
Пакистан жетекчилери яхудий түзүмүн таанууга умтулушууда
Жаңылык:
2025-жылдын 18-октябрында Пакистан армиясынын башчысы Асим Мунир Пакистан 1967-жылга чейинки чек аралардын негизинде Иерусалимди көз карандысыз Палестина мамлекетинин борбору кылган “эки мамлекет чечимин” бекем колдоорун ырастады (Tribune).
Комментарий:
Пакистан премьер-министри Трамптын Газа боюнча планын колдогондо, Пакистан мусулмандары анын бул позициясын айыпташкан. Андан соң, 2025-жылдын 3-октябрында тышкы иштер министри Исхак Дар мындай деди: “Президент Трамп жарыялаган жыйырма пункт бизге тиешелүү эмес экенин түшүндүрдүм. Биздин долбоорго өзгөртүүлөр киргизилген. Бул боюнча жазуу түрүндөгү далилим бар. Бирок бул акыркы жыйынтык, саясат жүргүзүүгө орун жок”.
Муну менен Мунир/Шариф режими Палестинанын көбүн яхудий түзүмүнө өткөрүп берүүчү Трамптын акыркы планын кабыл алды.
Мунир/Шариф режими “эки мамлекет чечимин” колдойт. Ал чечимге ылайык Палестинанын көпчүлүк бөлүгү яхудийлерге берилет, муну Ислам таптакыр четке каккан. Мындан тышкары, бул режим Газанын каршылыгын жок кылып, эл аралык туруктуулук күчтөрүн — алардын курамында пакистандык аскерлер да болот — колдонуу аркылуу яхудий түзүмүнүн коопсуздугун камсыздоону камтыган Трамптын планын колдойт.
Пакистан мусулмандары Мунир/Шариф режими Сауд Арабиясы «Абрахам келишимдерге» ылайык яхудий түзүмүн тааныган замат, аны таанууга даяр экенин билишет. 2025-жылдын 17-октябрында АКШ президенти Дональд Трамп мындай деди: “Сауд Арабиясынын кошулганын көргүм келет, ошондой эле башка мамлекеттердин да кошулганын каалайм. Менин оюмча, Сауд Арабиясы кошулган соң, баары кошулат”.
Пакистандагы мусулман бир туугандар! Аалымдарыбыз мурда бизге үйрөткөн: ыйман келтиргенден кийин Ислам жери басып алынганда аны коргоо — эң башкы милдет. Ибн Абидин өзүнүн “Хашиясында” (3/238) мындай дейт:
«Эгер душман Ислам чек арасындагы бир жерге кол салса, ага жакындар үчүн бул жеке фарз болот. Ал эми алардан алыс болгондорго, эгер муктаждык болбосо фарз кифая болот. Бирок эгер жакындар душманга каршы туруштук бере албай калса же жалкоолонуп жихад кылбаса, анда алардын артындагыларына бул намаз менен орозо сыяктуу жеке фарз болуп калат. Ошентип… бул милдет акырындык менен Ислам дүйнөсүнүн чыгышынан батышына чейин баарына тиешелүү болуп калат».
Ошондуктан биз яхудий түзүмүн таануудан баш тартып, мусулмандардын аскерлерин топтоп, мубарак жер Палестинаны жана Масжид аль-Аксаны бошотуу талабын бекем кармообуз керек.
Эй, Пакистан армиясынын жоокерлери!
Расмий адамдардын бул шылдың сөздөрү яхудий түзүмүн мыйзамдуу деп таанып, анын бар болушун жана коопсуздугун табигый көрүнүш катары көрсөткөнү үммөттүн сөзү эмес. Үммөт аны эч качан колдобойт. Бул колонизаторлорго байланып, алардын долбоорлорун жайылткан режимдердин сөзү. Силер анын жерлерин жана абийирин коргойбуз деп ант ичкен, силер анын бир бөлүгү болгон үммөт болсо, бул түзүмдү ачык жана катуу четке кагат, аны баскынчы душман катары көрөт. Аны менен жашоого да, келишим түзүүгө да болбойт. Ага каршы согуш кылып, тамыры менен жулуп салуу фарз.
Ошондуктан силерге түшкөн шаръий милдет диниңерди, үммөтүңөрдү жана ыйык нерселериңерди коргоо үчүн аракет кылуу, саткын бийликтерге баш ийүүдөн баш тартуу жана үммөттүн чыныгы душманына каршы курал көтөрүү. Ошондо ата-бабаңар сыяктуу жеңиш тарыхын силер да жазасыңар.
Аллах Таала айтты:
﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا﴾
«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл»,- деп жаткан эркектер, аялдар ошондой эле балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!» (Ниса: 75).
Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу




