Демократиядагы даюстуктун ачуу даамы

20 жылдыктагы өлүм: Демократиядагы даюстуктун ачуу даамы
26-майда, 20 жылдык кечеден кийин бир келиндин күйөөсү тарабынан өлтүрүлүшү маалымат айдыңында “дүңк” этти жана шамалдан да бат согуп, эл ичинде күндөлүк эң алдыңкы талкуу темасына айланды. Табийгый түрдө, демократиянын башаламан талкуу “адебине” ылайык, ар ким өз оюндагысын айтып жатат. Бирок, ушул эле учурда, демократияны жайылтуучу маалымат каражаттары тарабынан – ушул тема жаатында – адамдарга демократиялык түшүнүктөр негизинде пикирлөө таңууланып жатат. Эй мусулмандар, келиңиздер, кандай гана тема болбосун, мусулманча пикирлеп үйрөнөйлү.
Албетте, окуя кандай болгонун башкалардай эле биз да анык билбейбиз. Бирок, мында адамдар арасында такталган маалымат катары кетип жаткан окуя боюнча талкуу жүргүзөбүз. Такталган маалыматтар боюнча, келин мектепти аяктагандыгынын 20жылдык кечесине эри менен бирге катышат жана үйүнө баргандан кийин бул шумдуктуу окуя жүз берет. Эри келинчегин кызганычтан улам атып салат.
Эми маалымат каражаттары окуяга карата адамдардын кандай реакцияларын басып чыгарууга басым жасап жатканына карасаңыз, эрди мыкаачы, билимсиз түркөй, кызганчаак караңгы кылып көрсөтүүгө жан үрөп жатканы көрүнүп турат. Себеби, алар демократиянын “колонкалары” болгондуктан, бул аркылуу “эркиндик”, “адам укугу”, “аял укугу”, “гендерлик теңдик” сыяктуу демократиялык пикирлерди элге таңуулап, сиңдирүүгө аракет кылышууда. (Мында биз эркекти бирер нерседе актамакчы эмеспиз, болгону, мындан демократиячылдар өздөрүнүн карасанатай иштерине пайдаланып кетип жатышканын айтуудабыз). Мисалы, демократчылар эрдин кызгануусун “караңгылык”, “түркөйлүк” деп баалап жатышканда, алар эркектерди аялдарын кызганбоого чакырышат. Аял эркин болушу керек, кызганычтан улам эркек анын эркиндиктерин чектеп койбошу керек дешет. Мунун акыры барып, “аял каалаган убакта каалагандай жүрө алат, ал тургай, аял-эркек бири-бирине ушундай бир эркиндикке чыгаруу укугун бериши керек дейсиң, ошол учурда, аял кудум эрсиз аялдай өзүн эркин сезиши керек, жана дагы ушунчалык дейсиң, аял мындай убакта башка эркек менен кыз-жигит болушу да мүмкүн” деген идеяга барат. Биздин элге мына ушундай демократиялык идеялар тыгыштырылып олтуруп, акыры коомдук пикирге айланып калды. Бул пикирлердин турмушка ашуусун болсо – демократиялык болгондуктан – мамлекет өзү ишке ашырууга шарт жаратып берет. Ушундан улам, майрамдык маарекелерде, той-топурларда ж.б.у.с. нерселерде гойримахрам аял-эркектер аралашып жүрүүсү кең жайылды. Мына ушундай мааракелердин бири мектепти аяктоону эскерүү кечелери. Азыр бул маареке кеңейип олтуруп, 5 жылдыктан 40 жылдыкка чейин жетип калды, ыхтымал андан да ашып кетти.
