Яхудий армиясы Газага гуманитардык жардам жеткирип бараткан кемелерди кармады

Яхудий армиясы Газага гуманитардык жардам жеткирип бараткан кемелерди кармады
Яхудий армиясы Газага гуманитардык жардам ташып бараткан глобалдык флотилланы кармады. Кемелердин бири тоскоолдуктарга карабастан жолун улантууда. Бул тууралуу 3-октябрда AFP басылмасы гуманитардык жардамга катышып жаткан активисттерге таянып кабарлады.
Акцияга 40тан ашуун катер жана жел кайык менен жүздөгөн киши, арасында активисттер жана саясатчылар катышууда. “Израилдин“ аскер-деңиз флотунун кемелери бир нече кемени токтотконун 1-октябрда билдирген.
Кармалгандардын арасында 20 журналист бар болгонун Чек арасыз кабарчылар уюму билдирди. Жалпысынан 14 кеме токтотулган, 23 кеме жолун улантууда.
2-октябрда бир нече өлкөдө баскынчы яхудийлердин мындай мамилесин айыптаган нааразылык акцияларын өткөрүштү, ага каршы чара көрүүнү талап кылышты. Мусулман өлкө башында тургандардын кайдыгерлиги жана аракетсиздиги айыпталып, Аллага ыйман келтиргендер эч качан жоготууга учурабай турганы айтылды.
“Алгачкы күндөрдөн тарта Аксо мечитин куткарып Салахуддин болуу мүмкүнчүлүгүн колдонушпады. Сумуд флотилласы жолго чыкканда, Салахуддин боло албасаңар Барбаростун ишин уланткыла дедик. А бирок, бул жетекчилер маселени яхудийлердин коргоочусу БУУ жана эл аралык уюмдарга тапшырды” деди диний ишмер Абдуллах Имамуулу.