Милстоун трагедиясы кам көрүүчү мамлекеттин жоктугунун белгиси

Басма сөз баянаты
Милстоун трагедиясы кам көрүүчү мамлекеттин жоктугунун белгиси
Өткөн дүйшөмбү күнү, 2025-жылдын 21-июлунда, Дакканын Уттара районундагы Милстоун мектеби жана колледжинин башталгыч бөлүгүнүн имаратына Бангладеш аба күчтөрүнө таандык (F-7 BGI) үлгүсүндөгү аскердик учак техникалык бузулуудан улам кулап түшүп, коркунучтуу кырсыкка себеп болду. Бул кайгылуу окуя балдардын жана өспүрүмдөрдүн күйүп кеткен жана денелери бөлүнүп кеткен үрөй учурган көрүнүштөрү менен коштолуп, өлгөндөр жана жаракат алгандар болду. Аллах Тааладан каза болгондорго ырайым, жаракат алгандарга тез айыгуу, жана бул кырсыктын курмандыктарын бейиште шахиддер катарынан кылуусун сурайбыз. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«…وَصَاحِبُ الْحَرِيقِ شَهِيدٌ»
«…Өрттө каза тапкан киши – шахид» (Ахмад, Абу Дауд жана Насаий риваят кылган).
Эй адамдар! Бул трагедия элдин чын ыкласы менен өз ара жардамдашуусун ачык көрсөткөнү сыяктуу, секулярист, өзүмчүл бийлик башчыларынын жана саясий партиялардын эки жүздүүлүгүн жана кайдыгерлигин да ашкереледи. Куткаруу иштерине жана жаракат алгандар үчүн кан тапшырууга элдин активдүү катышуусу, ошондой эле 20дан ашуун окуучуну сактап калуу үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган мугалим айымдын баатырдык аракети — мунун айкын далили. Ал эми, өкмөт күйүп кеткен балдарга шашылыш жардам жана дарылоо шарттарын камсыздай албады. Жада калса аларды ооруканага жеткирүү үчүн тез жардам унаалары да жок болду. Ал эми эл мыкты билет: бул бийлик ээлери же алардын саясий элитасы ооруса, алар дароо атайын учак менен дарылануу үчүн Сингапурга жеткирилет!
Ошол учурда эл бул кайгылуу окуяны аза күтүү менен эскерип жатканына карабастан, орто мектепти аяктоо сынагын жылдыруу чечими түн ортосуна чейин “мыйзам” деген шылтоо менен кечеңдетилип, абитуриенттер менен ата-энелер арасында кеңири нааразылык жаратты. Ал эми ач көз секуляристтик саясий элита болсо, өкмөткө эсеп талап кылуунун ордуна, саясий упай топтоо үчүн сөз сүйлөп, билдирүү таратып, сүрөткө түшүү менен алек болушту жана медиада ар кандай “козголоңчу кутум” теорияларын таратып жатышты. Ошол эле учурда Улуттук консенсус комитетиндеги бийлик бөлүштүрүү жолугушуулары жана шайлоо өнөктүктөрү да токтогон жок. Чындыгында, бүт дүйнө билген бир акыйкат бар: бул секулярдык капиталисттик капыр түзүм — өзүмчүл, бузулган жана кайдыгер башкаруучуларды чыгаруучу фабрика.
Эй адамдар! Бул окуя аркылуу кайрадан ачыкка чыккан өтө кооптуу маселе — бийликтеги секулярдык элитанын ондогон жылдар бою сапаттуу куралданган күчтүү армия түзүүдө көргөзгөн шалаакылыгы жана жоопкерсиздиги болду. Бул шалаакылыктын натыйжасында, биз душмандар менен беттешүүдө эмес, техникалык бузулуулардан улам баатыр аскерлерибизден айрылып жатабыз! Бангладеште мындай аскердик учактар биринчи жолу кыйрап жаткан жок. Себеби (F-7) үлгүсүндөгү бул учак соңку он бир жыл ичинде бир нече жолу кырсыкка учураган. Орусиялык Миг-21дин негизинде жасалган бул кытайлык учак “карылык истребители” деген ат менен белгилүү. Анын өндүрүшү алгач 1960-жылдары башталып, 2013-жылы токтотулган.
Эй адамдар! Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ…»
«Башкаруучу – жоопкер, ал өз карамагындагылар үчүн жооптуу» (Бухари жана Муслим риваят кылган).
Бул сөздүн чындыгын Ислам үммөтүнүн даңктуу Халифалыгы кылымдар бою далилдеп келген. Абу Бакр жана Умар (разияллаху анхума) сыяктуу адилеттүү халифалардын жана башка такыба башкаруучулардын мисалдарынан бул айкын көрүнөт. Умар (разияллаху анху) эл алдындагы жоопкерчилигин мындай сөздөрү менен тастыктаган:
: “لو أن بغلة عثرت على شاطئ الفرات لخشيت أن يسألني الله عنها يوم القيامة”.
“Эгер Фурат дарыясынын жээгинде бир эшек жыгылып кетсе да, Кыямат күнү Аллах Таала ал үчүн мени сурап калабы деп корком.”
Ал эми бүгүнкү секулярдык капыр түзүм болсо, кылымдар бою өз элинин жансыз денелерин саноого да жарабаган алсыздыкта, ал бизге жүз жылдан ашык убакыттан бери жок болуп келген кам көрүүчү Халифалыктын орду канчалык бош экенин жана үммөттүн ага болгон сагынычын эске салууда. Бул капыр түзүм армияны жаңыртуу аракетин да көрбөгөндүгү биздин эгемендигибиздин канчалык алсыз экенин көрсөтүп турат. Бул болсо кайрадан биз жүз жылдан бери жоготкон Халифалыктын улуу аскердик күчүнүн жоктугун эске салат. Чындыгында, Аллах Таала Халифалык мамлекетине өз армиясын күчтөндүрүүнү жана жаңылоону милдеттендирген. Аллах Таала айткан:
﴿وَأَعِدُّوا لَهُم مَّا اسْتَطَعْتُم مِّن قُوَّةٍ وَمِن رِّبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللَّهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِن دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللَّهُ يَعْلَمُهُمْ﴾
«(Эй момундар), алар үчүн мүмкүнчүлүгүңөрдүн барынча күчтоптоп) жана токулуу аттарды даярдап койгула, муну менен Алланын жана өзүңөрдүн душманыңарды жана да алардан тышкары, силер билбей турган, бирок Алла биле турган башка бирөөлөрдү да коркунучка саласыңар. Алла жолунда эмнени сарп кылсаңар, силерге зулумдук кылынбастан толук кылып кайтарылат». (Анфал сүрөсү, 60-аят).
Хизб ут-Тахрир бул өлкөнүн аң-сезимдүү уулдарын, ихластуу саясий ишмерлерди, ойчулдарды жана армия офицерлерин эч кечиктирбестен, кам көрүүчү жана күчтүү Халифалыкты тикелөө жолунда аракет кылууга чакырат.
Хизб-ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү
27.07.2025