Кабар
Газа эли ачкалыктан кырылууда

Газа эли ачкалыктан кырылууда
Бириккен Улуттар Уюмунун Женева кеңсеси Газадагы абал тууралуу билдирүү таратты. «Бир миллион. Дал ушунча кыздар жана аялдар Газада ачкалыктан азап тартышууда», – делет билдирүүдө.
«Израил» тарабынан блокада кылынган Газада адамдар ачарчылык шартында өмүр үчүн күрөшүп жатышат. Палестина саламаттык министрлиги жекшемби күнү билдиргендей, акыркы 24 саат ичинде ачкачылык жана аз тамактануудан 6 киши көз жумган, ал эми ушул себептен курман болгондордун жалпы саны 175 кишиге жетти, анын ичинен 93ү жаш балдар.