
Кризистердин артынан Американын кулашы жакындап баратат
Ак үй билдиргендей, эгер өкмөттүн иши бир же эки айга чейин токтоп турса, мамлекеттик кызматкерлерге айлык берилбейт. Ошондой эле, президент Дональд Трамп бул жагдайда чараларын күчөтүшү мүмкүн. Мунун алдында Ак үйдүн Бюджет бөлүмү өкмөттүн иши токтоп калуу маселесин жеңип өтүүгө убада берип, мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлерди убактылуу жумуштан бошотуу улантыларын, ал эми аскерлерге жана федералдык коопсуздук кызматкерлерине айлык төлөнө берерин билдирген. (RT Arabic)
Комментарий:
Америкадагы “өкмөттүн жабылышы” деген түшүнүк бул – Конгресстин (Өкүлдөр палатасы менен Сенаттын) өкмөттү каржылоочу мыйзамды (бюджетти) же убактылуу каржылоо чечимин жыл аягына чейин кабыл ала албаганынан улам өкмөттүн ишин токтотуусу.
Мунун механизми мындай, бюджет долбоорун Өкүлдөр палатасы сунуштайт, эгер ал жактырбаса, Сенат карап өзгөртөт. Бирок аны кабыл алуу үчүн 100 добуштун ичинен кеминде 60 добуш талап кылынат. Эгер бул добуш жетпесе же президент кол койбосо, мыйзам Конгресске кайра кайтарылат, бюджет токтойт, өкмөт жабылат.
Мындай өкмөттүн жабылышы мурда 2018–2019-жылдары да болгон. Ал учурда пикир келишпестик Трамптын Мексика менен чек арадагы дубалды каржылоо боюнча сунушуна байланыштуу болгон. Ал дубалдын баасы болжол менен 5,7 миллиард доллар болчу. Бирок Трамп коомдук жана маалыматтык басымдын алдында бул ниетинен баш тарткан.
Бүгүнкү талаш болсо Саламаттык сактоо маселесине байланыштуу, айрыкча “жеткиликтүү кам көрүү мыйзамы” (Affordable Care Act) боюнча субсидияларды узартуу маселесине байланыштуу. Демократтар бул салыктык жеңилдиктерди сактап калуу керек деп талап кылышууда, антпесе эл үчүн камсыздандыруу баасы көтөрүлөт деп кооптонушууда. Ошондой эле, медициналык колдоо программаларындагы мүмкүн болгон кыскартуулардан да чочулашууда.
Республикачылар болсо учурдагы чыгашалардын деңгээлин өзгөртүүгө каршы чыгып, Саламаттык сактоо маселеси бюджеттен өзүнчө каралышы керек деп эсептешет. Эки палатада тең республикачылардын салыштырмалуу үстөмдүгү бар болсо да, алар 60 добуштук чектен өтө алышкан жок.
Белгилүү болгондой, Трамптын саясаты мамлекеттик чыгашаларды олуттуу азайтууга жана айрым федералдык кызматкерлерди кыскартууга багытталган. Мындай шартта бюджетке кошумча каражат бөлүү мүмкүн эмес, натыйжада өкмөт ишин токтотууга аргасыз болду.
Суроо ушунда, эгер бул өкмөттүн жабылышы узакка созулса, эмне болот? АКШ экономикасы оор зыянга учурайт, башкача айтканда, өлкөнүн кирешеси ар бир жума сайын миллиарддаган долларга азаят.
- Дүйнөлүк базарлар да олуттуу түрдө жабыркайт, анткени доллар жана АКШ облигациялары дүйнөлүк каржылык туруктуулуктун негизи болуп саналат.
- Федералдык кызматкерлер менен пенсионерлердин айлык маяналары кечигип, айрымдары жумуштан бошотулат.
- Кредиттик рейтинг агенттиктери АКШнын рейтингин 2011-жылдагыдай төмөндөтүшү мүмкүн.
Булардын баары коомдук нааразылыкты күчөтүп, кризиске себепчи деп эсептелген партияга чоң басым жаралат. Натыйжада саясий кесепет оор болушу мүмкүн. Адегенде жоопкерчилик башкаруучу тарапка – республикачылар менен президентке жүктөлөт. Бул 1995 жана 2018-жылдардагы окуяларды эске салат.
Мындан тышкары, Трамп кээде саясий жактан күтүүсүз жана логикага сыйбаган чечимдерге баргандай. Бул жолу да ички кризистен көңүлдү буруу үчүн Иранга каршы чектелген аскерий операцияга (мисалы, деңиздеги кагылышууларга же анын айрым ядролук объектилерине сокку уруу) барышы ыктымал. Ал мындай аракетти Конгресстин макулдугусуз эле жүргүзө алат. Бул Америка тарыхында кеңири колдонулган ыкма. Ички кысымдан кутулуу үчүн тышкы “душман” түзүү, элди бириктирип, убактылуу “улуттук абал” жаратуу.
Кандай болбосун, АКШнын азыркы ички абалы көп тараптан оор. Бул учурдагы эле эмес, илгертен келе жаткан себептерге да байланыштуу. Башкача айтканда, системанын өзүнүн маңызындагы кемчиликке байланыштуу. Ошондуктан, ар кандай “оңдоо” же “жөндөө” аракети сөзсүз ички же тышкы кризиске алып келет.
АКШ бүгүн борбордук державалык статусун жоготуп бара жаткан өтө кооптуу баскычта турат. Ал бир бүтүн мамлекет катары сакталып, бирок дүйнө үстүнөн көзөмөлүн жоготуп, салыштырмалуу күчтүү бойдон калат же улам тереңдеген кризистер менен социалдык жиптери үзүлүп, ар кандай күчтөгү майда мамлекеттерге бөлүнүп кетет. Бирок кайсы сценарий болбосун, ал кулоо жолуна түшкөн. Бул анын өз колу менен жасаган саясат жана текебердигинин натыйжасы. Эми анын кулоо учуру келип жетти.
Биз Аллахтан тилейбиз, бул кулоо чыныгы ихлас ээлери т.а. Исламды дүйнөгө аны менен кайра жашоо үчүн эмгектенип жаткан калыс адамдардын колу менен болсун. Алар дүйнөнү куткара турган жалгыз мабда Исламды, анын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелесин.
Аллах Таала айтат:
﴿وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا أَنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ خَيْرٌ لِّأَنفُسِهِمْ إِنَّمَا نُمْلِي لَهُمْ لِيَزْدَادُوا إِثْمًا وَلَهُمْ عَذَابٌ مُّهِينٌ﴾
“Каапыр болгон кишилер аларга берген мөөнөтүбүздү эч качан өздөрү үчүн жакшылык деп эсептешпесин! Тескерисинче биз аларга жалаң күнөөлөрүн ашыруулары үчүн гана мөөнөт беребиз. Алар үчүн кор кылуучу азап бар”. (Али Имран: 178).




