Фашир шаарына болгон көзөмөл пландын аягыбы же дагы эле уулуу амалдар сакталганбы?!

Басма сөз баянаты
Фашир шаарына болгон көзөмөл пландын аягыбы же дагы эле уулуу амалдар сакталганбы?!
Судан акыркы эки жылдан ашуун созулуп келген согушунда чоң бурулушка күбө болду. Ыкчам колдоо күчтөрү өлкөнүн батышындагы Дарфур аймагында жайгашкан Фашир шаарына толук көзөмөл орнотту, ал шаар Судан армиясынын бул аймактагы акыркы таянычы болчу. Муну менен алар аймакка толук ээ болуп, азыркы салгылаштар коңшу Кардафан аймагында топтолуп жатат.
БУУнун маалыматы боюнча, өткөн жекшембиден бери Фаширден 36 миңден ашуун жай тургун, негизинен аялдар жана балдар, салгылаштардын айынан качууга аргасыз болушту. Алардын көпчүлүгү катуу зомбулуктарга кабылышкан: киши өлтүрүү, өрттөө, кыз-келиндерди зордуктоо, тоноп-талкалоо, уурдап кетүү, акча талап кылуу сыяктуу кылмыштар катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Фаширден 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Тавила деген шаарга барууга мажбур болушту. Ал жер буга чейин эле 650 миңдей башка качкынга башпаанек болуп турган, эми болсо Түндүк Дарфурдагы акыркы коопсуз жай катары абал мындан да оорлошууда.
БУУ Фаширде гуманитардык кырсык коркунучун эскертип, армиянын шаардан чыкканын Бурхан моюнга алгандан кийин өз билдирүүсүн жарыялады. Ал билдирүүдө Ыкчам колдоо күчтөрү бул жерде жаңы коркунучтуу кылмыштарды жасаганы, тараган видеолор алардын карамагындагы жоочулар жай тургундарга жана армиянын туткунга түшкөн жоокерлерине карата массалык өлтүрүүлөрдү жасаганын көрсөтүп жатканы айтылган.
Судандык дарыгерлер тармагы да Ыкчам колдоо күчтөрүн Фаширдеги иштеп жаткан жалгыз ооруканада оорулууларды жана алардын жанындагы карап-багуучуларды өлтүрүүдө деп айыптады.
Ал эми өлкөнүн борбору Хартумдун ордуна убактылуу борбор катары Чыгыштагы Порт-Судан шаарында жайгашкан өкмөт, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бул иштерин геноцид деңгээлиндеги кылмыштар деп атады. Маалыматка караганда, алар Фаширди басып алган күндөн тартып 2 миңдей жай тургунду өлтүрүшкөн, шаардан чыгууга аракет кылгандар да зордук-зомбулукка кабылышкан. Зордуктоо, тоноп-талкалоо, уурдап кетүү жана акча талап кылуулар катталган.
ЮНИСЕФтин аткаруучу директору билдиргендей, Фаширде 500 күндөн ашуун убакыттан бери курчоодо калган 130 миң бала оор коркунучтарга — өлтүрүү, майып кылуу, уурдап кетүү жана жыныстык зомбулукка — кабылышы мүмкүн. Ал билдирүүсүндө бул жерде эч бир бала коопсуз эместигин, тамак-аштын, суунун жана дары-дармектин тартыштыгы орчундуу гуманитардык кырдаалды жаратканын баса белгиледи.
Адатка айлангандай, Коопсуздук кеңеши Ыкчам колдоо күчтөрү тарабынан тынч калкка каршы жасалып жатканы кабарланган жапайычылыктар боюнча тынчсыздануусун билдирди жана жаңжалдын бардык тараптарын дароо ок атууну токтотууга чакырды. Бул кеңеш болсо согуш бардык жүрүшүндө, айрыкча айыптоо же сындашы керек болгон учурда да, көрүнбөй келди. Анткени анын ичинде таасирдүү ири державалар дал ушул Судандагы жаңжалды күчөткөн тараптар болуп эсептелет.
Эй Судан калкы, качанга чейин Судандагы жана башка жерлердеги кагылыштар эл аралык кызыкчылыктардын жана алардын жаман пландарынын отуна айланып, алар кийлигишип, тараптарга курал берип, өлкөнү толук көзөмөлдөөнү көздөйт?! Аялдарыңар жана балдарыңар эки жылдан ашуун убакыттан бери бул кан төгүлгөн жаңжалдан азап чегип келет. Бул өз кезегинде Судандын тагдырын көзөмөлдөөнү самаган Батышка жана анын кулдарына гана кызмат кылууда. Алар үчүн Суданды анын жайгашкан орду жана байлыктары үчүн бөлүп-жаруу пайдалуу. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Фаширге ээ болушу, ушул айла-амалдардын дагы бир бөлүгү. Америка бул аркылуу Дарфур аймагын бөлүп алып, Суданда өз таасирин бекемдөөнү жана ал жактагы британиялык таасирди жок кылууну көздөйт.
Чечим демократиялык өкмөткө да, аскерий өкмөткө да байланбайт. Чечим каапыр колонизатор Батыштын бардык түрдөгү таасирлеринен жана анын көзүн караган шериктеринен кутулуу. Чечим Исламды экинчи рошид Халифалыктын көлөкөсүндө бийлик тактысына чыгарууда.
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү/
Аялдар бөлүмү
01.11.25




