Газалык доктордон Эрдоганга кат: “Бизди жардамсыз таштап койдуңуз!”

Газалык доктордон Эрдоганга кат: “Бизди жардамсыз таштап койдуңуз!”
Газада жайгашкан “Камал Адван” ооруканасынын мүдүрү доктор Сахр Хамад Түркия президенти Ражаб Таййип Эрдоганга кат жолдоду. Катта ал мусулмандар Эрдогандан абдан үмүттөнүшкөнүн жана алардын бул үмүтү жокко чыкканын баса белгилеген.
Доктор Хамаддын катында мындай делет:
بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَانِ الرَّحِيمِ
«Айткын: «Амалды кылгыла, анткени, Аллах, Расулу жана момундар кылган амалыңарды көрүп турат». (Тавба: 105).
“Урматтуу президент, биз сизди жакшы көрчүбүз, ар дайым (шайлоолордо) жеңип чыгышыңызды тилеп жүргөнбүз, акыйкат байрагын бийик көтөрүшүңүздү каалаганбыз, сизди мазлумдардын тарабында турат деп билчүбүз, бирок сиз…
Ушунча кыргындардан, блокада жана ачкачылыктардан кийин Газанын эң оор күндөрүндө Түркиянын артка чегинишин жана дүйнөдөгү эң абийирсиз, жырткыч армиянын алдында жалгыз калтырылганыбызды көрүп, айран-таң болдук жана абдан кайгыга баттык.
Президент мырза, эл аралык уюмдар назарындагы дипломатиялык иш-аракеттериңизди четке сүрүңүз, анткени алар мурун да, азыркы күндө да кан төгүлүшүн да, кыргындарды да алдын албаган. Сиз эл аралык укукка сый-урмат көрсөттүңүз, бирок Аллахтын укуктарычы, ал кайда калды? Расулуллах саллаллаху алайхи васалламдын суннаттары кайда калды?
Газада алты жүз күндөн ашык уланган кыргын, кыйроо жана блокада астында миңдеген шахиддер берилди жана он миңдеген жарадарлар жабыр тартышты. Бир эл бүткүл дүйнөнүн көз алдында бир тараптан кыргындар, экинчи тараптан ачкачылыкка салган блокада менен жок кылынууда. Муну көрбөй жатасызбы? Бул зулумдун уланышы сиздин бизден жүз үйрүгөнүңүз эмеспи?
Аллах буйруган ыйманий бурадарлык кайда калды? Сөздөрүңүздө айткан бурадарлык бурчуңуз кайда калды? Масжидул-Акса жана Ыйык жерлерге карата мойнуңузда фарз болгон жоопкерчилигиңиз кайда калды?
Аллах акысы, президент мырза, биз сизден аскерий жардам сурабадык – түпкүлүгүндө бул да биздин акыбыз – суу, азык-түлүк жана залимди токтотуп, мазлумдарды куткаруу үчүн чыныгы жардам коридорун сурадык. Негизи, залимдер бардык курал-жарактарын, жардамдарын кылмышкерлерге жана залимдерге жеткирип берип жатат, а сиз бизге бир жутум суу да, бир үзүм нан да жеткирип бере албадыңыз!
Аллахтын алдында сизди эмне менен тергеп-тескейбиз? Перзенттерибиздин каны мененби? Кыргындар мененби? Же унчукпай турагыныңыз мененби?
Сиз бир кездерде Нетаняхуга: “Бул согушту токтотушуң үчүн дагы канча адамдын өлүшүн каалайсың?”, – деген элеңиз. Бүгүн мен сизден сурайм: Султан Абдулхамид сыяктуу позицияны карманышыңыз үчүн дагы канча шахид берүүбүз керек?
Тарых бул жөнүндө: “Президент Эрдоган доорунда Газа кыргын кылынды, бирок мунун алды алынбады”, – деп жазат.
Бу сөздөр сизге ишенген жана жардамыңызды күткөн колдоочуңуздун эскертүүсү. Биз жакшы көрбөгөн нерсебизди тергеп-тескебейбиз.
Сизди Аллах үчүн жакшы көрчүбүз, бирок бүгүн сиздин араб жана Ислам дүйнөсүндөгү башка жетекчилерден айырмаңыз калбады.
Биз эл аралык майданда жана дүйнөнүн эсеби боюнча күчсүз болушубуз мүмкүн, бирок Аллахтын алдында жана Анын жардамы менен биз абдан, абдан күчтүүбүз.
Жолуга турган жайыбыз – акы-укуктар зая кетпеген жай … Аллахтын алды …
“Аллах күбө, сиз бизден баш тарттыңыз жана биз да сизди Аллахтын алдында душманыбыз деп жарыя кылабыз”.
Сизди жакшы көрүшүбүзгө карабастан, дал сиздин дооруңузда Газа ойрон болду. 60 000ден ашуун адам набыт болду жана сиз көрөрман болуп гана турасыз…
Жеңиш инсандардан эмес, Аллахтан келет.
Сиздин сөздөрүңүз жана бардык кайрылууларыңыз курулай сөз бойдон калды…
Өкүнүчтүүсү, биз алдандык…