүлкүңөрдү каалагандай чачуудан токтоткула. Халифалыкты кайра тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрир менен бирге ишке киришкиле. Ошондо Аллахтын шариатын жерде орнотуп, Анын динин бардык адамдарга жеткирүү аркылуу Раббиңерди ыраазы кыласыңар. Ошону менен акылсыз башчылар текке кетирген байлыгыңар силерге кайра кайтып келет, жана силер дүйнөдө да, акыретте да бакыт табасыңар.

Хизб-ут-Тахрирдин берекелүү жер Палестинадагы маалымат бөлүмү

20.11.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button