
Колумбия президенти араб башкаруучуларынан да ардактуу болду
Жаңылык:
Колумбия президенти Густаво Петронун яхудий түзүмү менен эркин соода келишимин бузууну жарыялаганы маалым болду. Бул яхудий түзүмүнүн Газага карата блокадасын үзүү үчүн жолго чыккан «Сумуд флотунун» кемелерине яхудий армиясы тарабынан жасалган чабуулга жооп катары болгон.
Колумбия президенти X платформасында шейшемби күнү бул тууралуу жазып, бул окуяны «Нетаньяху тарабынан жасалган жаңы эл аралык кылмыш» деп атады.
Ал: «(Израил) менен эркин соода келишимин дароо бузуп жатканымды жарыялайм» — деп, алардан Колумбиядагы дипломатиялык миссиясынын дароо кетишин талап кылды. (Аль-Жазира түз эфири, кыскартылган).
Комментарий:
Бул — мусулман башчыларынын, өзгөчө араб мамлекет башчыларынын жүзүнө чабылган ачуу сокку! Кафир Колумбиянын өкмөтү Палестина жана Газаны колдогон дүйнө жүзүндөгү абройлуу позициясын көрсөттү, ал эми биздин башкаруучуларыбыз Трамптын жаңы планы үчүн кол чаап ыраазычылык билдиришип отурушат, ал планда болсо яхудийлердин гана кызыкчылыктары камтылган.
Колумбиянын президенти жөөттөрдүн эл аралык мыйзамдарды бузуусу үчүн соода жана экономикалык кызыкчылыктарын курмандыкка чалып жатканда, биздин башкаруучуларыбыз өз өлкөлөрүнүн кирешелерин жана мунайзаттарын Газадагы элибизди өлтүрүүдө яхудийлерди колдоп жаткан Америкага жана анын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн Батышка жумшап жатышат, бул кандай гана шермендечилик!
Ошентип, унчукпай турган акыл-эси бар эч бир адамдын Аллахтын алдында жана бардык адамдардын алдында эч кандай жүйөсү жок. Жер жүзүнүн бардык булуң-бурчунан мусулмандар көтөрүлүп, өкүмдарларынын кордугун жана зулумун алып ташташы керек. Алар Аллах Ислам аркылуу иззат тапкан мусулман элдери. Мына ошол рувайбизалар кулап, ордуна Аллах түшүргөн шариат менен башкарган рашид халифанын күнү келет, ошондо биз урмат-сый менен, башты бийик көтөрүп жашайбыз. Ал Аллахтын динин кордукка алдырбайт, жардам сураган мусулман аялды колдоо үчүн дүйнөнү көтөрүп чыгат. Ал жөн гана каралоо жана айыптоо менен гана чектелбейт, тескерисинче, анын иш-аракеттери, каапырдын баласына берген жообу сыяктуу, сөзүнөн мурда амалы болот.
Оо, үммөт жана анын аскерлери, тургула жана Аллахтын динине жардам бергиле, алдыга жүргүлө, жеңдериңерди түрүп, Аллах Таала ыраазы болгон бул иззатты кайтаргыла.