Хаменеи: Аймактагы маанилүү америкалык базаларга жетүүгө кудуреттүүбүз

Хаменеи: Аймактагы маанилүү америкалык базаларга жетүүгө кудуреттүүбүз
«Аль-Арабия» сайты 2025-жылдын 12-июлунда, АКШ яхудий түзүмүн Иранга каршы акыркы чабуулун колдогонун, ал тургай түздөн-түз аскерий операцияга катышканын жазды. Мындан улам, Ирандын жетекчиси Али Хаменеи билдирүү жасап, ишемби күнү «Икс» платформасында өз өлкөсү каалаган убакта аймактагы маанилүү америкалык базаларга жетүүгө кудуреттүү экенин айтты.
Ал Америкага тиешелүү Аль-Удейд аскер базасына жасалган чабуулду «чакан окуя эмес, кайталап жасала турган чоң сокку» деп мүнөздөдү. Бирок Иран көптөгөн америкалык аскер базаларына олуттуу сокку урууга мүмкүнчүлүгү болгону менен мындай аракеттерге барган жок. Анын ордуна Аль-Удейд базасына символикалык гана сокку урулуп, ал тургай, бул чабуул тууралуу АКШ алдын ала кабарланганы үчүн Трамп «ыраазычылык билдирип» кабыл алды!
Иран базанын чатырына ракета тийгенин чоң жетишкендик катары эсептейт. Ал эми Трамптын айтымында, Америка Фордоу, Исфахан жана Натанздагы объекттерге жасаган соккулар бул жайларды олуттуу түрдө кыйраткан.