Өзбекстан – жаңы америкалык аскердик долбоордун мүчөсү

Өзбекстан – жаңы америкалык аскердик долбоордун мүчөсү
2025-жылдын 20-21-майында Венгриянын борборунда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинен мурдараак, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бири – Өзбекстан жаңы аскердик долбоордун мүчөсү болду. («Новая газета» 21.05.2025).
Долбоор «Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы союздаштык мамилелер алкагында пайда болуп, “Шуши декларациясы” деп аталат. Мындай аталыш 2020-жылы Азербайжан Түркиянын жардамы менен Армениядан кайтарып алган Карабахтын борбору Шуши шаарынын урматына коюлган.
Бул долбоор 2021-жылы Карабахтын толук бошотулушунан жана Армениянын куралдуу күчтөрүнүн капитуляциясынан кийин Түркия жана Азербайжан тарабынан уюштурулган. Декларациянын бир пунктунда, эгерде үчүнчү мамлекет же бир нече мамлекеттер тарабынан көз карандысыздыкка, суверенитетке, аймактык бүтүндүккө жана чек аралардын коопсуздугуна коркунуч же агрессия болсо, «тараптар бири-бирине БУУнун Уставына ылайык зарыл болгон жардамды көрсөтүшөт» деп жазылган.
Россия Украинага кол салгандан кийин жана бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан кыйынчылыктарга туш болгондон кийин, АКШ Түркия жана Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) аркылуу Борбордук Азияга жаңыча таасир этүүгө аракет кылып, Россияны ал жерден сүрүп чыгарууга аракет кылууда. Анткени Борбордук Азия Россиянын таасири алдындагы аймак болуп саналат.
Түркия менен Азербайжан ортосундагы «Шуши декларациясын» аскердик союзга окшош долбоор деп сыпаттоо туурараак болот. Эми болсо бул декларацияга АКШнын таасирине көбүрөөк кирип бараткан Өзбекстан келип кошулду жана декларацияга кол койгон Борбор Азия өлкөлөрүнүн алгачкысы болуп калды. Өзбекстан Россиянын жетекчилигиндеги Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ОДКБ) мүчөсү болгон, бирок 2012-жылы анын мүчөлүгүнөн чыгып кеткен.
Долбоордун юридикалык статусу жөнүндө айта кетсек, «Шуши декларациясы» толук кандуу аскердик келишим эмес, бирок Россиянын алсыздыгына байланыштуу келечекте аскердик макамга да ээ болушу мүмкүн.
Өзбекстан бул саясий бурулушту жумшартууга аракет кылып, Россиянын жарандарына ички паспорт менен өз өлкөсүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк берди. Өзбекстан жана Борбор Азиядагы башка мусулман өлкөлөрү Россиянын таасиринен канчалык алыс кетери, Россия менен Украина ортосундагы согуштун натыйжаларына байланыштуу болуп, балким, Европадагы эл аралык тартипти гана эмес, Борбор Азиядагы тартипти да өзгөртүп жибериши мүмкүн.
Бектурсун Азык