Комментарий

ЕАЭБдин он жылдагы “жетишкендиги”

ЕАЭБдин он жылдагы “жетишкендиги”

14-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды. Анда жалпысынан 20 маселе каралат.

Жыйындын негизги темасы мунай жана газдын жалпы базарын түзүү жөнүндө болоору айтылды. Мындан тышкары, ЕАЭБ алкагында транспорт саясатын өркүндөтүү, логистиканы жакшыртуу, Кытай менен темир жол ташууларын санариптештирүү маселелери бар.

Комментарий:

2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине расмий түрдө мүчө болуп кирген. Уюмга киргенден кийин өлкө жетекчилиги товарлар тоскоолдуксуз экспорттолуп, экономика, өнөр жай өсөөрүн, Орусияда иштеген мигранттар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөрүн убада кылган.

А бирок, Путиндин ЕАЭБди түзүүдөн көздөгөн негизги максаты, уюмга мүчө мамлекеттерди Россияга бекем байлап алуу жана өз кызыкчылыгы жолунда пайдалануу болгон.  Анткени, уюмдун мыйзам жана нормаларын Россия белгилейт. Мисалы, ЕАЭБ келишими боюнча бардык мүчөлөр ортосунда товарлар, кызматтар, капитал жана эмгек тармактарында айырбаштоо эркиндиги о.э. соода, энергетика, өнөр-жай, айыл-чарба жана транспорт тармактарында макулдашкан абалда саясат жүргүзүү кепилденген. А бирок, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн экспорттолгон товарлар ар дайым ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп келүүдө. О.э. келишимде көрсөтүлгөн “биримдиктин ичинде жумушчу күчүнүн эркин аракеттениши жана эмгек мигранттарына берилүүчү жеңилдиктер” кагазда калып кетти. Россия тескерисинче, Орто Азия мамлекеттерине басым өткөрүү үчүн болор-болбос шылтоолор аркылуу жыл сайын мигранттарга карата кысымды катаалдатып барууда. А түгүл, Москвага учуп барган кыргызстандыктар түрдүү шылтоолор менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган окуялар миңдеп саналат. Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сентябрда 90 миңдей кыргызстандык Орусиядан чыгарылышы мүмкүн экенин эскертти.

Ал эми, кыргыз аткаминерлери ЕАЭБге кирбей калсак Орусиядан мунай кымбат баада сатып алынаарын айтышат. А бирок, чек арада жайгашкан коңшу Казакстан дал ушул Орусиянын басымы себептүү эки эсе арзан мунайын бизге эмес башка өлкөлөргө экспорттоп келет. Демек, ЕАЭБге мүчө болуу кыргыз бийлигинин күнкор саясаты болгон жана анын азабын карапайым калк жон териси менен тартып келүүдө.

Нурдин Асаналиев 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button