Комментарий
Trending

Кыргызстанда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар өсүп жатат

Кыргызстанда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар өсүп жатат

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө баалар жана тарифтер жогорулап жатат. Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган.

Кыргызстанда инфляция жыл ичинде 8,4 пайызды түзгөн. Ал эми, азык-түлүктүн баалары 9,9%га кымбаттаган. Ал эми, ЕАЭБде инфляциянын орточо деңгээли 2025-жылдын июнь айында 9,4 %га чейин жогорулаган. Ал эми өткөн жылдын июнь айында бул көрсөткүч 8,2%ды түзгөн.

Комментарий:

Жогорудагы расмий көрсөткүчтөр менен реалдуу жашоо ортосундагы ажырым чоң экени талашсыз. Ошондуктан, инфляцияны калкка салынуучу жашыруун салык десек жа десек жаңылышпайбыз. Инфляция — сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү. Өткөн жылы бир адам 100 сомго алган нерсени бүгүн 200 же андан көп сомго алууга туура келүүдө. Баанын мындай жогорулашы товарлардын чыныгы наркы өстү дегенди билдирбейт, тескерисинче акчанын өзүнүн наркы түшкөнүн көрсөтөт. Бул нарктын төмөндөшү — жумушчулардын, дыйкандардын жана кызматкерлердин эмгегин кыйыр уурдоо менен барабар. Анткени алардын туруктуу эмгек акысы убакыт өткөн сайын өз наркын жоготот. Батыштын экономисттери инфляцияны “жашыруун салык” деп аташкан. Анткени мамлекет чыныгы байлык менен камсыздалбаган акчаны басып чыгарып же анын наркын атайылап түшүрөт, натыйжада элдин акчасынын баасы төмөндөп, алардын эмгеги жана тер төгүп тапкан байлыгы абага учуп кетет.

Мунун каршысында, Ислам акча маселесин мурунтан чечип койгон, ал алтын менен күмүштү акчанын негизи кылган. Динар менен дирхам көп кылымдар бою Ислам мамлекети үчүн мыйзамдуу акча бирдиги болуп келген жана дүйнөлүк соода менен гүлдөп-өсүү мезгилдеринде да баанын туруктуулугун сактап турган. Демек, шариат акчаны өкмөттөр же дүйнөлүк борбордук банктар каалагандай басып чыгара турган кагаз эмес, өзүндө ички наркы бар чыныгы мүлк болушун талап кылат. Мына ушундай гана система инфляциянын тамырын кыркат жана үммөттүн байлыгын уурдоодон коргойт. Бул үчүн төмөнкү иштер талап кылынат:

Биринчиден: камсыздоосу жок кагаз акчаларды жоюп, алтын жана күмүштү же аларга тең кагаз ордун басуучу акчаны мамлекеттин расмий валютасы катары кабыл алуу.

Экинчиден: рибаны толук тыюу менен, өлкөлөрдү карыз жана инфляция сазына батырып жаткан пайыздык карыз системасын түп-тамыры менен жок кылуу.

Үчүнчүдөн: Халифалык мамлекетти кайра орнотуу. Ал экономикада да, башка тармактарда да шариат өкүмдөрүн жүзөгө ашырып, өлкөлөрдүн эл аралык институттарга жана колонизатор мамлекеттерге болгон көз карандылыгын үзөт.

Төртүнчүдөн: байлыкты шариат жолдору менен кайра бөлүштүрүү. Зекет, фай, анфал сыяктуу булактар аркылуу жана үч мүлктүн түрүн (жекече, жалпы жана мамлекеттик) туура жөнгө салуу менен монополияны жана талап–тоноону токтотуу.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button