Кабар
Францияда жаштар арасында Исламды колдогондор көбөйүүдө

Францияда жаштар арасында Исламды колдогондор көбөйүүдө
Францияда Исламга каршы катаал мыйзамдар кабыл алынып, чектөөлөр күчөгөнүнө карабай, мусулмандардын саны өсүп жатат. Изилдөөгө ылайык, мусулман жаштарынын 57 %ы айрым тармактарда шариат француз мыйзамдарынан үстөм болушу керек деп эсептешет. Бардык мусулмандар арасында бул көрсөткүч 46 %га жетет, алардын 15 %ы шариятты толук колдонуунун тарапкери. Изилдөө динди кармануу ХХ кылымдын акырына салыштырмалуу кескин өскөнүн көрсөтүп турат. 1998-жылдан тартып 2025-жылдар аралыгында мусулмандардын мечиттерге баруусу 7 %дан 40 %га, Рамазан айында орозо кармоо 51 %дан 83 %га өскөн/ Ал эми 25 жашка чейинки мусулмандар арасында спирт ичимдигин ичүү 30 %дан 12 %га кыскарган.




