
Камактан куткаруучу башчысы жок туткун аялдар
سم الله الرحمن الرحيم
Жаңылык:
Палестинанын «Асир» клубу баскынчы түзүм 49 палестиналык аялды, алардын арасында Газанын өзүнөн эки кыз жана бир туткун аялын кармап турганын билдирди. Алар баскынчы түзүмдүн түрмөлөрүндө жана тергөө борборлорунда уюшкан жана системалуу кысымдарга туш болууда. Клуб өз билдирүүсүндө «Палестин аялдарынын улуттук күнү» деп аталган датага карата белгилегендей, бул кылмыштардын масштабы 2023-жылдын 7-октябрында башталган геноциддик согуштан бери мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Бул согуш палестин элинин тарыхындагы эң кан төгүлгөн этап болуп, анын оор издери бүгүн да туткун аялдардын абалына терең таасир этүүдө.
Комментарий:
2023-жылдын 7-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин Батыш жээкте, Иерусалимде жана 1948-жылы басып алынган жерлерде 595тен ашык аялды камакка алуу фактылары катталган. Ал эми Газадан кармалган аялдардын так саны белгисиз. Согуш маалында аялдарды туткунга алуу саясаты кооптуу деңгээлде күчөдү. Баскынчы бул ыкманы аял туткундардын үй-бүлө мүчөлөрүнө басым жасоо, аларды өз ыктыяры менен өзүн тапшырууга мажбурлоо үчүн колдонууда. Бул саясатка камактагы жана шахид болгон эрлердин аялдары, жетим балалуу энелер, жетимиш жаштан ашкан кары аялдар да туш болуп жатышат. Аялдарды кармоо үй-бүлөлөрдүн үй-жайларын талкалоо, мүлктөрүн тартып алуу, балдарды коркутуу жана аял туткундарды күйөөлөрүн же уулдарын өлтүрүү менен шантаждоо сыяктуу ырайымсыз аракеттер менен коштолууда.
Геноциддик согуштан кийинки мезгил аял туткундардын абалына тамырынан өзгөрүү алып келди, азаптоо деңгээли да, ырайымсыздык да мурда болуп көрбөгөндөй күчөдү. Аялдардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, алар жашоого жараксыз, кир жана жыты жаман камераларда кармалып, бул жерлерге кайра-кайра басып кирүү, жылаңачтап тинтүү, кишен салуу, сабоо, сексуалдык кысым жана зордуктоо менен коркутуу, түрмө аянттарына маскаралык абалда алып чыгуу, кордоочу позаларга мажбурлоо сыяктуу зомбулуктарга туш болууда. Аларга бузулган тамак, колдонууга жараксыз эски төшөнчүлөр берилүүдө. Аялдардын эң жөнөкөй муктаждыктары — гигиеналык каражаттар жана кийимдер — жаза куралына айландырылган. Мындан тышкары, жайында желдетүүдөн, кышында жылытуу каражаттарынан ажыратылып, үй-бүлө мүчөлөрү жана адвокаттары менен жолугушууга тыюу салынууда. Айрым аял туткундар толугу менен обочодо кармалып жатышат, бул тууралуу мурда бошотулган жана учурдагы туткун аялдардын далилдүү көрсөтмөлөрүндө айтылат.
Бул этаптагы камоолордун негизги себеби, пикир эркиндиги же басып алуучунун «социалдык тармактар аркылуу козутууга чакыруу» деген жалаасы болуп саналат. Азыркы учурда аял туткундардын көбү дал ушул айып боюнча кармалган, алардын ичинен 12си административдик камакта. Башкалары болсо «купуя иш» деген шылтоо менен кармалууда.
Мына ушул аялдарга, балдарга жана эркектерге адамдыкка жат бардык зомбулукту жана азаптоону колдонгон зулум басып алуучу. Ал эми саясий жетекчилер болсо булардын баарын көрүп туруп, дүйнөнү бир нече яхудий туткундар менен алаксытууда, аларга эч кандай жаман мамиле жасалбайт. Булар болуп жаткан учурда саткын бийлик аял туткундарды бошотуу ордуна, аялды жана коомду бузуу пландары менен алек болуп, өзүнүн жана жакындарынын бузукулугун жаап-жашырып, чындыкты айткан адил адамдарды куугунтуктап, алардын үнүн өчүрүү үчүн түрмөгө камап жатат. Алардын бул кысым саясаты яхудийлердикинен эч айырмаланбайт, экөөнүн максаты бир: Палестина маселесин түгөтүү.
Бирок Иззаттуу Аллах Таала Өзүнүн ыйык Китебинде мындай деди:
﴿وَإِذْ يَمْكُرُ بِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِيُثْبِتُوكَ أَوْ يَقْتُلُوكَ أَوْ يُخْرِجُوكَ وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ﴾
«(Эй Мухаммад), каапырлар сени туткун кылуу же өлтүрүү же (Меккеден) чыгарып жиберүү үчүн сага айлакердик кылган чактарын эсте! Алар айла кылышат. Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк». (Анфал: 30).




