Мисир түрмөлөрүндөгү кыйноо жана өлүм…

Басма сөз баянаты
Мисир түрмөлөрүндөгү кыйноо жана өлүм…
Кадыр-барк тебеленип, адилеттүүлүк жоголду!
Мыйзамсыз жашырылып келген кылмыштар кайталанып келген бир учурда, Дакалия губерниясындагы полиция бөлүмүндө жаш жигит Айман Сабри мыкаачылык менен кыйноого алынып каза болду. Анын денесинде кыйноонун издери ачык байкалган. Бул окуядан 48 саат өтпөй эле, Гиза губерниясындагы Сафф полиция бөлүмүндө дагы бир жаш жигит каза болду. Эки учур тең атайын шалаакылык, адамдык мамиленин жоктугу жана ырайымсыз мамиле тууралуу дал келген баяндар менен коштолду. Мунун айынан полиция бөлүмдөрү жай өлүмдүн ордосуна айланды.
Ар дайымкыдай эле, Мисир режими бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, эки адамдын өлүмүн “табигый себептерден” деп жарыялады. Бирок күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, сыртка чыгып кеткен сүрөттөр жана маркумдардын денесинин абалы алардын кыйноого алынганын далилдейт. Анда эмне үчүн кылмышкерлер жазаланбайт? Эмне үчүн бул боюнча ачык-айкын жана олуттуу иликтөө жүргүзүлбөйт? Эмне үчүн мындай окуялар “кылмыш ишин козгоого негиз жок” деп жабыла берет? Эмне үчүн режим кылмышкерлерди коргоп, аларды актап чыгууга жан үрөйт? Же өзү бул кылмыштардын башында турган уюштуруучу жана аткаруучу абалдабы?
Полиция бөлүмдөрүндө жана түрмөлөрдө каза тапкан учурлар өзгөчө окуя болбой калды, булар эми кайталанган мыйзам ченемдүү көрүнуш болуп калды. Эсеп берүүдөн коркпогон коопсуздук түзүмдөрү бар жерде, муну токтотууга эч ким болбой турган шартта, мажбурлап жоготуу, мыйзамсыз камоо, адилет соттон ажыратуу сыяктуу көрүнүштөр менен катар, түрмөлөр эми кемсинтүү, кыйноо жана жок кылуу жайына айланды.
Адам укугун коргогон уюмдардын баяндамаларына ылайык, Мисирдеги полиция бөлүмдөрүндө камалгандар оор жана адамкерчиликсиз шарттарда кармалууда. Ондогон адамдар жаныбар кармоого да жараксыз тар бөлмөлөргө тыгылып, медициналык жардамдан ажыратылып, камалгандарды кордоо же күч менен күнөөнү мойнуна алдыруу максатында кыйноо кеңири колдонулуп келет.
Бул көрүнүш исламда мамлекеттин үммөтүнө карата жүктөлгөн милдеттерине такыр туура келбейт. Анткени исламда мамлекет адамдардын канына, намысына жана кадыр-баркына коргоочу болушу керек. Эгерде мамлекет кысым көрсөтүүчү куралга, элдин мойнуна илинген кылычка айланса, анда ал аманатты, убаданы бузат жана Кудай алдында үммөтүнүн душманына айланат. Пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын ишин башкарган, бирок аларга кыйынчылык жараткан заалим башчылар тууралуу мындай деп айткан:
«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ، وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئاً فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ»
«Аллахым! Үммөтүмдүн иштеринен бир ишке жооптуу болгон киши элиме кыйынчылык жаратса, Сен да ага кыйынчылык жарат! Ал эми аларга жумшак мамиле кылса, Сен да ага жумшак бол!» (Муслим риваяты).
Бул Пайгамбарыбыз ﷺ тарабынан үммөттү зулумдук менен башкаргандарга каршы кылынган каргыш. Анда камактагыларды кыйнаган, өлтүргөн, полиция бөлүмдөрүн адилеттик үчүн эмес, өч алуу үчүн колдонгондордун абалы кандай абалда болор экен?!
Исламдагы мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — адамдын жанын жана кадыр-баркын сактоо. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«إِنَّ دِمَاءَكُمْ وَأَمْوَالَكُمْ حَرَامٌ عَلَيْكُمْ كَحُرْمَةِ يَوْمِكُمْ هَذَا، فِي شَهْرِكُمْ هَذَا…»
«Силердин каныңар, мал-мүлкүңөр бири-бириңер үчүн ушул күндүн урматы (ыйыктыгы) сыяктуу ыйык» (Бухари жана Муслим риваяты).
Мамлекет кызматындагы зулум кылгандарды башкалардан мурда жоопко тартуу керек. Халифа Умар ибн ал-Хаттаб رضي الله عنه айткан атактуу сөздү эстейли:
«متى استعبدتم الناس وقد ولدتهم أمهاتهم أحراراً؟»
«Адамдарды кулга айландырганга качан үлгүрдүңөр, алардын энелери аларды эркин төрөгөн болсо?».
Адилеттүүлүктү бардык адамдарга, эч кандай артыкчылыксыз, кол тийбестик менен орнотуу керек. Анткени Аллахтын түшүргөн өкүмдөрү менен башкаруу – бийликтеги заалимдерге да ырайым кылбайт.
Бирок бүгүнкү чындык Мисир мамлекетинин заалимдерди коргоп, аларды көтөрмөлөп, сыйлык жана даражалар менен сыйлап жатканын көрсөтүүдө. Ал эми ишенимдүү, таза адамдар, исламды колдоп, аны турмушка ашырууну талап кылгандар куугунтукка алынып, түрмөлөргө камалууда, жалаа жабылып, адилетсиз өкүмдөр чыгарылууда!
Эй Кинана жоокерлери! Силер катышкан болсоңор да, катышпасаңар да бул режимдин жардамчылары, куралдары жана кылмыштагы шериктештери болуп калдыңар. Эгерде бул иштерге макул болсоңор же унчукпай койсоңор, күнөөдө шерик болосуңар. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«مَنْ أَعَانَ ظَالِماً لِيُدْحِضَ بِبَاطِلِهِ حَقّاً فَقَدْ بَرِئَتْ مِنْهُ ذِمَّةُ اللهِ وَذِمَّةُ رَسُولِهِ»
«Ким бир залимге акыйкатты өз жалганы менен жок кылуусуна жардам берсе, андан Аллахтын жана Анын Элчисинин коргоосу ажыратылат» (Хаким риваяты).
Ошондуктан заалимдердин колундагы камчы болбогула! Аллах силерди үммөттү коргогон, ага кол көтөрбөгөн, анын канын төкпөгөн, тескерисинче, Аллахтын шариатын орнотуу үчүн иш алып барган аскерлер кылууну каалайт.
Тургула, милдетиңерди аткаргыла! Жардам берүү вазыйпасын аткаргыла! Акыйкатты колдогон ансар болгула, исламды өз ордуна кайтарып, халифалыкты турмушка ашырып, адилеттүүлүктү жоголгон жерге кайтаргыла!
﴿إِنَّ اللهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالإِحْسَانِ وَإِيتَاءِ ذِي الْقُرْبَى وَيَنْهَى عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنكَرِ وَالْبَغْيِ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ﴾
«Албетте, Алла адилеттүүлүккө, жакшы иштерди кылууга жана тууган-урукка күйүмдүү болууга буюрат, ошондой эле бузукулуктан, жаман иштерден жана зомбулуктан кайтарат. Ал Зат балким эскертме – өрнөк болоор, деп силерге нарк-насыят кылат». (Нахл сүрөсү, 90-аят).
Хизб ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү
31.07.2025