Нидерланддагы имамдар бирикмесинин билдирүүсүнө сын көз караш

Басма сөз баянаты
Нидерланддагы имамдар бирикмесинин билдирүүсүнө сын көз караш
Нидерланддагы имамдар бирикмесинин билдирүүсүндө европа коомундагы саясий катышуу «уруксат берилген жана мыйзамдуу ыкма» экени, ал тургай айрым жагдайларда ал жактырууга же милдетке айланышы мүмкүн экени айтылды. Бирок бул көз караш кылдат ой жүгүртүүнү талап кылат, анткени ал секулярдык түзүмдүн вакыйлыгын так чагылдырбаган божомолдорго негизделген.
Секуляризм жөн гана дин менен саясаттын бөлүнүшү эмес, ал дин коомдо кандай рол ойношунун чегин да аныктайт. Демек, ал мусулмандар өз укуктарын жөн гана анын алкагында коргой ала турган нейтралдуу түзүм эмес, өзүнүн өзгөчө эрежелерине ээ болгон мабдаий система болуп саналат. Бул системада мыйзам чыгаруу илахий вахийге эмес, толугу менен адамдардын колуна берилген, өзгөрүүлөр көпчүлүктүн каалоосуна жараша аныкталат.
Чындыгында, секуляризм жаңы дин сыяктуу иш алып барат, анткени анда мыйзам чыгаруучу булак илахий эмес, адамдын өзү абсолюттук булак даражасына көтөрүлгөн. Бул “жаңы дин” дүйнө жүзүндө үстөмдүк кылууда, ал тургай Ислам өлкөлөрүндө да исламий мыйзамды алмаштырды. Мунун натыйжасында тамырлар үзүлүп, бөлүнүү жана исламий инсандыктын алсырашына алып келди. Көптөр үчүн Ислам азыр жеке же руханий маселе гана болуп калды, анын толук жашоо системасы катары болгон көз карашы жоголуп бара жатат.
Анда имамдар бул чындыкты билип туруп, мусулмандарды ушундай системага катышууга кантип чакырышат? Алар секуляризм үммөттү кантип басып алып, бөлүп-жарып, эзип, сатып кеткенин толук билип туруп, кантип мечиттердин минбарларын пайдаланып, үммөттү ошол эле жолго баштоого үндөп жатышат?!
Чын эле кайсы зыянды алар алдын алууну үмүттөнүшөт? Же кайсы пайдага жетүүнү элестетишет? Алардын негизги максаты Исламды четке кагуу жана ага каршы күрөшүү болгон бир системага багыттоо аркылуу иш алып барып жатышабы?! Кантип мусулмандарды кордоо менен бөлүп-жаруунун себеби болгон түзүмдөн куткаруу күтүлөт?! Дал ушул секуляризмдин өзү мусулмандардын алсырашына жана бөлүнүшүнө себеп болгондугу ачык эле көрүнүп турбайбы?!
Дал ушул доордо т.а. инсандыкты жулуп, аң-сезимди булгап жаткан учурда имамдар мусулмандарга алардын чыныгы максатын эскертип туруу жоопкерчилигин алышы керек. Ал максат Исламга толук кайтуу, аны ишке жараксыз секуляризмдин альтернативасы катары кабыл алуу. Анткени Ислам жөн гана руханий ишеним эмес, ал саясатты, экономиканы, коомду жана мыйзам чыгарууну камтыган толук жашоо системасы.
Имамдар үчүн эң урматтуу чакырык коомду ушул багытка тартуу, секулярдык түзүмдүн ичинде ээрип кетүүгө эмес, өзүнүн нукура негизи үстүндө сабырдуулук менен бекем туруу жана Исламды толук жашоо низому катары кайтаруу жолунда аракеттенүүгө үндөө.
Бул чакырык пассивдүүлүккө болгон чакырык эмес, анткени мусулмандар соодалашпай, баалуулуктарын секулярдык чектөөнүн ичине камабай өз үндөрүн угузууга жана кысым көрсөтүүгө жөндөмдүү. Чыныгы аракет Исламды четке каккан түзүмдүн ичинде добуш берүүдө эмес, тескерисинче, биздин бирдиктүү үнүбүздү бекемдөө жана мабдаий принциптерибизди бекем карманууда жатат.
Окай Пала
Хизб-ут-Тахрирдин Нидерланддагы маалымат бөлүмүнүн өкүлү




