Кабар

Аксо ташкынына эки жыл

Аксо ташкынына эки жыл

7-октябрда Аксо ташкынына эки жыл болду жана Газа беткап тагынгандардын жүзүн ачты. Үммөттүн жалгыз, калкансыз калганын көрсөттү.

Палестинада 77 жылдан бери баскынчылыгын улантып жаткан яхудий түзүмүнүн кылмыштарына каршы башталган операция эки жылды аркада калтырды. Бул бороон “Израил”дин жеңилгис деген чүмбөтүн сыйрып, үммөттү, эл аралык коомчулукту силкинткен окуя болду.

Эки жыл ичинде Газага 200 миң тоннадан ашуун бомба ташталды. Газанын 90%ы баскынчылар тарабынан кыйратылды. 76 миңден ашык палестиналык курман болду. Жараат алып ооруканага жеткирилгендердин саны 170 миңден ашты. 460 адам ачкалыктан курман болду. 38 оорукана, 96 медициналык мекеме бомбаланды. 13 500 окуучу, 830 мугалим жана 193 илимий кызматкер каза болуп, 785 миң окуучу билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Газадагы кыргынды чагылдырган 254 журналист бутага алынып, өлтүрүлдү. 268 миң үй бомбалоодон улам жараксыз абалга түшсө, 153 миң үй жарым-жартылай жабыркады. 288 миң палестиналык үй бүлө үйсүз калды.

Ушундай кыргынга карабастан 57 мусулман өлкө жетекчилери баскынчы яхудий түзүмүн куру сөз менен айыптоодон ары өтүшпөдү. А түгүл, яхудийлер менен болгон соода алакасын токтотпостон анын коргоочусуна айланышты. Тескерисинче, Хамас жана каршы туруучу жамааттар Трамптын планына моюн сунуусу үчүн басым жасашты. Муну менен эле чектелип калбастан, дүйнөнүн төрт бурчунан чогулган гуманитардык жардамдардын Газага киришине тоскоолдук кылышты. Бул болсо үммөт менен акимдердин арасында ажырым чоң экенин, алар бизден эмес биз да алардан эмес экенибизди ачык көрсөттү.

Демек, эки жыл ичиндеги Газа окуясы үммөттү башка деңгээлге көтөрүп, эл аралык системанын канчалык бузук экенин, мындан ары иштеп кетүүгө жараксыз экенин тастыктады. Демек, үммөттүн кыянатчы акимдерди оодарып, пайдага негизделген капиталисттик түзүмдүн ордуна Исламий Халифалыкты тикелөөсү убакыт маселесине гана айланды.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button