Эми андагы бузукулуктун жеткен чегин караңыз, эркектер аял классташтарына, аялдар эркек классташтарына “өзүңөр гана келгиле, эриңер же аялыңар менен келбегиле” дей турган болушту. Буга моюн сунбагандар “караңгы” эсептелип калышты. Ал жердеги гойримахрам аял-эркектердин аралаш бийлөөсүн, арак-шараптар ичилишин айтпасак да билесиздер. Ал эми булар анда каттала турган күнөөлөрдүн бери жагы эле…
Мына ошентип, кечеги келинчегин өлтүрүү окуясы мына ушул бузукулукка каршы бир алсыз эркектин табийгый бир каршылыгы болуп калды. Ооба, бул табийгый каршылык, анткени, эркектин табиятында аялын кызгануу сезими табийгый бар. Аны жок кылып салуу эч бир мүмкүн эмес. Ал Аллах бизге берген бир инстинктин табийгый сыфаты. Бирок, аны башка бир түшүнүктөр менен тизгиндеп коюу мүмкүн. Мисалы, демократиядагы “эркиндик” түшүнүгүнөн келип чыгып, кызганууну – караңгылык, жапайылык деп окутуп коюу сыяктуу. Бирок, бул сезим табийгый болгондуктан, анын жок болуп кетпегенин көрүүдөбүз, мына ошондуктан да, эркектердин тойлордон аялдарын сабап алып кетип жатканын, кечеден келгенден кийинки уруш-жаңжалдарды ж.б.у.с. көрүп жүрөбүз.
Эми буга карата мусулманча пикирлесек, эмне дешибиз мүмкүн. Дагы бир кайталайбыз, биз ал жерде эмне болгонун анык билбейбиз, бирок, ушундай болгон жана боло турган бардык окуяларга карата мындай дейбиз. Эй мусулмандар, “кызганыч – караңгылык, түркөйлүк, жапайылык, жырткычтык” эмес, балким, кызганычты мына ушундай туура эмес иштетүү караңгылык, түркөйлүк, жапайылык, жырткычтык… Аялын кызгана албай, авраттарын ачык кийиндирип, акча төлөп концертке жөнөтүп, кошумчасын кошуп тойго жиберип, же ушундай кечелерге катыштырып – ушуларды кылып алып – андан кийин кызганымыш болуп ур-токмокко алуу, жогорудагы сыфаттардан тышкары, “лохтук” дагы эмеспи? Эгер эркек болсоң, эгерде эле аялыңды кызгана алсаң, анда аялыңдын авратын жаап ал, концерт-кечелерге, той-аштарга жөнөтпөй кой…
Бул жеке адамга карата айтарыбыз болду, эми мамлекетке карата айтарыбыз да бар. Мисалы, мамлекет никоб тартынууга тыюу салды, буга коопсуздукка күмөн жаратары себеп кылып алынды. Эми караңыз, эгер ушундай окуялардагы аялдар никобчон жүрсө, бейчеки эч жака чыкпаса, мындай кечелерге катышпаса, ушул сыяктуу окуялар болот беле!.. Жана башкысы, никобчон айымдар эч кимге кооп туудура электе аларга тыюу салынды, ал эми, бул “20 жылдык” сыяктуу окуялар себептүү адам өлүмдөрү болуп турат, анда эмнеге буларга тыюу салынбайт. Бул да болсо демократиялык мамлекеттин эки жүздүүлүгүн айгинелейт. Бул өз кезегинде төмөнкү мисалга окшойт, үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салынды, ага айрым адамдардын нааразылыгы себеп кылып алынды. Бирок, ушул эле учурда, арак өндүрүүгө, пайдаланууга тыюу салынбайт. А негизи, арак себептүү канча адам өлүп жатат, канча бүлөлөр талкаланып-кыйрап жатат, канча бузукулуктар жайылып жатат…
Демек, мусулман эркектер аялдарын кантип кызганышын билүүлөрү керек, ал эми мамлекет болсо, мындай даюстук иш-чараларды тыюусу керек.
Росулуллох с.а.в. “… даюс жаннатка кирбейт” деди. “Я Росулуллох, даюс ким?” деп сурашты. Ал зат с.а.в.: айтты: “Ахли-аялынын алдына кимдер кирип-чыгышына көңүл бурбай турган адам”, – деди.
Даюс – бул өз ар-намысын коргой албаган, коргомок түгүл, аны кызгана албаган, ариет-намысы тапталышына, тебеленишине макул болгон адам. Даюс – өз ар-намысы болгон энесин, ахли-аялын, эже-карындашын, кызын о.э. жалпы муслима эже-карындаштарын башкалардан кызгана албаган, алардан жаман иш садыр болсо, ага унчукпаган, аларды башкалардын жамандыгынан коргой албаган кимсе.
Эй мусулмандар, даюс болбой, гойюр болгула! Гойюр ким дейсизби, ал – даюстун тескериси!
Абдулхакийм Караханий