
Калыс дааватчылардан колуңарды тарткыла
2025-жылы 3-апрелде, Бишкек четиндеги Калыс-Ордо конушунан адам уурдалды. Ал адам колу-буту таңылып, оозу скочтолгон абалда белгисиз адамдар тарабынан уурдап кетилген. Уурдалган адам Жалгашев Аманкул Романович эле. Кийин ал СИЗО-21 мекемесинен табылып, адам уурулар Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыкты. Мындан сырткары, Биринчи май райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн кызматкери Асанбаев Адилет кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз кылган кылмыштарын жаап-жашыруу үчүн, №21 СИЗОнун кызматкерлери менен тил бириктирип, 2025-жылы 1-июлда Жалгашев Аманкулду кыйноого алышкан. Кылбаган иштерин да мойнуна алдыруу үчүн уруп-сабашкан жана “сени өмүр бою түрмөдө чиритебиз” деп коркутушкан. Жана мындай кыйноолор Улуттук кыйноо борбору тарабынан өз тастыгын тапкан.
Жалгашев Аманкулдун жубайы Кабылбай кызы Ширин мындай мыйзамсыз кылынган кылмыш үстүнөн адилеттик издеп КР Президентине, Министрлер кабинети төрагасына, Жогорку соттун төрагасына, Башкы прокурорго, Акыйкатчыга, Улуттук кыйноо борборуна, Бишкек шаарынын прокуроруна, айрым тиешелүү депутаттарга даттануу менен кайрылган. Ушундай болушуна карабастан, жабырлануучу ушуга дейре залимдердин зулумунан жабыр тартып жашоодо.
Кыргыз Республикасы “светтик” мамлекет болгондуктан, анда калыс мусулмандарга жалган жалаа түрүндө “экстремизм” тамгасы жабыштырылган. Ушундан улам, Кыргызстандагы калыс дааватчылар “экстремист” дооматы менен жабыр тартып келишет. Мына ошолордун бири Жалгашев Аманкул болуп калууда. Ал коррупционер эмес, ал “черный” эмес… Кыскасы, ал эч кандай кылмышкер эмес. Анын бар болгон “айыбы” – “Робиим Аллах” дегени гана. Башкача айтканда, ал Аллахка ыйман келтирген жана Аллахтын шарияты менен жашоого чакырат. Тилекке каршы, Кыргызстанда сүткордук, монополия, кумарпоздук ж.б.у.с. арты үзулбөгөн харам амалдар гүлдөп өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткан бир учурда, Исламды үйрөтүү, жаман иштерден кайтарып, жакшы иштерге буйруу сыяктуу ваажиб амалдар кылмыш эсептелип калууда.
Абу Хурайра р.а.дан риваят кылынат, Расулуллах A айтты:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, ал жылдары рувайбиза сөз сүйлөйт. Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз: Жалпынын иши жөнүндө (сүйлөй турган) ахмак кимсе» деп дооп берди.
Кыргызстан мамлекети өз конституциясында “светтик” аталып, бийлик демократияны колдонорун жана ага ылайык адам укуктарын коргой тургандыгын айтып жатса да, бул окуяда мамлекеттик кызматкерлер конституция жана кодекстерде белгиленген мыйзамдарын бузушуп, адам укугун тебелеп жаткандыгы айкын көрүнүп турат. Адамды үйүнөн уурдап кетүү жана кыйноого салуулар кайсыл мыйзамда көрсөтүлүптүр?!
Расулуллах A бул жөнүндө мындай дейт:
«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا: قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ.. »
«Тозок калкынын эки түрү бар: ушундай бир коум, аларда уйдун куйруктары сыяктуу камчылар болот, аны менен адамдарды уруп-сабашат…».
Эгер орган кызматкерлери бул иштерди өз кызыкчылыктары үчүн кылып жатышса, алар бийликти жаманатты кылып жатышкан болот. Жана дүйнөсү үчүн динин сатып жатышкан эсептелишет. Эгер бул мамлекеттик саясат болуп, бийликке жагынып кылып жатышкан болсо, анда динин бирөөлөрдүн дүйнөсү үчүн сатышыптыр.
Пайгамбарыбыз r мындай деди:
»شَرُّكُمْ مَنْ بَاعَ دِيْنَهُ بِدُنْيَاهُ، وَشَرٌّ مِنْهُ مَنْ بَاعَ دِيْنَهُ بِدُنْيَا غَيْرِهِ«
«Силердин жаманыңар – динин дүйнөсү үчүн саткан кимсе, андан да жаманыраак кимсе – динин башка кимсенин дүйнөсү үчүн саткан кимсе».
Эгер бул иштер мамлекеттик саясат алкагында кылынып жаткан болсо, анда бийлик ээлери да диндерин бирөөлөрдүн дүйнөсү үчүн саткан болушат. Анткени, алар мындай саясатты каафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн кабыл алышат. Б.а. каафирлер кызыкчылыгы үчүн өз умматына саткындык кылган болушат. Бул окуядагы жабырлануучунун бардык тиешелүү тараптарга даттанууларына карабастан, ага карата зулумдун уланып жатышы ушундай саткындыкка далалат кылып турат.
Сахихи Муслимде хабибибиз Мухаммад Aдан риваят кылынат:
«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرْفَعُ لَهُ بِقَدْرِ غَدْرِهِ أَلاَ وَلاَ غَادِرَ أَعْظَمُ غَدْرًا مِنْ أَمِيرِ عَامَّةٍ«
«Кыямат күнү ар бир саткындын байрагы болот, бул байрак анын саткындыгы жараша бийик көтөрүлөт, билип койгула, эл амиринин саткындыгынан өткөн кыянат жок».
Мындай зулумдуктар бийликтин калкка камкордук көрүп жатканы тууралуу айткандарын да жокко чыгарат жана аны элдин ишениминен кетирет. Ар бир бийлик өз салтанатында элдин колдоосуна таянат. Элдин колдоосу болсо, элдин ишеними аркылуу болот. Бүгүн бир адамдын ишениминен кетсе, эртең сөзсүз көпчүлүктүн ишенимин жоготот. Бийлик да башка дүйнө маталары сыяктуу эле “бүгүн бар да, эртең жок”.
Аллах Таала айтат:
﴿وَتِلۡكَ ٱلۡأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيۡنَ ٱلنَّاسِ﴾
«Бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турабыз» [3:140]
Ошондуктан, эй бийлик ээлери, силерди Аллахтын аяты менен эскертебиз, Аллах Азза ва Жалла айтат:
«Ар көчөдө отуруп алып (адамдарды) коркутпагыла, Аллахка ыйман келтирген заттарды Анын жолунан тосуп о.э. ал жолду бузууга аракет кылып олтурбагыла!»
}وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ{
– «…жана адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет менен өкүм кылууга буюрат». [4:58]
[7:86]
Хизб-ут-Тахрир – Кыргызстан