Комментарий
Trending

Америка «Израилди» үстөм күч катары алга сүрүүдө

Америка «Израилди» үстөм күч катары алга сүрүүдө

Американын Ливан жана Сириядагы чабарманы Томас Баррак: «Силер «Израил» Иранга эмне кылганын көрдүңөр, «Израилдин» Иранга душмандыгы башка өлкөлөргө сабак болушу керек»,-деп билдирди. Ал учурда Жакынкы Чыгыштагы саясатта «Израил» өкүмдар күч экенин, «Ибрахим келишими» «баары кошулушу керек болгон жол» экенин баса белгиледи. Томас Баррак Түркия менен «Израил» ортосунда согуш болушу мүмкүн эмесин айтып: «Альянс Кара деңизден тартып Жер ортолук деңизге чейин созулат», – деди. Ошондой эле, ал эгер Газада абал турукташса, «Израил» менен Түркия соода келишимин түзүшү мүмкүн экенин билдирди.

BURANA: Америка «Израилди» Жакынкы Чыгыштагы эң чоң күч катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок, бул жалган үгүттөн башка нерсе эмес. Себеби, «Израил» жасалма күч, ошондой эле жасалма мамлекет. Эгер, «Израил» кубаттуу болгондо кымындай жерде, ага кошумча блокадада турган жер – Газадагы бир ууч мусулмандарды оңой эле жеңмек. Тескерисинче, Газадагы бул эр жүрөк мусулмандар «Израилдин» тамтыгын чыгарып, бүткүл дүйнөгө сабак боло турган кайратты көрсөттү. Демек, бир ууч мусулмандарга каршы тура албаган «Израил» бүтүндөй бир өлкө менен чыныгы согушка кире албайт.

Ал эми, Түркия менен «Израил» жана «Ибрахим келишимине» келсек, Түркия «Израилди» террорист мамлекет деп атаса да, башка мусулман өлкөлөрү сыяктуу эле аны менен жакшы мамиледе болуп келет. Башкача айтканда сөзүндө «Израилди» кескин сындап, бирок амалында ага жакшы мамиле кылат. Ал эми АКШ алга сүрүп жаткан «Ибрахим келишими» «Израилди» мусулман өлкөлөрүнүн кучагына киргизип, мусулман өлкөлөрүнө боордош мамлекетке айлантат. Мурун «Израил» менен достугун жашырып келген мусулман өлкөлөрү эми «Ибрахим келишимин» шылтоолоп бул достугун ашкерелегенге шарт жаралат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button