Басма сөз

Хусийлер жамааты Трамптын келишимин ашкере кылганы үчүн Хизб ут-Тахрир жигиттерин камады!

Басма сөз баянаты

Хусийлер жамааты Трамптын келишимин ашкере кылганы үчүн Хизб ут-Тахрир жигиттерин камады!

2025-жылдын 21-ноябрында, жума күнү, Хусийлер жамааты Ибб вилаятында Хизб ут-Тахрир жигиттеринен эки бир тууганды — 19 жаштагы Усама Мухаммад Масаад аль-Уарафини жана 15 жаштагы Ибрахим Мухаммад Масаад аль-Уарафини камакка алды. Бул камак алар Хизб ут-Тахрир чыгарган «Трамп мусулман өлкөлөрүндөгү өзүнө ээрчиген башкаруучуларды маскаралык жана шерменделик келишимине жетелеп, алар Газа Хашимди вассалдыкка жана колонияга берүүнүн артында баштарын шылкыйтышат!» аттуу баракчаны тараткандан кийин болду. Бул баракча Йеменде жана мусулмандардын көпчүлүк өлкөлөрүндө таратылган.

Хизб ут-Тахрир жигиттери тараткан бул баракча кылмышкер Трамптын келишимин жана ага катышкан саткын башкаруучуларды ашкере кылат. Анда мындай деп айтылат: «Бул Коопсуздук Кеңешинин токтому ошол саатта эле чыккан эмес. Аны Трамп 2025-жылдын сентябрындагы БУУ жыйынында, мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучуларынан болгон өзүнө кызмат кылуучулардын макулдугу менен жасаган. Ал 2025-жылдын 23-сентябрында БУУ Башкы Ассамблеясынын жыйынынын алкагында Саудия, БАЭ, Катар, Египет, Иордания, Түркия, Индонезия жана Пакистанды камтыган жыйынды жетектеп: «Бул эң маанилүү жыйын» — деп мүнөздөдү. Андан соң аларга 20 пункттан турган планын сунуш кылды же таңуулады. Анын жыйырма пункту Газанын жоголушун, ага вассалдыкты жана колониялык башкарууну билдирчү Газаны Трамп жана анын яхудий достору ырахаттана турган бакчага айландырууну көздөгөн план болчу!»

Хусийлердин Хизб ут-Тахрир жигиттерин камакка алышы — алардын Газа мененбиз деген калпын жана жасалмалыгын далилдейт. Анткени алар чынында баракчада аты аталган саткын башкаруучулардын түрүнөн т.а. Ибн Салман, Ибн Зайд сыяктуулардан. Болбосо эмне үчүн аларды коргойт, аларды жана алардын кожоюндары болгон америкалыктарды эл алдында ашкерелегендерди камайт?! Бул иш — хусийлердин чыныгы жүзүн ачып, өздөрү жашырып жүргөн жамандыктарын сыртка чыгарат. Алардын Газа Хашим мененбиз деген ураандары элди алдоо үчүн гана коюлган куру сөздөр! Бирок, канчалык жашырышпасын, айланма кезек аларга да келет. Йемендеги Али Салихке кандай келсе, башка мусулман өлкөлөрүндөгү кылмышкер башкаруучуларга кандай келген болсо, ошондой келет. Кандай таң калычтуу! Хусийлер «Америкага өлүм!» деген ураан көтөрүшөт, бирок күнү-түнү Америка менен анын капиталисттик түзүмүн кулатуу үчүн аракет кылган Хизб ут-Тахрир жигиттерин камашат!!

Биздин Ансарлар жери, ыйман жана акылмандыктын өлкөсү болгон Йемендин коопсуздук түзүмүндөгү ихластуу уулдарына кайрылуубуз мындай: Хизб ут-Тахрир Ислам үммөтүнүн терең тамырларына чейин сиңген партия. Анын ихластуу даъваты жер жүзүнүн төрт бурчуна жеткен. Партия баарына белгилүү саясий партия болуп, анын максаты нубувват минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайра баштоо. Партия өз максатына жетүү үчүн маддий иштерди колдонбойт. Бул корккондуктан же жүрөксүздүктөн эмес, тескерисинче, мамлекетти курууда Пайгамбарыбыз ﷺ  колдонгон  тарикатты бекем кармангандыктан. Партиянын интернеттеги сайттарында жарыяланган негизги түшүндүрмөлөр анын чындыгын, өз элин алдабай турган жол башчы экенин билиш үчүн жетиштүү далил.

Биз баса белгилейбиз: Хизб ут-Тахрир жигиттери Йеменде да, мусулмандардын башка өлкөлөрүндө да жүргүзүлүп жаткан кысым, зомбулук, камакка алуулардан коркушпайт. Бул репрессиялар алардын даъватын улантуудан аларды токтото алган эмес. Партия өз “сапарынан” артка кайтпайт жана Пайгамбарыбыз ﷺдын тарикатын ээрчип, нубувват минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө жакындап калды, Аллах Тааланын уруксаты менен, максатына жетүүгө умтулуп жатат.

Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ * يَوْمَ لَا يَنفَعُ الظَّالِمِينَ مَعْذِرَتُهُمْ وَلَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ﴾

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз. Ал Күндө заалим-каапыр кимселерге шылтоолору пайда бербейт жана аларга каргыш болот, алар үчүн эң жаман жай – тозок болот. (Гафир: 51-52).

Хизб-ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы маалымат бөлүмү

22.11.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button