Басма сөз

Секулярдык түзүмдүн ичинде добуш берүү интеграцияга алып келет

Басма сөз баянаты

Секулярдык түзүмдүн ичинде добуш берүү интеграцияга алып келет

Көп учурда Нидерландиядагы имамдар, кеңештер жана диний лидерлер мусулмандарды секулярдык түзүмдүн саясий оюндарында биргелешип добуш берүүгө жана катышууга чакырышат. Бирок бул түзүм, маңызы жана мазмуну жагынан Исламга каршы туруп, аны четке cүрүп, Исламды мечит же үйдүн дубалы ичинде гана чектөөгө аракет кылат.

Секуляризмбул нейтралдуу чөйрө эмес, тескерисинче, ал дүйнөнүн бардык бурчундагы мусулмандарга күч менен таңууланган мабда. Азыр үммөт башынан өткөрүп жаткан каргашалуу абал дал ушул секулярдык негиздердин натыйжасы. Бул негиздер мусулмандардын артка кетишине, кордукка жана Исламдан алыстоого алып келди. Газа мунун эң оор мисалы. Эки миллиард мусулман байкап турганы менен, бийлик режимдери дагы эле Батыштын күн тартибине, өз кызыкчылыктарына жана секулярдык пайдубалды сактоого кызмат кылууда.

Анда да эң таң калычтуусу фыкх жана фатва кеңештери айрым учурларда мындай катышууга “уруксат беришкенинде”. Анткени адатта халал болгон ишке фатва талап кылынбайт. Башында эле мындай ишке катышуу харам, ал эми ага уруксат берүү адашуу болуп эсептелет. Ошондуктан мындай адашууну эч кандай сынчыл ой жүгүртүүсүз же жаңылышуу мүмкүнчүлүгүн эске албастан толук шаръий нерсе катары көрсөтүү жана алгач харам болгон нерсени халалга айлантуу өтө кооптуу кадам.

Мунун үстүнө, айрым имамдар секулярдык түзүмгө катышууну жөн гана халал иш катары көрсөтүп, эч кандай сын көз карашсыз кабыл алышууда. Бул адаштыруучу мамиле. Муну прогрессивдүү кадам катары көрсөтүп, Нидерландиядагы мусулмандардын кызыкчылыгына кызмат кылат деген түшүнүк да туура эмес. Чынында, тескерисинче, мындай катышуу сөзсүз түрдө интеграцияга жана инсандык өзгөчөлүктү жоготууга алып келет. Мындай катышуу аркылуу көңүл Ислам шариатына баш ийүүдөн прагматизмге жана багынууга бурулат. Натыйжада, мусулмандар Ислам хазаратынын кулашына себеп болгон ошол эле булакты т.а. секуляризмди кармануу менен калышат.

Анда кантип адам ушундай иш чарага катышуу аркылуу кадыр-баркка же өнүгүүгө жетет деп үмүттөнө алат?! Жасалган кадамдар өнүгүүнүн белгиси эмес, багынуунун өзү. Мусулмандар секулярдык алкактагы убактылуу чечимдер менен чектелгенде, өздөрүн майда-чүйдө нерселерге ыраазы болгон коомго айлантышат. Чыныгы көйгөй улуу максаттын жоктугунда, анткени азыркы учурда исламий өлкөлөрдө үстөмдүк кылып турган секуляризмдин ордуна Исламды орнотуу тууралуу көз караш такыр жок. Мындай максат болбосо, адам прагматизмдин жана үстүртөн оңдоолордун ичинде тыгылып калып, чыныгы өзгөрүүгө жетпейт.

Ушул себептен улам добуш берүүгө чакыруу чоң маселе жаратат. Анткени бул чакырык мусулмандардын умтулууларын убактылуу кызыкчылыктар менен чектеп коёт, ошол эле учурда алардын чыныгы вавазыйпасы болгон Исламды толук тургузуу жана үммөттү көтөрүп, дүйнөдө анын аброюн кайра орнотуучу исламий түзүмдү жандандыруу андан алда канча улук.

Бул улуу максатты көз жаздымда калтырып, убактылуу нерселерге жармашкан адам сөзсүз түрдө окшоштурууга батат да, өзүнүн инсандык өзгөчөлүгүн жоготот. Ал эми мусулмандардын чыныгы миссиясы — секуляризм менен интеграциялануу эмес, тескерисинче, аны Ислам менен алмаштыруу.

Биз муну кастык ниеттен эмес, чын дилден берилген насыйкат катары айтабыз, анткени биз мусулмандарды жана келечек муундардын тагдырын ойлойбуз. Ошондуктан ачык суроо коюлушу керек, фатва жана аалымдар кеңештери мындай ишке уруксат бергендей эле күч менен секуляризмге каршы чыгышабы? Алар аны Ислам менен алмаштырууну ачык максат кылышканбы? Эгер андай болбосо, алардын өкүмү бир тараптуу жана күмөндүү бойдон калат.

Чыныгы маанилүү нерсе секуляризмди таанууда эмес, Исламдын мабдаий принциптерин бекем карманып, үммөттү ушул таңууланган түзүмдөн бошотуу үчүн иш жүргүзүүдө турат. Ушул улуу максатты кабыл алган гана адам мусулмандардын келечеги жана ойгонушу үчүн чын ыклас менен аракет кылууда.

Хизб ут-Тахрирдин Нидерланддагы маалымат бөлүмү

28.10.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button