Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) колонизаторлордун карыз алган өлкөнүн ички саясатына таасир этүүчү куралы

Басма сөз баянаты
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) колонизаторлордун карыз алган өлкөнүн ички саясатына таасир этүүчү куралы
2025-жылы 9-июлда, шаршемби күнү Эл аралык Валюта Фонду Ирактын экономикасы чоң кыйынчылыктарга туш болуп жатканын эскертти. ЭВФтин башкаруу кеңеши Ирак менен төртүнчү жолу кеңешменин жыйынтыгы боюнча жарыялаган билдирүүсүндө, мунайдан тышкаркы кирешелерди көбөйтүү үчүн салык менен бажы төлөмдөрүн жогорулатуу керек экенин айтты.
Билдирүүдө айтылгандай, кирешелер жаатында салыкты башкарууну жакшыртуу менен катар, бажы төлөмдөрүн жана өндүрүш салыктарын жогорулатууга, жеке киреше салыгын реформалоого (анын ичинде жеңилдиктерди азайтууга), орто мөөнөттүү мезгилде жалпы сатуу салыгын киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Ал эми чыгашалар жагынан, мамлекеттик эмгек маяналары боюнча реформалар кызматкерлерди жумушка кабыл алууну кыскартуу жана кызматкерлердин санын азайтуучу негизге өтүү аркылуу ишке ашырылышы керек.
Акырында, мамлекеттик пенсиялык маяналар тутумун реформалоо, анын ичинде пенсия курагын жогорулатуу, жөлөкпулдардын көлөмүн жана алмаштыруу чендерин кыскартуу өтө шашылыш иш катары белгиленди.
Мына ушулар Эл аралык Валюта Фонду Ирак өкмөтүнө берген “осуяттары”. Бул болсо өлкөнүн ички саясатына ачык кийлигишүү болуп эсептелет.
Эй мусулмандар жана Ирак калкы! Силердин өлкөңөрдө кандай экономикалык башаламандык өкүм сүрүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Байлыктарыңар мол болгонуна карабай, жакырчылык күндөн-күнгө өсүп жатат. Мунун себеби өлкөңөрдүн системалары Американын жана башка жерлериңерге көз арткан державалардын таасирине баш ийип калганы. Бул державалардын таасири алардын доллар, Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу куралдары аркылуу ишке ашып жатат.
Америка бул уюмдар аркылуу каржылык жардамды өзүнүн саясий куралы катары колдонуп келет. Бул жардам сырткы көрүнүшү боюнча “жардам берүү” болсо да, чындыгында ал жардам алган өлкөнүн саясий чечимдерине таасир этүү каражаты болуп саналат.
Ушунча мол байлыкка жана ресурстарга ээ болгон Ирак сыяктуу мамлекет карыз алууга аргасыз болушу абдан уяттуу жана кайгылуу көрүнүш! Бул карыз кимден алынат?! Өлкөнүн, айрыкча ички саясатын көзөмөлдөөнү көздөгөн бир уюмдан!
Жогоруда кеңеш тарабынан айтылган элге салыктар менен алымдарды көбөйтүү тууралуу “сунуштар” эч кандай насаат эмес, бул өлкөнүн байлыгын уурдап бүткөндөн кийин, элдин эмгегин да талап кетүү. Натыйжада, Америка менен Европа мамлекеттери уурдалган байлыктын эсебинен шаан-шөкөттө жашап жатышса, мусулман элдери жакырчылыкта жана муктаждыкта жашоого аргасыз болушууда. Ошондой эле, бул уюм өзүнүн акчасын үстөк менен алып турушун камсыз кылууда. Бул өлкөнүн ички саясатына болгон түз кийлигишүү, анткени иш кадр саясаты менен пенсия тутумун башкарууга чейин жетти! Эми бул рувайбиза башкаруучуларда эч кандай пикир же чечим калбадыбы?
Алардын тышкы саясаты каапыр кожоюндарына байланган, саясий жана экономикалык түзүмдөрү алар тарабынан таңууланган. Атүгүл ички саясаты да аларга таандык болбой калды! Ислам үммөтү бүгүн кандай жардылыкка, кандай кордукка дуушар болуп жатканы эң чоң маскара эмеспи?!
Эй мусулмандар! Так билип алгыла. Буд зулум жана үстөмдүк кылуучу механизмдерди (ЭВФ, доллар, банк жана башкалар) жок кылуу, байлыгыңарды тартып алуу, жана каапырдын өлкөңөрдөгү таасирин жоготуу рашид Халифалык орногондо гана ишке ашат. Бул Аллахтын убадасы жана Анын элчисинин ﷺ сүйүнчү кабары.
Демек, Хизб ут-Тахрир менен бирге бул улуу фарзды – Халифалыкты тикелөөнү – ишке ашыруу үчүн олуттуу аракетке өткүлө. Анткени мында силер үчүн урмат жана каапырлардын кор болушу жатат. Мунун баарынан мурда, бул Аллах Тааланын ыраазычылыгына жеткирчү жол.
﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур сүрөсү, 55-аят).
Хизб-ут-Тахрирдин Ирак вилаятындагы маалымат бөлүмү
11.07.2025