Кабар

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайды

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,6 млрд кубометрге аз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов билдирди. Жыйында, депутат Мирлан Самыйкожо Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу суроо салды. Министр бул маалымат сыр сакталарын айтып, суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 1,6 млрд кубометрге аз экенин белгиледи. Ал кыш мезгилине чейин суунун көлөмүн талап кылынган деңгээлге чейин чогултуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Талап кылынган көлөмдө суу чогулган учурлар болгонбу деген суроого министр: «Болгон. Акыркы үч жылда кургакчыл болуп жатат, ошондуктан (суунун көлөмүн талап кылынган көлөмдө) сактай албай жатабыз», – деди.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын май айынан бери Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалыматтар сыр сакталып келет. Мунун бирден-бир себеби суу сактагычтагы суунун сатылышына каршы калктын нааразылыгын алдын алуу.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button