Италия менен Испания Сумуд флотилласын коргоо үчүн аскердик кемелерин жөнөттү

Италия менен Испания Сумуд флотилласын коргоо үчүн аскердик кемелерин жөнөттү
Италия Газага гуманитардык жардам жеткирип бараткан эл аралык флотилланы коргоо үчүн аскердик кемесин жөнөттү. Бул тууралуу коргоо министри Гвидо Гросетто билдирди. Кербенди коштоо үчүн Испания да согуш кемесин жөнөтүүнү чечкен.
Буга чейин “Global Sumud Flotilla” деп аталган миссияга кирген 52 кемеден турган кербен яхудий түзүмүнүн дрон чабуулуна туш болгон. Кампанияга бир катар укук коргоочулар, адвокаттар менен активисттер, арасында климатты коргоо аракеттери менен таанылган швециялык Грета Тунберг катышууда.
“израил”дин Газадагы блокадасын бузуп өтүү максатында жолго чыккан эл аралык Сумуд флотилласына 52 кеме катышууда. Учурда кемелер Газага 850 чакырым алыстыкка жеткени кабарланды. Кемелер сентябрь айынын аягында Газага жетиши күтүлүп жатат. Ыктыярчылар камоо алдындагы палестиналыктарга азык-түлүк жана дары-дармектерди жеткирүүнү жана гуманитардык жардам үчүн коридор ачууну максат кылууда. Кемелер жолго чыккандан бери яхудийлердин 3 жолку чабуулуна кабылды. Мындан улам, Испания менен Италия өз жарандарын коргоо үчүн аскердик кемелерин жолго чыгарууда. Ал эми, Аллах Таала бир үммөт кылган, Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир тууган кылып жарыялаган мусулман өлкөлөрүнүн аскердик кемелери кайда? Газада жардам кыйкырыктарын жаңыртып жаткан мусулмандарды баскынчы яхудийлердин зулумунан ким куткарат?