Дамаск яхудий түзүмү менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө!

Бисмиллахир-Рахманир-Рахим
Дамаск яхудий түзүмү менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө!
АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Томас Барак «Аль-Жазира» телеканалына берген маегинде мындай деди: учурдагы Сирия бийлиги бардык маселелер боюнча (Израил) менен тынч сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Барактын айтымында, Сириянын президенти Ахмад Шара жетектеген өкмөт яхудий түзүмү менен согушууну каалабайт жана ал өз маегинде Сириянын жаңы жетекчилигине мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын белгиледи. Эске салсак, азыркы АКШ администрациясы, өзгөчө өткөн 13-майда Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда президент Дональд Трамп менен Ахмад Шара жолуккандан кийин Дамаскка карата ачык мамиле жасап жатканын байкоого болот. (Аль-Жазира, 27.06.2025)
Комментарий:
Ахмад Шара өкмөтү менен Исра жана Мираж жерин басып алган яхудий түзүмүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу кабарлар кеңири тарады. АКШнын атайын өкүлү буларды «тынч сүйлөшүүлөр» деп мүнөздөдү. Ал эми Шара өкмөтү бул кабарларды четке каккан жок. Тескерисинче, буга чейин Ахмад Шаранын өзү да мындай сүйлөшүүлөрдү тастыктаган билдирүүлөрдү жасаган. Мисалы, 2025-жылдын 31-майында «Arabi21» сайтына берген маегинде ал: «Бизде жана яхудий түзүмүндө жалпы душмандар бар, керексиз жардыруу, бомбалоо жана өч алуу доору аякташы керек, биз региондун коопсуздугунда негизги ролду ойной алабыз» деген. Ошондой эле, «Аль-Жазира» 2025-жылдын 28-июнунда яхудий түзүмүнүн тышкы иштер министринин мындай деген сөзүн берген: «Эгерде Голанд дөңсөөсү биздин карамагыбызда калуу шартында Сирия менен тынчтык келишимин же нормалдашуу келишимин түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралса, бул “Израил”дин келечеги үчүн оң кадам болот». Ал эми яхудий түзүмүнүн «i24» каналынын сайты сириялык бир булакка таянып билдиргендей, яхудий түзүмү менен Сирия 2025-жылдын аягына чейин тынчтык келишимине кол коюп, эки өлкө толук кандуу дипломатиялык мамилелерди орнотууну көздөп жатат.
Яхудий түзүмү менен кандай гана шартта болбосун, кандай гана жүйө менен болбосун, тынчтык келишимин түзүү — бул эң чоң кыянатчылык. Алар Газага дээрлик эки жылдан бери геноциддик согуш жүргүзүп жатышкан учурда, жакында эле Ливанды бомбалап, түштүгүн талкалап, Иранга каршы согуш ачып, окумуштууларды жана аскер жетекчилерин өлтүрүп, эл жашаган имараттарды кыйратып, үммөттүн байлыктарын, өзөктүк объектилерин жана башка инфраструктураларын жок кылып жатышкан кезде мындай келишимге кол коюу эң чоң күнөө жана кыянатчылык. Ал тургай, Сирия өзү да яхудий түзүмүнүн кол салууларынан аман калган жок. Алар аскердик учактарды, курал кампаларын талкалап, жаңы режимге эч нерсе калтырган жок. Андай болсо, кантип Ахмад Шара ушул зөөкүр, жамандык жайылткандар менен сүйлөшүү өткөрүүнү ойлой жатат?! Алардан адамдар да, бак-дарактар да, таштар да аман калган жок!
Мындан тышкары, адаттагыдай эле, яхудий түзүмү ар дайым эч нерседен баш тартпаган “тынчтык” каалашат, тескерисинче, ар дайым каршы тарапты өз шарттарына моюн сунууга мажбурлашат! Мына, алар Сирия менен тынчтык келишимине жетишүүнүн шартын коюп жатышат: Голанд аймагы алардын колунда калууга тийиш. Ахмад Шара бул кылмышка макул болобу?! Пайгамбарларды өлтүргөндөр менен кандай гана келишим түзбө, шариат боюнча арам болот. Голанд дөңсөөсү кайтарылса да, жөөттөт Исра жана Мираж жеринин баскынчылары бойдон кала берет. Алар менен жүргүзүлүшү керек болгон жалгыз аракет — жалпы жихад жарыялоо жана бардык тараптан чабуул коюп, Палестинаны толугу менен бошотуу жана алардын бузукулугунан тазалоо.
Чындап эле уят! Бир кезде шариатты орнотууну талап кылган, диндин үстөмдүгүн жактаган адамдар бүгүнкү күндө үммөттүн душмандары болгон америкалыктар жана яхудийлер менен тынчтык келишимине жетүү максатында жолугушууларды өткөрүп жатышат. Алар буга чейин эле Башар Асаддын кылмыштуу режимин колдоп, ага химиялык жана башка куралдарды берип, Сирияны талкалап, элин кыргынга учуратууга көмөктөшкөн. Эми кантип Ахмад Шара мунун баарын унутуп, бүгүн алардын кол куурчагына айланууну кабыл алат?! Яхудийлерге тынчтык керек эмес, аларга чек араларын коргоп берчү кароолчулар жана өз элин алар үчүн өлтүргөн кулдар керек! Эгер бул ишке ашса, анда Ахмад Шара менен Асаддын эмне айырмасы калат?!