Газага карата чыккынчылыктардын дагы бири

Газага карата чыккынчылыктардын дагы бири
2025-жылдын октябрь айынын башында Трамп таңуулаган ок атышууну токтотуу чечими Нетаньяхуну куткаруу арканы болду. Өзүнүн өжөрлүгү менен ал дүйнө элдерин, өзгөчө Европаны жана Американы да жиндентти. Мунун натыйжасында дүйнөлүк коомчулукта анын баскынчы түзүмүнө карата терең өзгөрүүлөр пайда болду. Ошондой эле бул токтотуу келишими бул түзүмдүн өз кызыкчылыктарына каршы болгон максаттарын ооздуктоо болду. Анткени жапайы согуш анын эл аралык деңгээлдеги аброюн бузуп, тескерисинче, ага жана аны колдогондорго каршы дүйнөлүк коомдук пикирди пайда кылды. Натыйжада, дүйнө лидерлеринин өздөрү геноцидге катышкан деген айып менен Эл аралык кылмыш сотуна тартылуудан корко башташты.
Бул келишим Америкага баш ийген аймактагы режимдер үчүн да ийгилик катары көрсөтүлдү. Алар өздөрүн Газаны өлүмдөн жана кыйроодон сактап калган «куткаруучу» катары тааныштырып, ошол аркылуу Америка сунуш кылган шарттарды т.а. каршылык күчтөрүн куралсыздандыруу жана кайра куруу программаларын жардам же гумжардам түрүндө эмес, АКШнын инвестициялык кызыкчылыгына багытталган экономикалык долбоорлорго айлантууну ишке ашырууга жол ачты. Муну менен алар келечекте аймактагы пайдалуу тармактарды өз кызыкчылыгына жараша эксплуатациялоонун негизин түзүштү.
Трамп болсо Газага жана анын ичиндеги ресурстарга өзүнө тиешелүү таасир орнотуу үчүн кандайдыр бир мүмкүнчүлүк табууну көздөп жатат. АКШ болсо араб өкүмдарларына «кайтуу жолун» калтырды: ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрүнө катышкан айрым тараптарга өздөрүн актап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берди. Алар «бизди алдап коюшту, чыныгы токтотуу сунушу бизге көрсөтүлгөн долбоордон таптакыр башкача болгон» деп билдиришти. Бирок алардын бул сөздөрү «чыккынчылык эмес, алданып калдык» деген образды жаратуу аракети эле. Анткени яхудий түзүмү келишимдерин эч качан сактабайт жана ар дайым майда себептер менен аларды бузууга шашат.
Бул өлкөлөрдөгү медиа өкүлдөрдүн позициясын карап көрсөк, алардын режимдери Палестинага жана анын элине болгон душмандыкта Американын өзүнөн да ашып түшкөнүн көрөбүз. Маселен, БАЭге таандык айрым журналисттер «келишим өтө көңүл чөктүрдү, анткени анда ХАМАС өткөөл мезгилде кала бермей болду, ал толук саясий көрүнүштөн четтетилген жок» деп билдиришти. Эгер бул медиа кызматкерлер Трамптын өзүнөн да ашык душмандыкка жеткен болсо, анда аларды «бизди алдап коюшту» деген сөзүнө кантип ишенүүгө болот?
Ал эми ХАМАС кыймылы болсо, жалпы аталышка макул болуп, майда-чүйдө жагдайларды сүйлөшүүлөргө калтырган. Бирок Трамп бул макулдукту шылтоо кылып, көрүнүштү өзүнө ыктатып алды. Ал күчкө таянып, Палестина маселесин дүйнөлүк саясаттын туруктуу жана күн сайын күчөп жаткан борбордук темасына айландырган дүйнөлүк саясий абалдан качууну каалады. Анын максаты өзүнүн жана жалпы Батыштын саясатына каршы дүйнө жүзүн каптаган элдик нааразылыктын толкунун басуу эле.
Яхудий түзүмү болсо, бул келишимге мажбурланып макул болгондугуна карабастан, андан чыгуунун жолдорун издеп, Газадагы согуш менен жетпей калган максаттарына жетүүгө аракет кылууда. Ал келишимди бир нече ирет бузуп, «ХАМАС аны сактаган жок» деген шылтоону колдонууда. Муну менен ал Ливан менен болгон тажрыйбасын кайталап жатат. Ошондой эле Батыш жээгин аннексиялоо маселесине мыйзамдуу мүнөз берүү үчүн аны Кнессетте добуш бердирип легитимдештирүүгө умтулууда. Мунун айынан Трамп анын мындай саясаттарын ачык түрдө айыптап, жардамды токтотуу менен коркутууга чейин барды.
Бул яхудий түзүмү Батыш үчүн стратегиялык кызыкчылыктын булагы болуп саналат. Ошондуктан Батыш аны бардык шартта коргоону зарыл деп билет. Ага каршы турушу керек болгон араб өлкөлөрү болсо, тескерисинче, ага кызмат кылып, анын шериктешине айланып, акча, курал-жарак, саясий жана аскердик колдоо көрсөтүшүүдө. “Вашингтон Пост” жарыялаган акыркы маалыматтарга ылайык, яхудий түзүмү менен алты араб мамлекети — Мисир, Иордания, Сауд Арабия, Катар, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары — ортосунда жашыруун альянс бар экени ачыкка чыкты. Бул өлкөлөрдүн айрымдары ХАМАСка каршы согушка кирүүгө даяр экенин жана Газада Трамп каалаган саясий кырдаалды түзүүгө көмөк көрсөтүп жатышканын да билдиришкен.
Бул режимдер түшүнбөй жатканы, алардын мындай тайманбас жана уятсыз жүрүм-туруму аларды үммөт менен түздөн-түз кагылышууга алып келиши. Анткени бүгүн эл ачык эле көрүп турат, бул режимдер Американын аймактагы коркунучтуу жана төмөн кызматчылары. Алар анын максаттарын кылдаттык менен ишке ашырып жатышат. Ошондуктан үммөт бул абалга каршы тез арада чечкиндүү кадам таштоого, Американын саясатына кошулуп бара жаткан бул кызматташтыкты токтотууга, бул режимдерди тизгиндеп, колонизатордун куралы катары алардын тамырын кыйратууга аракет кылууга тийиш.
Эгер үммөт чыныгы саясий эркиндигин жана бийлигин кайтарып алуу үчүн олуттуу аракет көрбөсө, анда ал Америкага, Батышка жана алардын аймактагы вассалдарына жем болуп кала берет. Ошондо бул яхудий түзүмү бүгүнкү Сириянын түштүгүндө жана Ливанда болуп жаткандай өзүнүн чектен ашкан менменсинүүсүн улантып, жаңы жерлерди жутуп алууга киришет.
Ошондуктан үммөт чыныгы бирдиктүү түзүмдү, мусулмандарды бириктирип, алардын күчүн жыйнап, өлкөлөрүн азат кылууга жана Раббинин китебин өкүмдар кылууга багытталган түзүмдү орнотуу үчүн олуттуу жана ыкчам аракет көрүшү керек. Ошондо гана алар дүйнөдө да, акыретте да сый-урматка жетишет.
Шейх Юсуф Мухараза Палестина

