Комментарий

Жапаров Батышты сынга алды

Жапаров Батышты сынга алды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШнын Кыргызстандын банктарына киргизген санкцияларын далилсиз жана экономиканы саясатташтыруунун көрүнүшү деп атады. Президенттин айтымында, АКШ да, Улуу Британия да кыргыз банктары Россияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатат дегенге фактыларды келтиришкен жок. Бардык операциялар орус рублу менен мамлекеттик «Керемет Банк» аркылуу гана жүргүзүлөт, бул санкциялык тобокелдиктерден качуу үчүн жасалат. Банктын кирешеси бюджетке түшөт. Ошо сыяктуу эле «Капитал Банк» да таза кирешесин казынага өткөрүп турат.

Кыргызстан «Керемет Банк» менен «Капитал Банкты» текшерүү үчүн көз карандысыз аудиторлорду тартууну сунуш кылган, бирок АКШ макул болгон жок. Жапаровдун пикиринде, санкциялар жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын жана душмандарын жалган жалаасына негизделген. Анын айтымында, санкциялардын себеби — Кыргызстандын экономикасы өсүп жаткандыгында (Ички дүң продукт +11,7%), ал эми ири державалар өлкөнүн тез өнүгүшүн каалабайт.

Кыргыз президенти Дональд Трампка (АКШ) жана Кир Стармерге (Улуу Британия) кайрылып, Кыргызстан жыл сайын Англияга 1 млрд долларлык алтын сатып келерин белгиледи жана банктарга каршы мындай чаралар адилетсиз экенин айтты. Жапаров санкциялар Россияны кыйраткан жок, тескерисинче анын өндүрүшүн жана экспортун стимулдаштырды деп кошумчалады. Европа Биримдиги жана Улуу Британия өздөрү дагы Россия менен миллиарддаган долларлык соода жүргүзүп жатышат, ошондуктан Кыргызстан да өз муктаждыгы үчүн ал өлкө менен кызматташууга укуктуу.

Президент Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин сактап келерин жана мындан ары да сактай турганын, бирок жарандардын жана экономиканын кызыкчылыктарына доо кетирүүгө жол бербесин белгиледи. Ал санкцияларды өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атады.

Комментарий:

Чынында санкциялар көп учурда ачык иликтөөлөрдүн негизинде эмес, чалгындоонун жана шек-күмөндүн негизинде киргизилет. Адатта Батыш өлкөлөрү далил базасын ачып бербейт (маалымат булактарын жашыруу үчүн). АКШ жана Улуу Британияда финансылык чалгындоо маалыматтары болушу мүмкүн (мисалы, корреспонденттик эсептер аркылуу жүргүзүлгөн которуулар жөнүндө), бирок аларды ачык жарыялашпайт.

Санкцияларга карабастан, Европа өлкөлөрү жана Улуу Британия Россия менен соода жүргүзүп жатат (санкцияга кирбеген товарлар боюнча). Бул жерде президент чын эле карама-каршылыкты көрсөтүп жатат — державалар башкалардан Россия менен байланышты чектөөнү талап кылат, бирок ошол эле учурда өздөрү экономикалык мамиледерди толугу менен үзүп койбойт.

Кыргызстан үчүн мигранттардын Россиядан жөнөткөн акчалары өлкөнүн үлкөн киреше булагы болуп саналат. Бул каражаттарга жетүүнү чектөө биринчи кезекте калкка зыян алып келет. Мындан Россиянын экономикасы зыян тартпайт.

«Санкциялар Россияга өндүрүштү өнүктүрүүгө жардам берди» дегенге келсек, бул жалпылашкан пикир. Ооба, Россия айрым бир тармактарда түздөнүп алды, бирок ошол эле учурда технологиялык обочолонууга, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине жана инвестициялардын азайышына кабылды. Кыргызстан сыяктуу кичинекей экономика үчүн мындай санкциялар кыйла оор тийиши мүмкүн.

Ички дүң продукциясы өстү дегени дайыма эле туруктуу жана сапаттуу өсүштү билдирбейт. Кыргызстанда өсүштүн чоң бөлүгүн мигранттардын которуулары жана реэкспорт (айрыкча Кытай товарларын Россия аркылуу экспорттоо) камсыз кылууда. Бул өсүш алсыз жана дайыма эле ички экономиканын күчүн чагылдырбайт. Ошондуктан санкциялар «тез өнүгүүгө болгон көрө албастык» үчүн салынды деген ой бул – саясий риторика, жана экономикалык вокыйды чагылдырбайт.

Бектурсун Азык

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button